Бири-бирине байланышкан эки анык жамандык Сириядагы сулхтар… жана Саудиядагы сүйлөшүүлөр!

276
0

«Франс Пресс» агенттигинин кабарчысы баса белгилешинче, өткөн аптада БУУ демөөрчүлүгүндө бийлик өкүлдөрү (Асад режими) менен түзүлгөн келишимге ылайык «Оппозициянын жүздөгөн согушкерлери жана катардагы жарандар – Сириядагы Хомс шаарындагы оппозиция көзөмөлүндөгү акыркы чекит болгон – Ваър турагынан чыгып кетишкен. Сирия Кызыл жарым ай коомуна караштуу он тез жардам машиналары жана БУУга караштуу автомашиналар турак-жайдан чыгып жаткан автобустарды коштоп жүрүшкөн. Биринчи декабрда оппозиция согушкерлери менен Сирия режими ортосунда БУУ демөөрчүлүгү астында түзүлгөн келишимде эки миң согушкер жана катардагы жарандардын үй-бүлөлөрү Ваър турагынан чыгып кетиши көрсөтүлгөн. Адам укуктары Сирия мониторинги башчысы Ромий Абдуррахман «Франс Пресс» агенттигине айтышынча, бул автобустар Хомс шаарына, андан Хамадагы Мазикке кийин Идлибге карай жол алат. Белгилүү болгондой, Идлиб өткөн жаз айынан бери Фатх Армиясы бөлүмдөрүнүн көзөмөлү астында турат. Бул бөлүмдөрдүн эң көзгө көрүнгөнү Жабхатун Нусра». (Монте Карло дуалийя, 2015-жыл, 9-декабрь).

Ушул күндөрдө – Ислам диярынын борбору Шамда илманий жарандык мамлекеттин өткөөл башкаруусу боюнча режим менен сүйлөшүү алып бара турган делегацияны «жасап» даярдоо үчүн – Саудия борбору Риязда оппозиция конференциясы өткөрүлдү! «Бүгүн Риязда Сирия саясий жана аскерий оппозициясынын жыйындары башталды. Максат бир позицияга жетишүү. Жыйындарга Саудия тышкы иштер министри Адил Жубайр да катышууда. Катышуучулар саясий чечим принциптери боюнча жана режим менен өткөрүлүшү күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө катышуу үчүн бир делегацияны түзүү боюнча келишимге жетишүүгө аракет кылышууда. Ири мамлекеттер бул сүйлөшүүлөр биринчи январда өткөрүлүшүн каалап жатышканын билдирүүдө. Оппозициянын бир нече өкүлдөрү шейшемби күнү расмий эмес даярдык жыйындарын өткөрүштү. Рияздагы «ИнтерКонтинентал» мейманканасында өткөрүлгөн бул жыйындарга Батыш жана орус дипломаттары да катышты». (Арабийя нет, 2015жыл, 9-декабрь).

Жыйындар 2015-жылы 9-10-декабрь күндөрү болуп, акырында корутунду билдирүү чыгарылды. Билдирүүдө мындай делет: «Саудия Арабстаны бийлигинин талабына ылайык козголоңчу күчтөр жана Сирия оппозициясы бейшемби күнү Рияз шаарында – саптарды бириктирүү максатында жана Женева-1 билдирүүсү алкагында Сирия маселесине тиешелүү саясий сүйлөшүү чечими туурасында ортоктош көз карашка жетишүү максатында – кеңейтилген жыйын өткөрдү. Жыйын катышуучулары Сирия жерлеринин көз карандысыздыгынын тарапкери экендиктерин жана Сирияда жарандык мамлекеттин курулушуна ишенерин билдиришти. О.э. алар демократиялык механизмге бекем моюн сунарын да билдиришти. Жыйындарда Сирия мамлекеттик структураларын сактап калууга убада берилди. Катышуучулар саясий чечимден жарандык идея негизине курулган мамлекетти түзүү көздөлгөнүнө, анда жана келечекте боло турган ар кандай саясий аракеттерде Башар Асад жана анын режими үчүн эч бир орун болбостугуна келишишти. Жыйын катышуучулары Сирия режиминин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө киришүүгө даяр экендиктерин билдиришди. Бул сүйлөшүүлөр 2012-жылы 30-июнда чыккан Женева-1 билдирүүсү жана ушуга байланыштуу эл аралык токтомдор негизинде өткөрүлөт. Башар Асад жана анын өкмөттүк чиновниктери өткөөл доор башталышы менен бийликтен кетиши керек». (24 Саудия Маалымат Агенттиги (SPA), 2015-жыл, 10-декабрь).

