Бийлик чегарага кошумча күч жөнөттү

251
0

 “Азаттык” радиосунун Ак үйдөгү ишенимдүү булакка таянып кабар беришинче,  Кыргызстан өкмөтү кыргыз-өзбек чегарасына кошумча күч жөнөткөн. Маалыматка ылайык, 200дөй аскер жана аскердик техника чегара көзөмөлүн күчөтүү үчүн 20-март күнү жөнөтүлгөн.

 Азырынча бул маалыматты чегара кызматынын башчысы Раимберди Дуйшөнбиев тастыктаган жок. Анын айтымында, такталбаган чегара аймагында эки өлкөнүн экиден БТРи жана 60 чакты аскери турат. Чегара кызматынын аскерлеринен тышкары кошумча күчтөр тартылган эмес.

 “АКИpress” сайтынын Кыргызстан куралдуу күчтөрүндөгү булагы 20-март күнү окуя болгон жерге 200 аскер жана кошумча аскерий техника жөнөтүлгөндүгүн тастыктады.

Туркистон:

Колонизатор мамлекеттердин “Бөлүп ташта жана өкүмдарлык кыл” принцибине негизделген кудайсыз коммунисттер өкмөтү бир нече кылымдардан бери бир үммөт өкүлдөрү болуп келген Түркстан элдерин беш республикага бөлүп, ортосуна жасалма чегараларды тартып жатканда алысты көздөгөн. Биздин ортобузда ар дайым келишпестик жана карама-каршылыктарды пайда кылуу, ушул аркылуу өзүнүн таасири астында кармап туруу жеӊил болушу үчүн чегараларды кудум шахмат талаасындагы чакмактар сыяктуу тартып чыгышкан. Коммунисттер тарабынан коюлган бул тузак бүгүнкү күнгө чейин таасирин тийгизип, Борбор Азиядагы эң алсыз мамлекет болгон Кыргызстанга басым өткөрүүдө колдонулуп келүүдө.

 18-март күнү Жалал-Абад областындагы Кербен – Ала-Бука жолундагы талаштуу жерге өзбек аскерлеринин кирип келип, блокпост орнотуп алышы да Өзбекстан бийлиги өз алдынча чече турган иштерден эмес. Бул иш акыркы кездерде Кыргызстан бийлигинин Россиядан алыстап, АКШ жана Европа мамлекеттери менен мамилесин жакшырта баштаганына  ачуусу келген Россия тарабынан же тескерисинче Россияга жакындашуусуна жол бербестик үчүн АКШдан бир эскертүү болушу мүмкүн.

 Эсиӊиздерде болсо, Кыргызстан өкмөтү 2014-жылы “Манас” аэропортунан АКШнын базасын чыгарып жибергенге чейин же ЕАЭБге мүчө болууну создуктура баштаган кездерде да кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чегараларындагы чатактар күчөгөн эле.

2014-жылы Кыргызстандын кошуна мамлекеттер менен чегарасында жүз берген жаӊжалдардын саны 40ка жеткен. Т.а. кыргыз-тажик чегарасында 32, кыргыз-өзбек чегарасында 5, кыргыз-казак чегарасында 2, ал эми кыргыз-кытай чегарасында 1 окуя катталган. 2013-жылы кыргыз-тажик чегарасында 19 чатак жүз берген болсо, 2014-жылдын 10 айында эле 32 чегара жаӊжалы катталган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here