Европа Союзу менен Түркия миграция проблемасы боюнча келишип алышты

254
0

Европа Союзу жана Түркия Белгиядагы саммитте миграция проблемасын чечүүнүн негизги багыттарын келишип алышты. Бул тууралуу “Twitter”де Еврокомиссиянын расмий өкүлү Мина Андреева билдирди.

“Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Европарламенттин төрагасы Дональд Туск Европа Союзунун саммитинде Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу менен миганттар кризисин биргеликте чечүүнүн негизги багыттарын келишип алышты”, – деп жазды Андреева.

Тусктун билдиришинче, Европа Союзу менен Түркия мигранттар агымын кыскартууга келишип алышты. Ал о.э. качкындардын Европа Союзуна “Балкан багыты” боюнча кириши ушул күндөн тарта “жабылгандыгын” жарыя кылды. “Европага мыйзамсыз миграция күндөрү аяктады”,- деп кошумчалады Туск.

Франция президенти Франсуа Олланд өз кезегинде Түркияга миграция проблемасын чечүү үчүн дагы 3 млрд евро берилиши мүмкүн экендигин айтты. О.э. Анкара Грецияга Түркиядан келген мигрант жана качкындарды кабыл алууга ыраазы болгонун билдирди. Олланддын айтымында, Европа Союзу Шенген келишимин сактап калууга жетишти.

Германия канцлери Ангела Меркель эгерде Анкара качкындарды кабыл алууга ыраазы болсо, анда Европа Союзу июнь айынан баштап Түркия менен виза тартибин жумшартышы мүмкүн экендигин айтты.

7-мартта Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө кыйынчылыктар жүз бергени туурасындагы маалымат пайда болгон эле. Сүйлөшүүлөр учурунда Түркия жетекчилиги миграция кризисине байланыштуу проблемаларды чечүү үчүн Европа Союзунан 20 млрд евро сураганы айтылган болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here