95 жаштагы аксакал диктатор режимдин курмандыгы болду

295
0

 

Бүгүн  (15.12.2015)  Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабиринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына каршы  рейд уюштурулду. Натыйжада күч түзүмүнүн кызматкерлери Кабиринин жакын туугандарын камакка алышып, белгисиз  тарапка алып кетишти. Азырынча алардын тагдыры туурасында бирер маалымат бериле элек.

Payom сайтынын кабар беришинче, кармалгандардын арасында Кабиринин 95 жаштагы атасы Тилло Кабиров  да бар болуп,  аны күч түзүмдөрү катуу коркутуп алып кетишкен.

Маалымат катары айтып өтөбүз, Тажикстан Ислам кайра жаралуу  партиясы Тажикстанда  90-жылдардан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.  Тарапкерлери көп болуп, өкмөт тарабынан  анын ишмердүүлүгүнө каршы дээрлик бирер аракет болбогон.  Ислам кайра жаралуу партиясынын Тажикстандын түрдүү аймактарында  офистери бар болуп , көптөгөн жылдар бою ишмердүүлүгүн жүргүзүп келди.   Алар элдин арасында өз максатын көздөй умтулуп, мечиттерди курушту, жетимдерге,  муктаж адамдарга жардам беришти. Алардын  бул иштерин  кез-кезде Иран   мамлекети алкыштап турат эле. Эркектер катарында аялдар да Ислам кайра жаралуу партиясына мүчө болушту. Алардын максаты, парламенттен орун ээлеп Исламдын өнүгүшү үчун салым кошуу болчу. А бирок, бардык диний булактарга келген  коркунуч булардын башына да жетип келди.

Үсүтүбүздөгү жылдын башында Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабири иш сапар деген шылтоо менен чет өлкөгө кетти. Бул сапары узак мөөнөткө созулуп, Кабири  мекенине кайтып келбеди. Хизб ут-Тахрир  бул жетекчи кокустан кайып болушунун артынан жаңы окуялар жүз беришин сезип, социалдык тармактар аркылуу адамдарды бул куфрдун кезектеги айла-амалы экендигинен кайра-кайра эскертти.  А бирок, Кабиринин келишин зарыгып күтүп жаткан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү бул нерсеге таптакыр көӊүл бурушпады.

Ислам кайра жаралуу партиясы  ушул жылдын март  айында болуп өткөн парламенттик шайлоодо өтө аз добуш алганы себептүү мамлекеттин аймагында  мурункудай эркин иш жүргүзө албай калды. Мындан тышкары, өкмөт тарабынан анын лидерлерине түрдүү басымдар колдонулду,  алардын 13 мүчөсү камакка алынып, көпчүлүгү мамлекеттен чыгып кетүүгө мажбур болушту. Октябрь айында Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттеринин бири , муслима аял Зарафо Рахмоний   камакта орган кызматкерлери тарабынан зордукталды. Бул партия  буга чейин Хизб ут- Тахрирдин айыптарын ачып, ушак таркатып, калкты  ( алардын тили менен айтканда) Тахрирчилерге каршы   тукуруп,  Хизб ут-Тахрирдин идеясын ката деп билип, ал тургай чекте кагып келген. Исламга каршы болгон  аракеттердин бардыгына Хизб ут-Тахрир айыптуу деп билишкен. Сайттар аркылуу Хизб-ут- Тахрирдин максаттарын каралаган макалаларды чыгарышкан.

Ал эми бүгүнкү күнгө келип, өздөрү  куфр зулумуна кириптер болушту.  Эмомали Рахмондун диктатор режими  өзүнүн кызыкчылыгы жолунда ал тургай Мухиддин Кабиринин 95 жаштагы атасына да ырайым кылбады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here