«Бейшемби күнү кечинде өткөрүлгөн басма сөз конференциясында Булуң изилдөөлөр борборунун башчысы – конференцияга төрагалык кылган – Абдулазиз Сакардын айтымында, оппозиция өкүлдөрү январдын биринчи он күндүгүндө режим өкүлдөрү менен жолугушат. Ушул мазмунда Сакар корутунду билдирүүгө бардык катышуучулар, алардын катарында, куралдуу оппозицияга караштуу Ахраруш Шам кыймылы да кол койгонун баса белгиледи. Конференцияга Ахраруш Шам кыймылынын өкүлү катары Лабиб Нахас катышты. Мындан мурун бул кыймыл конференциядан чыгууга токтом кылганын Твиттер аркылуу жарыялаган эле… Келишимде 32 мүчөдөн турган жогорку комитет түзүлүшү көрсөтүлгөн. Комитетке аскерий бөлүктөрдүн он өкүлү, коалициянын тогуз өкүлү, координациялык комитеттин беш өкүлү жана сегиз көз карандысыз мүчөлөр кирет». (Ал-Жазира нет, 2015-жыл, 11-декабрь).

Бул сулхтарга жана сүйлөшүүлөр жараяндарына ой жүгүртүп карап чыксак, алар Ислам дияры борбору болгон Шамга каршы түзүлгөн кек-душмандыкка толгон ыплас пландардын жемиши экенин көрөбүз. Бул фитналарды Ислам жана мусулмандарга душман Америка башчылыгындагы Батыш жана Чыгыш мамлекеттери уюштуруп жатат. Тогут режим жана анын жардамчылары, кошуна мамлекеттердеги малай акимдер, тогутка каршы каршылык кыймылынын «тонун» кийип, кийин тогут менен сулх түзүп жаткан, оппозиция «тонун» кийип, кийин бул тогут менен сүйлөшүүгө киришип жаткан саясий жана аскерий оппозициянын кээ бир бөлүктөрүнөн турган жүгүртөк малайлар бул фитнанын жүзөгө чыгышына көмөк көрсөтүп жатышат. Бул оппозициядагылар төгүлгөн ушунча кандар жана тебеленген абийирлер кудум унутулгандай тогут менен сүйлөшүүгө киришүүдө. Алар болбогур ыплас акчалар же мансаптар акысына төгүлгөн бул кандарды жана тебеленген бул урматтарды бүтүндөй унутушту! Шек-күмөнсүз, бул сулхтар жана Рияз конференциясы Шам жана анын калкына каршы бир булактан чыгып жатат:

