АКШ“Исламий аскерий коалицияны” колдоп-кубаттай тургандыгын билдирди

250
0

Саудиянын борбору Эр-Риядда отуз төрт исламий мамлекеттин катышуусунда “терроризм”ге каршы түзүлгөн Исламий аскерий коалицияны АКШ мамлекеттик департаменти курсантчылык менен кабыл алды. Бул тууралуу АКШнын тышкы иштер министрлигинен чыгарылган билдирүүдө айтылды.

АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Кирби күнүмдүк маалымат жыйынында жогорудагы коалиция жөнүндө кошумча кеӊири маалымат алуу зарыл экендигин баса белгиледи. Кирбинин айтымында, бул коалиция АКШ каалаган нерсенин дал өзү.

“Бул коалиция биз үгүттөп жаткан багыт менен бирдей экендигине эч кандай шек-күмөн жок. Биз узак убакыттан бери региондогу мамлекеттерди терроризмге каршы күрөшүү зарыл экендигине үгүттөп келе жаткан элек”, – деди Кирби.

Исламий өлкөлөр жетекчилеринин демилгеси менен түзүлгөндүгү айтылып жаткан аскерий коалиция менен АКШ башчылыгында түзүлгөн коалициянын ортосунда алака бар же жоктугу туурасында берилген суроого Кирби “Алда качан эле алака орнотулган” деп жооп берди.

Ал: “Бул мамлекеттер биригип ИШИМге жана региондогу террорчу (Исламий) топторго каршы коалиция  түзө турган 65 мамлекеттин бир бөлүгү болуп эсептелишет”, – деп кошумча кылды.

Ал эми Хизбут-Тахрир – Түркия вилаятынын комментарий беришинче, жогорудагы коалиция Саудиянын демилгеси менен эмес, тескерисинче дал ушул АКШнын көрсөтмөсү менен түзүлгөн. Парда артына өтүп алган АКШ болсо өзүнүн чыныгы жүзүн Ислам үммөтүнөн жашырмакчы болууда.

“Бул коалицияга жетекчилик кылган Сауд үй-бүлөсү Американын малайы экендиги жашыруун сыр эмес. Ушундай болгон соӊ, бул коалицияны түзгөн Сауд үй-бүлөсү эмес, Америка Кошмо Штаттарынын дал өзү. Анткени, бул коалициянын атын да АКШ койгон, ал тургай кайсы мамлекеттер катыша тургандыгын да өзү белгилеп берген. АКШ  жогорудагы коалицияны түзүү менен өзүнүн баскынчы жана колонизатор жүзүн үммөттөн жашырууга аракет кылууда. Мусулмандар өлкөлөрүнүн бир нече жерлеринде жыл бою террор уюштуруп келген АКШ Исламды терроризм менен теӊештирүгө аракет кылууда жана Исламий өлкөлөрдөгү куурчак режимдерди да ушуга үгүттөп жатат”, – деп айтылат Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты тарабынан чыгарылган билдирүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here