Россия кемеси Сирияга баратканы аныкталды

321
0

Түркия ММКлары Сирияга бараткан, бортунда танкалар болушу мүмкүндүгү күмөндөлүп жаткан Россия кемеси тууралуу кабар таркатты. Россиянын КИЛ-158 кемеси Истанбулдагы кысыктан өтүп, Мармара деңизине карай жол алган. Бул тууралуу Hurriyet газетасы да кабар басып чыкты.

Гезиттин маалыматына караганда, кеме 8-майда жергиликтүү убакыт менен саат 8:30дарда байкалган. О.э. бул газета өз сайтына Истанбул жанынан өтүп бараткан кеме тартылган видеороликти да чыгарды. Видеодон кеменин атын көрүүгө болот. Газетанын тастыкташынча, кеме палубасында чүмбөт-чүпүрөк астында эки танк бар болгон.

Коопсуздук чараларына ылайык, бул кемени Түркиянын жээкти коруктоо кызматынын кемеси жана полиция вертолёту узатып барган.

Түркистон:

  Россия өз өлкөсүнө алып кирилип жаткан Түркиянын помидорлоруна чейин тыюу салып койду. Түрк ишканаларын, а түгүл жеке соодагерлерге чейин кууп чыкты.

 Түркия болсо, Босфор жана Дарданелл кысыгынан (Истамбул жана Чанаккале кысыгы) Сирияны кыйратып жаткан куфр күчтөрүнүн баарын өткөзүп жатат. Алардын ичинде орус аскерий күчтөрү да бар. Алар азыр Сириянын кезектеги шаары Халабды урандыга айландырышууда.

Түркия өкмөтү бу кысыктарды толук көзөмөлдөй албайт. Ал бүткүл дүйнөлүк куфр системасынын мусулмандарга каршы глобалдуу уюшкан коалициясында активдүү иш алып барып жатат. Болбосо, АКШ Түркияны да Сирия сыяктуу Россия аркылуу кыйратып жиберүү менен коркутат. Эрдогон болсо, АКШга таянды. Ал а түгүл, куфр кызыкчылыктарын коргоп бериш үчүн Түркияда исламий чөйрө пайда кылды. “Мээлүүн (умеренный) Ислам” наамы астында куфр менен Исламды аралаштырып жиберген бу кайры исламий багыт Түркия мусулмандарын абдан алсыратып баратат. Бул чалгытуучу долбоор мусулмандардын куфрга карата кыжырданууларын башка тарапка, балким, өз бир туугандарына карай буруп жиберүүгө негизделген. Эгер ушул долбоор боюнча күчтүү тарбиялык иштер алып барылбаганда, Түркия мусулмандары эч болбоду дегенде өз жетекчилерин мухасаба кылууну күчөтүшкөн болор эле.

“Мээлүүн Ислам”долбоору мусулмандарды таптакыр “реалисттерге”айландырып коёт. Муну менен мсулмандар, Исламды куфрдун учурдагы башкаруусу астында, ал тургай, анын колу менен коргоо тууралуу ойлой башташат. Бул ишти Эрдогон сыяктуу диний фигуралар жана исламий уламалар амалга ашырып беришпесе, куфр дүйнөсү түздөн-түз өзү ишке ашыра албайт. Бул долбоор куфр башчылары тарабынан, өздөрүнө карата мусулмандардын толеранттуу болушуна чакыруучу, мусулмандарды болсо бири-бирине карата агрессивдүү кылуучу долбоор катары иштелип чыккан.

“Умеренныйлык” долбоору азыр Кыргызстанда да таркатыла баштады. Албетте, бул жерде да исламий катмар ичиндеги таанымал фигуралар курал кылып алынууда. Исламий маалыматтары бар, лекин саясий жактан өтө алсыз болгон айрым уламаларыбыз бул  тузакка түшүп калуу алдында турат, Аллах аларды асырасын. Этибар берсеңиздер, Халабда адам элестете алгыс жырткычтыктар болуп жатканда, бул  уламаларыбыз алардын акысына дуба кылып коюудан да коркушат.

“Умеренныйлык” долбоорунун башкы багыты мусулмандарды аймактык жана улуттук белгилерге карай чектөөдөн башталат. Алар жалаң өз улутунан болгон уламаларга гана итаат кылып, башкаларына этибарсыз боло башташат. Мындай абал акыры барып, алардын башка улут же журт мусулмандарына болгон этибарларын алсыратат. Ал тургай, алар Сирия сыяктуу кыйынчылык болбой жатканына “уялбай”  шүгүрлөр келтиришет, ар дайым өздөрүнүн тынч уйкулары сакталып калышына даъват кылышат. А негизи, Пайғамбарыбыз ( соллаллохи алайхи вассаллам) “батыштагы мусулман, чыгышта зулумданып жаткан бурадары тууралуу кайгырбаса, ал менден эмес” деди.

Жогорудагы Түрк өкмөтү жол берип жаткан жана кызматташтык кылып жаткан куфр күчтөрү, сириялык бир туугандарды кырып жиберип жатышат. Муну көрүп турган Түркия мусулмандары болсо, Ислам атын жамынып алган акимдерине алданып келишүүдө.Алар “ушул күнүбүзгө ыраазыбыз, исламий абалыбызды  ушул жол менен болсо да кармап келе жатабыз” деген кайры исламий пикирлердин таасири астында калышты. Бул “умеренныйлык” куфрдун кезектеги чалгытуучу пикирлеринин бири болуп, биз мусулмандар бу сыяктуу пикирлерге каршы олуттуу күрөш алып барышыбыз важиб. Бул биз үчүн тагдыр чечүүчү маселелерден болуп, куфр дүйнөсүнүн жеңилүүсү  ушул пикирдин кыйрашы артында жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here