Сиси: «Терроризм» кубатын сындырдык, бирок дагы деле чоӊ проблемаларга дуушар болуп жатабыз

279
0

Сиси: «Терроризм» кубатын сындырдык, бирок дагы деле чоӊ проблемаларга дуушар болуп жатабыз

Өткөн ишемби күнү Мисир президенти Абдулфаттах Сиси парламентте чыгып, Мисир адамды тынчсыздандыруучу чоӊ проблемаларга дуушар болуп жатканын айтты. Бирок, мунун каршысында, Мисир терроризм кубатын сындырууга жана болуп көрбөгөндөй утуштарга жетишкендигин да баса белгиледи. Парламенттен туруп мисирдиктерге кайрылып: «Мекенибиз дуушар болуп жаткан проблемалардан тынчсыздануу жана коркуу бар. Бирок, болуп көрбөгөндөй утуштар көлөмү болсо арзуу-үмүттү улуттук милдетке айландырып койду», – деди. Сисинин айтымында, Мисир «бүтүндөй өлкөнү башаламандык жана тартипсиздикке кириптер кыла турган» какшаткыч террорго жүздөндү. Экономика тууралуу сөз кылып, өзү бийликке келгенде баштаган чоӊ-чоӊ долбоорлору жөнүндө айтты. Бирок анын айтымында, бул долбоорлордун натыйжалары жүзөгө чыгышы үчүн убакыт керек. (Хурра сайты).

Роя гезитинин комментарийи:

Сиси ар бир оппонентине каршы күрөштө о.э. анын саясатына каршы элдин аракетке келишинин алдын алууда терроризмге каршы күрөштөн курал катары пайдаланууда. Ал америкалык кожоюндарынын региондо жүргүзүп жаткан саясаттарына ээрчип ушундай кылууда. Жеӊилүүсүн утуш кылып көрсөтүп жаткан, өлкө байлыктарын талап-тоноп, жарандарды жакырга айландыруу саясатын “улуу долбоор” деп атап жаткан исламий өлкөлөрдөгү башка өкүмдарлар катары, Сиси да экономикалык абалдын жакшырып бара жатканы о.э. өзүнүн “укмуштай” саясатынын натыйжалары убакыт өтүшү менен көрүнө тургандыгы тууралуу айтып жатат! Баарыбызга белгилүү болгондой, бул кимсе бийликте турганда адамдар коопсуздуктан үмүт үзүштү, анын полициячылыкка негизделген саясаты натыйжасында коомдо коркуу жана тынчсыздануу өкүм сүрүүдө, бюджеттеги дефицит көбөйүп кетти, экономика кыйрады, жумушсуздук күчөдү. О.э. бул кимсе Эфиопия үчүн Мисир жана Судан калкынын зыянына Нил сууларынан баш тартты… Аллахтын динине каршы баруудан кайра тартпай турган Мисир өкүмдарлары жана алардын жарчыларынын саны көбөйүп кетти, Газа калкына каршы согуштун көлөмү да, яхудийлер мамлекети менен келишүү даражасы да, Америка саясатына чөгөлөө да… күчөдү. Ал ушулардын бардыгынан кийин да уялбастан утуштар жөнүндө сөз кылып жатат!

Роя гезитинин 2016-жыл, 17-февралдагы 65-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here