Путин: Сириядагы согушкерлер КМШ мамлекеттерине чабуул кылууну пландаштырууда

296
0

Мекен сакчыларынын майрамына арналып ишемби күнү Кремлде өткөн ырасымда сөзгө чыккан Россия президенти Владимир Путин орус аскерийлери Сирияда ачык эле Россияны душман деп атап жаткан о.э. Россия жана КМШ мамлекеттерине кеӊейүү планын жашырбай жаткан согушкерлерди жок кылып жатышкандыгын айтып өттү.

 “Сирияда жүргүзүлүп жаткан аскерий операциялар аскерлерибиздин аскерий чебердигин күчөтүп барууда. Биздин аскер жана офицерлерибиз Жакынкы Чыгышта согушуп, Россия кызыкчылыктарын коргоп жатышат жана ачык эле мекенибизди душман деп атап жаткан о.э. Россия жана КМШ мамлекеттерине кеӊейүү боюнча пландарын жашырбай жаткан согушкерлерди жок кылып жатышат”, – деди Путин.

 Анын айтымында, аскерий күчтөрдүн кызматтары жогорку баага татыктуу.

  Путин: “Алар татаал шартта согушкерлерди жок кылууда, карапайым калкты зомбулук, жырткычтык жана зулумдан куткарууда Сирия өкмөтүнүн кошуунуна, анти террор коалициясынын мүчөлөрүнө жардам берип жатышат”, – деди.

 Туркистон:

Владимир Путин башчылыгында жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасында Россия экономикасы кризистик абалга келип калды. Жеке мүлктүн чектелиши, завод жана фабрикалардын мамлекеттик көзөмөлгө алынышы адамдарда мамлекеттик мүлккө карата кайдыгерликти пайда кылды, атаандаштык жана изденүүнүн тамырына балта чапты. Себеби, адам өзүнүкү болбогон нерсеге кайдыгер болушу табигый көрүнүш. Советтер Союзунун кыйроосунда да ушул нерсе негизги себептердин бири  болгон. Атаандаштык жоголушунун натыйжасында Россияда иштелип чыккан продукциялар Европа мамлекеттери эле эмес, ал тургай Борбор Азияда да өтпөй турган болуп калды.

 Ошол себептен да Путин алгач Бажы биримдиги деп аталган, кийинчерээк Евразия экономикалык биримдигине айланган уюмду түздү. Мындан көздөлгөн максат болсо, бул биримдиктеги мамлекеттерге Кытай, Түркия жана Европа мамлекеттеринен келип жаткан товарлардын киришин чектөө жана өзүнүн эч кимге керек болбой калган, заман талабына жооп бере албай турган товарлары үчүн керектөө базарын пайда кылуу болчу. А бирок, бул чаралар да Россия кризисин токтотуп калбастыгы көрүнө баштаган соӊ, Путин орус калкынын Ата мекендик согуш жылдарында сыноодон өткөн мекенчилдик жана улутчулдук робитасын (байламта) пайдаланууга токтом кылды. Себеби, Путин менен анын командасын согуш жана башаламандыктар гана куткарып калышы мүмкүн эле. Ушундай максатта Путин “орус калкынын жана орус тилдүү элдин укугун коргоо” деген шылтоо менен Крымды басып алды. Донецк жана Лугансктагы жикчилдерди колдоп-кубаттай баштады. Мунун артынан күтүлгөндөй эле, орус калкынын Путинге карата жоголо баштаган ишеними жана урматтоосу кайрадан тикелене баштады.

  Бирок, АКШ башчылыгындагы Европа мамлекеттеринин Россияга каршы колдоно баштаган жаза-чаралары ансыз деле начар болгон орус экономикасын ого бетер кыйын абалга кептеп койду. Мындан кутулуу үчүн болсо Путин Донецк жана Лугансктагы жикчилдерден баш тартуунун акысына Сирия канкору Башар Асадга аскерий жардам берүүгө Барак Обамадан уруксат алды. Себеби, Путинге – кайсы жерде жана ким менен болушуна карабастан – согуш керек.

 Путин Сирияга «ИШИМ»ге каршы күрөшүү шылтоосунда бастырып киришине карабастан, орус учактарынын негизги бутасы карапайым жарандар, жаш балдар жана аялдар болуп жатат. Ошого карабастан, Путин эч нерседен уялбай “Сирияда жүргүзүлүп жаткан аскерий операциялар орус  аскерлеринин аскерий чеберчилигин күчөтүп жатканын” айтып жатат.

  Мындан тышкары, Путин «ИШИМ» коркунучун көбүртүп көрсөтүү менен мурдагы колонияларына, айрыкча Борбор Азия мамлекеттерине болгон көзөмөлдү сактап калууга аракет кылып жатат. Бул Путиндин мындай билдирүүлөр менен биринчи жолу чыгышы эмес. 2015-жылдын 16-октябрында Казакстандын Бурабай шаарында болуп өткөн КМШ жетекчилеринин саммитинде Путин “Россия жана КМШ мамлекеттеринен чыккан 5 миӊден 7 миӊге чейинки адам ИШИМдин сабында согушуп жатканын” айтып өткөн эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here