Женева сүйлөшүүлөрү биринчи күндөн эле бузула баштады

263
0

БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистура расмий түрдө дүйшөмбү күнү башталгандыгын жарыя кылган Женева сүйлөшүүлөрү биринчи күндөн эле бузула баштады. Мистура менен оппозиция ортосунда өткөрүлүшү күтүлгөн жолугушуу болбоду. Себеби, оппозиция өкүлдөрү Россиянын Халаб шаарын бомбалаганына таарынып, жолугушууга чыкпай коюшту.

Оппозиция өкүлдөрү Сирияда чабуулдарды токтотуу, курчоолорду алып таштоо жана гуманитардык жардамдарды жеткирип берүү жөнүндө БУУдан  кепилдик берилгени үчүн сүйлөшүүгө келгендигин билдиришкен эле. Алар Россиянын чабуулдарын токтотуу туурасында эл аралык коомчулук тарабынан берилген убада аткарылышын талап кылышты.

“Биз үчүн курчоону алып таштоо, бомбалоону токтотуу өтө маанилүү. Бирок, кечээ кечинде жаӊы кыргын ишке ашырылды. Эл аралык коомчулук сокурбу? Буларды көрбөй жатабы? Биз убадаларды аткарышын күтүп отурабыз”, – деди оппозициянын өкүлү Саим Муслат.

Оппозиция өкүлдөрүнүн дагы бири Фарах Аттаси болсо: “Женева сүйлөшүүлөрүнө катышкан учурда саясий жараяндын илгерилеши боюнча бизге берилген кеилдиктер бар. Биздин максатыбыз, сүйлөшүүлөрдөн мурда БУУнун №2254-токтомун тезинен ишке ашыруу”, – деди.

Туркистон:

АКШ башчылыгында ишке ашырылып жаткан Женева сүйлөшүүлөрүнө катышуу Ислам үммөтү үчүн кыянат болуп эсептелет. Себеби, бул сүйлөшүүнү өткөрүүдөн көздөлгөн бирден-бир максат, Ислам шариятынан башканы кабыл албай жаткан Сирия калкын АКШнын планына мажбурий моюн сундуруу. Ал үчүн өздөрүн “Сирия калкынын өкүлү” деп атап алган бир ууч батышчыл демократтар активдүү рол ойноп берүүдө. Түпкүлүгүндө, алар элдин назарында эч ким эмес. Алардын таарынып жолугушууга чыкпастыгы да, же ызы-чуу кылып нааразылык билдириши да эч нерсени өзгөртпөйт.

Эӊ маанилүүсү, Ислам үммөтү бүгүнкү күндө куфрдун айла амалдарына алданбай турган болуп калды. Асмандан бомбалап кыргын кылынып жаткандыгына о.э. ар тараптан курчоого алынып ачарчылыктан өлүп жаткандыгына карабастан, куфрдун талаптарын кабыл албай жатышат. Төрт айдан бери Сирияда кыргындарды ишке ашырып келе жаткан Россия эч бир натыйжага жетише албады.

2012-жылы 30-июлда уюштурулган Женева-1 сүйлөшүүлөрүндө да бүгүнкүдөй эле “мамлекетте согуштарды токтотуу жана өз ара келишкен абалда убактылуу өкмөттү түзүү о.э. курчоого алынган аймактарга гуманитардык жардам жеткирип берүү” туурасында келишилген болчу. Табигый түрдө, жаӊы түзүлө турган убактылуу өкмөттүн тизгини АКШнын колунда болушу шарт болгон. Бирок, Женева-1 долбоору ийгиликсиздикке дуушар болду. Себеби, сириялык мусулмандар куфрдун талабына ыраазы болушпады. Алар кор болуп жашагандан көрө азиз болуп өлүүнү абзел көрүштү. 2014-жылы 20-январда уюштурулган Женева-2 сүйлөшүүсүнүн натыйжасы да кудум ушундай аяктады. Ушундай болгон соӊ, мындан кийинки сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы да мурункулардай болушу анык. Мунун белгилери азыртадан эле көрүнүп турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here