Фатих мечитинде гоибана жаназа намазы окулду

342
0

Акыркы кездерде Сириянын Халаб шаары Америка жана Россия тарабынан жырткычтык менен кыргын кылынууда. Өздөрүн “Сириянын достору” деп атап алышкандар о.э. “Сирия калкы бизге аманат” деп жар салып жаткандар ооздорун кулптап алышты. АКШ болсо ар дайым натыйжасыз аяктап жаткан Женева сүйлөшүүлөрүнө Сирия калкын ыраазы кылуу үчүн кыргындарды улантууда.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын демилгеси менен Стамбулдагы Фатих мечитинде Америка жана Россия тарабынан шейит кылынган Халаб калкы үчүн гоибана жаназа намазы окулду. Жаназа намазынан кийин Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн төрагасы Махмуд Кар сөз сүйлөдү. Махмуд Кар Сирия козголоӊуна токтолуп, бул козголоң өтө көп нерселерди ачып таштаганына көӊүлдү бурду. Халабдын кыргын кылынышына унчукпай отурган Саудия, Түркиядагы жана башка мусулман өлкөлөрдөгү акимдерден эмне үчүн сүкүт сактап турушкандыгын түшүндүрүп берүүнү талап кылды.

Махмуд Кар мырза мусулмандардын жетекчилерине кайрылып: “Бул козголоң аябай көп маанилүү нерселерди ачып таштады. Сирияда Америка жана кафир Батыштын чыныгы жүзүн, эки жүздүүлүгүн көрдүк. Залим Башар, Россия жана АКШ менен бир сапта турган Ирандын жана анын Хизбулла партиясынын канкор жүздөрүн көрдүк. Алсыз жана мазлум, бирок, ишенимине бекем турган мусулман калктын каршысында Америка, Россия жана Батыш мамлекеттеринин алсыздыгына күбө болдук. Мусулман акимдердин коркоктугун көрдүк. Американын куйругуна асылган Саудия жана Түркиянын саясий ийгиликсиздигин, ал тургай кыянатын да көрдүк. Эй Саудия жетекчилери! Силер тикелеген Ислам армиясы кана? Эй Түркия жетекчилери! Жаныбызда турган Халабды көзүӊөр көрбөй жатабы? Чарасыз калган бул элдин муӊ-зарын укпай жатасыӊарбы?”,“Эй Түркия жетекчилери! Биз силерге дагы бир жолу кайрылуу жолдоп жатабыз; Сирия козголоңун жокко чыгаруу үчүн Америка менен биргеликте аракет кылып жатканыӊар ачык-айкын көрүнүп турат. Сирия маселеси Американын колунда экендигин жана аны ээрчигениӊерди ачык эле моюнга алдыӊар. Эми “Сирия калкынын жанындабыз” деген жалындуу сөздөрүӊөрдү токтоткула. Халабдык жаш балдар, энелер жана муслима аялдар силердин жалындуу сөзүӊөргө муктаж эмес. Алар силердин армияӊарга муктаж. Кыйрандылар астында калып өлүп жаткан балдарга качан жардам бересиӊер? Армияны качан аракетке келтиресиӊер?” — деди.

“Кээ бир мамлекеттердин жетекчилери, саясий партиялардын жетекчилер, эл аралык маалымат каражаттары, журналисттер, жазуучулар жана кээ бир Исламий уюмдар “Сирияда жарандык согуш болуп жатат” деп айтышууда. Жок! Сирияда жарандык согуш болуп жаткан жок, Сириядагы согуш Ислам жана куфр ортосундагы согуш болуп эсептелет. Сирияда кафирлер Исламга жана мусулмандарга каршы согушуп жатышат. Ушундай болгон соӊ, Исламий дүйнө жетекчилери эмне кылып жатышат? Исламий кызматташтык уюмунун колунан бирер иш келеби өзү?” — деп кошумчалады Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here