  • Сулхтар жөнүндө айта турган болсок, алар өлкөнү жана калкты тогуттун чеңгелине тапшырат. Бул сулхтарды түзгөндөр өз жайларында калышпайт, тескерисинче, алар өз жерлеринен чыгып, белгилүү бир жайда топтолушуна алып келет. Мына ошондо аларга түрдүү курал-жарактар менен ар тараптан сокку берүүгө оңой болот. Забаданий сулхуна ылайык, сулх түзгөндөр түндүккө, Идлиб тарапка чыгып кетиши шарт кылынууда. Ваър сулхунда да түндүккө, Идлибге чыгып кетүү көрсөтүлүүдө! Режим өз убадаларын көз ачып жумгандан да тезирээк бузушун ар бир акыл жүргүзгөн адам жакшы билет! Себеби, режим 2011-жылдан бери бир нече сулхтарды түзүп, өз кызыкчылыгына туура келип калганда бул келишимдерди бузуп келген. Мисалы, 2012-жылы 10-апрелде Кофи Аннан сулху, 2012-жылы 18-октябрь Курман айт убагында Ахзар Ибрахимий сулху түзүлдү, 2014-жылы январда Барза турагы сулху, 2014-жылы сентябрда Кабун турагы сулху түзүлдү, 2015-жылы 20-сентябрда Түндүк Идлибдеги Куфрия жана Фавъа шаарларында сулх, Дамаск тегерегиндеги Забаданий жана Мазая шаарларында сулх түзүлдү. Забаданий келишими боюнча, куралдуулар жана катардагы жарандар арасынан кимиси кааласа, Забаданий регионунан чыгып Идлиб тарапка кетиши шарт кылынган! Азыр, 2015-жылы декабрда Ваър турагы сулху түзүлдү. Бул келишимге ылайык, оппозициянын куралдуу согушкерлери Ваърдан чыгып, Идлиб тарапка кетиши шарт кылынууда! Ошондуктан, Ваър келишими иш жүзүнө кириши менен 2011-жылы режимге каршы нааразылык демонтрациялары башталганда «козголоң борбору» деп наам берилген Хомс шаарындагы бардык турактар Сирия армиясынын көзөмөлүнө өтөт. Ошентип, бир сулх өзүнүн артынан дагы бир сулхту алып келет. Бул абал оппозиция:

﴿كَالَّتِي نَقَضَتْ غَزْلَهَا مِنْ بَعْدِ قُوَّةٍ أَنْكَاثًا﴾

«Кудум өзү токуган нерсесин бышык болгондон кийин майда-майда кылып бузуп таштаган аял»                                                                                                            [16:92]

сыяктуу артка чегингенге чейин улана берет.

Түзүлүп жаткан бул келишимдер – режимдин өмүрүн узартуу жана анын кыскарган өкүмдарлыгын кеңейтүү үчүн ишке салына турган каражаттардын бири. Себеби, бул сулхтар эски малайдын ордуна – Америка жана анын малайлары Рияз конференциясында даярдап чыгарган – жаңы малай үчүн тынч шарттарды жаратып берет. Ошондуктан, Америка президенти Ваър сулхун алкыштап, сулхтарды дагы да кеңейтүүгө чакырды. «Келишим боюнча согушкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү Түркия чегаралары жанындагы түндүк-батыштагы куралдуу оппозиция көзөмөлдөгөн региондорго көчүрүлөт. Обама бул сулхту Сирияда чоңураак көлөмдө ишке ашыруу мүмкүндүгүн айтты». (Рейтер, 2015-жыл, 9-декабрь). Биз сулх артынан алдастап жүгүрүп жаткан кимселерди, айрыкча, Ла илаха иллаллох Мухаммадур Росулуллох деп күбөлүк берген кыймылдарды бул сулх – алардын жерлери режимдин чеңгелине өтүшү үчүн – аларды аста-секин өз жерлеринен чыгарып, кийин аларды жок кылуу үчүн алардын баарын бир жайга топтой турган тузак экенинен эскертебиз. Биз аларга насаат жолдоп, өзүлөрүн жана үй-бүлөлөрүн убада эмне экенин билбеген режимдин чеңгелине тапшырбоого чакырабыз. Анткени, алар режим өз убадасын – азыр эле айтып өткөнүбүздөй – бузганын көп жолу өз башынан өткөрүшкөн. Ошондуктан, Расулуллах A:

«لاَ يُلْدَغُ المُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Момун бир тешиктен эки жолу чактырбайт», (Бухарий риваяты) деп айткандай, алар өздөрүн экинчи жолу чактырбашы керек. Ошондой болгон соң, көп ирет чактырган адам жөнүндө эмне десе болот?!

