Саудия 47 адамды өлүм жазасына тартты, алардын арасында шейх Нимр Бакр ал-Нимр да бар

275
0

Өткөн ишемби күнү Саудия ал-Каида уюмунүн мүчөлөрүнөн турган ондогон адамдар менен бирге шиа аалымы Нимр ал-Нимрди да өлтүрдү. Бул болсо? Саудиянын сунний мужахиддер тарабынан болобу же азчылык шиа тарабынан болобу, айырмасыз ар кандай чабуулга жаза беришин көрсөтүп турат. О.э. ушул өлтүрүү иши региондо мазхабчылык жаңжалын келтирип чыгарууда. Өлтүрүлгөн 47 адамдын көпчүлүгү «он жылдын ичинде ал-Каиданын Саудиядагы чабуулдарын ишке ашыргандыкта» айыпталышты. Алардын арасындагы Нимр менен бирге 4 адам шиа болчу. Алар болсо акыркы жылдарда өкмөткө каршы өткөрүлгөн акциялар учурунда полиция кызматкерлерине ок аткандыкта айыпталышты.

Саудиянын бул кадамы себептүү анын Иран менен болгон мамилеси бузулду. Себеби, Иран Нимрди “Саудиядагы коомдон четке сүрүлгөн шиа азчылыгынын баатыры” деп баалайт болчу.

Иран революциясы сакчылары корпусунун «Мехр» маалымат агенттигинда жарыя кылынган билдирүүсүндө: «Жакында Сауддар үй-бүлөсүнөн катуу өч алынат о.э. террорду колдоочу жана Ислам душманы болгон бул режим албетте кулатылат», – деп айтылган. Көп өтпөстөн, Саудиянын тышкы иштер министри Адил Жубайр Саудия Иран менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө жана Иран дипломаттарын мамлекеттен чыгарып жиберүүгө токтом кылгандыгын билдирди (Рейтер маалымат агенттиги).

Роя гезитинин комментарийи:

Иран жетекчилери Саудия өкүмдарларынын сунний мусулмандарды да, шиа мусулмандарды да таптакыр этибарга албастыгын өтө жакшы билишет. Ошондой болсо да, ушул маселеге мазхабчылыктан келип чыгып жандашып жатышат жана муну шейх Нимрге каршы “ал шиа болгону үчүн кылынган иш” деп түшүндүрүп жатышат. Муну менен колонизатор кожоюндарынын кызыкчылыгы үчүн мазхабчылык жана улутчулдук жаңжалын козгоодо Сауд өкүмдарларына шерик болушууда. Мусулмандар Саудия өкүмдарлары да, Иран жетекчилери да кылмышкерлер экенин, алардын экөө тең Батыш мамлекеттеринин пландарын аткарууда т.а. ушул мамлекеттер тарабынан пайда кылынган мазхабчылык фитналарын ишке ашырууда шерик экенин түшүнүп  жетиши керек. Сунний жана шиа мусулмандары Саудия өкүмдарлары суннийликти, Иран өкүмдарлары болсо шиалыкты чагылдырат деп ойлоп, мазхабчылык күрөшүнө алданып калбашы керек. Себеби, иш жүзүндө Саудия өкүмдарлары да, Иран жетекчилери да Исламды колдонушпайт. Тескерисинче, алар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын кайтып келишине тоскоолдук кылууда Батышка кызмат кылышат. Алар мусулмандар жана алардын маселелерине кыпындай да көңүл бурушпайт. Эки тарап тең Исламдын душмандары түзгөн пландарды ишке ашыруу максатында мусулмандарды ээрчитүү менен тайпачылыкка кызмат кылып жатышат.

Роя гезитинин 2016-жыл, 6-январдагы 59-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here