Куртулмуш: Дүйнө жүзүндөгү бүгүнкү түзүмдөр өзгөртүлүшү керек

307
0

Түркия премьер-министринин орун басары Нуман Куртулмуш “Cihannüma” биримдик жана кызматташтык ассоциациясынын жыйынына катышты. Ассоциациянын Анкарадагы өкүлчүлүгүндө сөз сүйлөгөн Куртулмуш дүйнөдө эки ири глобалдык проблема бар экендигин т.а. глобалдык зулум жана башкалардын кызыкчылыгы үчүн согушка кирүү проблемасы бар экендигин билдирди. Куртулмуштун баса белгилешинче, бүгүнкү күндөгү эл аралык уюмдар жана мекемелердин эч бири учурдагы глобалдык проблеманы чече албайт.

“Дүйнөдөгү эл аралык уюмдар, мекемелер жана саясий механизмдер эч качан дүйнөдөгү проблемалардын эч бирин чече албайт. Аларда мындай мүмкүнчүлүк жок. Украина кризиси болсун, Сирия кризиси болсун же башка кризистер болсун, өкүнүчтүүсү, алар бул кризистерди жоюуга жөндөмдүү эмес. Алардын (проблемаларды чечебиз деп) пайда кылган бир нече чалкештиктерин башыбыздан өткөрүп жатабыз. Көптөн бери бул чалкештиктер дүйнөдө баскындар, жарандык согуштар, кырсыктар көрүнүшүндө пайда кылынууда. Афганистандын алгач орустар, андан соӊ америкалыктар тарабынан басып алынышы доору дүйнөдө жаңы бир сынуу сызыгын пайда кылды. Андан соӊ Иракты басып алуунун артынан жүз берген жараян  жана Сириядагы жараяндар себептүү бүгүнкү дүйнө – өкүнүчтүүсү – таптакыр башка чекитке келип калды”.

Бул чекитте тартип эмес, тартипсиздик дүйнөгө өкүмдар болуп калгандыгына көӊүлдү бурган Куртулмуш улантып: “Бириккен Улуттар Уюму бар экендигин билебиз. А бирок, бул БУУнун – ишенип коюңуздар – “Cihannüma”уюмунчалык да таасири жок. Бул сөздөрдү кооптуу чекитке келип калганыбызды сүрөттөө үчүн айтып жатамын. “Качкындар проблемасы” деп айтылса, БУУ кеӊеш берет, “Украина кризиси” деп айтылса, БУУ күзөтүүчүлүк кылат, “Сирияга тынчтык алып келгиле” деп айтылса, БУУ эч бир натыйжасыз бир нече жыйындар менен проблеманы чечемин деп ойлойт. Бул жыйындардын аягы көрүнбөй жатат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн уюмдар жана бүгүнкү күндөгү мекемелер силер каалагандай адилеттүүлүктү тикелөө үстүнө курулган эмес. Алардын баары колунда куралы бар, экономикасы өнүккөн жана дүйнөдө саясий күч катары таанылгандардын күчүн сактоо үчүн түзүлгөн. Эми биз бүт дүйнөдө бул проблеманы чече ала турган жаңы көз карашка муктажбыз.  Дүйнөнүн өз абалына кайтышына муктаждык бар. Дүйнө жүзү башкарып болбой турган абалга келип калгандыгы үчүн аны жаңы пикирлер менен гана башкаруу мүмкүн”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here