  • Рияз конференциясы жөнүндө айта турган болсок, Рияз конференциясынын билдирүсүнөн режим менен сүйлөшүү алып баруу үчүн оппозициядан делегация түзүлүшү жана Башар сүйлөшүүлөр баскычында бийликте калышы (негизи, мурун бул нерсе оппозиция тарабынан четке кагылып келген) анык көрүнүп турат! О.э. билдирүүдө демократиялык механизм менен башкарылган илманий жарандык мамлекетти куруу көрсөтүлгөн. Ага ылайык Женева-1 т.а. өткөөл башкаруу кеңеши түзүлөт, бул кеңеш аткаруучу бийликтин милдетин толук алат. Анын мүчөлөрү азыркы бийлик, оппозиция жана башка топтордун өкүлдөрүнөн турат. Ошону менен бирге мамлекеттик структуралар сакталып калат. Бул кеңеш көп партиялуулукка негизделген демократиялык мамлекетти курат. Конференциянын билдирүүсүндө эң көзгө көрүнгөн нерселер ушулар.

Бул конференциянын акыбеттерине жана аны өткөрүү себептерине терең назар салсак, ушул нерсе айкын болот: Америка өзүнүн Коалиция жана муътадил же муаддил (өзгөртүлгөн) топтордон турган куурчактарын Шам калкынын колдоосуна жетиштире албаган соң, (азыркы майлайды жаңы малайга алмаштыруу үчүн) дагы бир пакиза жердеги дагы бир тогуттун жардамына таянууга өттү. Америка өзү жүзөгө чыгара албаган нерсени бул тогут жүзөгө чыгарып берет, себеби, бул тогут акча менен камсыздоо жана адаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ деп ойлоодо. Ошондуктан, Жон Керри бул конференцияны мактады: «Парижде Жон Керри: «Сирия оппозициясынын саптарын бириктирүү үчүн Саудия башчылык кылып жаткан сүйлөшүүлөр Сириядагы күрөштү токтотууну көздөгөн саясий сүйлөшүүлөргө үндөөдө маанилүү кадам болду» деди». (Рейтер арабий, 2015-жыл, 10-декабрь). Америка, эгер мусулман кийимин кийген Саудия падышасы жарандык мамлекеттин зарылдыгын айтса, мусулмандар колонизатор кафирлердин зордукчул жүгүртөктөрүнөн көрө, ушул падышанын сөзүн көбүрөөк кабыл алышат деп ойлоодо. Бул куру кыял өз ээлерин өлтүрөт. Себеби, акыйкат жаркырап турат, ошондуктан, акыйкат калкын эч бир кафир же эч бир мунафык алдай албайт…

Рияз конференциясы – жыйындар жагынан болобу же башка жактан болобу, айырмасыз – кыйроого жүз тутат. Себеби, Шамдын чыныгы эр кишилери «ИнтерКонтинентал» мейманканасында акча жана адашууга кириптер болгон кимселер эмес. Тескерисинче, Шамдын чыныгы эр кишилери – анын арстандары. Үммөт аларды – садыктыгы жана калыстыгы себептүү – жакшы тааныйт. Алар да Үммөттүн жакшылыгы Кыяматка чейин уланышына бекем ишенишет. Алар акыйкатты бийик айткан, жүрөгү жана ооздору менен «Ал (т.а. козголоң) Аллах үчүн, ал Аллах үчүн» деп бийик кыйкырган чыныгы эр кишилер. Алар Аллах Субханаху жана Расулу A Шам:

«عُقْرُ دَارِ الْإِسْلَامِ بِالشَّامِ»

«Ислам диярынын борбору – Шам» деген хадисте (Табароний Кабирде Салама ибн Нуфайлдан чыгарган) айтылгандай Шам болушун каалагандай, Шам Ислам диярынын борбору болушун каалап жаткан эр кишилер. Режим менен сүйлөшүү алып баруу керек деп, ошол эле учурда, режим башчысына эч кандай орун жок деп айтып жаткан тигил кимселер Шамдын эр кишилери эмес. Себеби, тогут режим менен сүйлөшүү алып барылбайт! Чыныгы эр кишилер «илманий жарандык мамлекетти тургузуу» буйрулуп, натыйжада бул буйрукка баш ийип ыраазы болуп турган, ошол эле учурда, өздөрүн исламчы деп көрсөтүп жаткан кимселер эмес! Чыныгы эр кишилер адамзат Роббисинин өкүмү эмес, инсан өкүмү менен адал жана арам кылынган демократия керек деп жаткан кимселер эмес! Негизи, Ахкамул хакимин болгон Аллах мындай дейт:

﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ﴾

«Өкүм кылуу Аллахтын Өзүнө гана таандык»                                                         [6:57]

Саудия падышасы, анын кожоюну жана аны колдоп жаткан акимдер кыйроо жакасында турушат. Алар жакында Шам аларга моюн сунбастыгын, илманийликке моюн сунбастыгын, алардын жарандык мамлекетине моюн сунбастыгын билип алышат. Жада калса, алар Шам калкын алдап бирер «раундда» жеңип чыгышкан тагдырда да алар таптакыр бекем орношо алышпайт. Тескерисинче, алар канчалык тогуттук кылышпасын жана канчалык кылмыштарды жасашпасын, алардын абалы Күчтүү, Азиз Зат:

﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ﴾

«Жакында мындай кылмышкерлерге кылып өткөн айла-амалдары себептүү Аллах алдында кордук жана катуу азап жетет»                                                                 [6:124]

деп айткандай болот.

Эй конференцияны өткөрүп жаткандар, биз силерге кайрылып жатабыз. Мына, конференцияңар бүттү, силер азыр Саудияда (анын кол астында) эмессиңер. Эми, жасаган ишиңер жөнүндө жакшылап ой жүгүртүп көргүлө. Себеби, силер режим менен сүйлөшүү алып баруу чоң кыянат экенин жакшы билесиңер! Режимдин адамзатка, тоо-ташка, бак-даракка каршы ушунча кылмыштарынан кийин аны менен сүйлөшүүгө киришүү чоң кыянаттык!!! Силер илманий жарандык мамлекетке чакыруу кылмыш экенин да жакшы билесиңер. Себеби, силер мусулмансыңар, ал эми, Ислам Аллах түшүргөн нерсе менен башкарууну фарз кылган. Исламдагы башкаруу түзүмү – рошид Халифалык. Ал Аллахтын уруксаты менен момундардын жардамы менен кирип келүүдө. Анткени, Халифалык – Аллах Субханахунун убадасы жана Расулу Aдын башараты… Ушундай болгон соң, эс-акылыңарга, тууралыкка кайткыла. Анткени, акыйкатта кайтуу – фазилет. Күнөөсү үчүн тообо кылган киши күнөөсү жок киши сыяктуу. Араңарда режим менен келишим түзүүнү жана корлорчо, шерменделерче сүйлөшүү алып барууну четке кагышын ачык айткан рашид эр киши жокпу? Араңарда ушундай эр кишилер жокпу? … Жокпу?

﴿أَلَيْسَ مِنْكُمْ رَجُلٌ رَشِيدٌ﴾

«Араңарда рашид – туура жолго жүрүүчү киши жокпу?!»                                    [11:78]

Ал эми, силер, эй Шам жериндеги садык, калыс эр кишилер, Аллахтын рахматынан үмүтүңөрдү таптакыр үзбөгүлө… Өзүңөр турган акыйкат үстүндө бекем болгула! Себеби, батылдын бир утушу болсо, Акыйкаттын көп утушу болот. Чынында, силердин козголоңуңар ачыкка чыгаруучу козголоң. Себеби, козголоңуңар душмандардын, тил бириктирүүчүлөрдүн жана мунафыктардын жүзүн ачыкка чыгарып шерменде кылды. Ошондуктан, аларга капарсыз адам гана алданат, алардын айла-амалынын тузагына жахил гана түшөт.

Хизб-ут-Тахрир – өз калкын таптакыр алдабаган жетекчи. Ал Ислам жана мусулмандар душмандарынын пландарын кыйратуу жана рошид Халифалыкты тикелеп Исламий жашоону кайра баштоо үчүн күндү түнгө улап силер менен бирге аракет кылууда. Ошондой болгон соң, ага жардам бергиле, аны колдогула. Келгиле, Халифалык таңы атышына биргеликте күбө бололу!

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Аллах нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишиге нусрат берет. Ал кудуреттүү жана ырайымдуу»                                        [30:4-5]

 

Хизб-ут-Тахрир                                                                                          29-сафар, 1437-х.

                                                                                                                11-декабрь, 2015-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here