Кытай уйгур мусулмандарынын аялдары жана жаш балдары ырайымсыздык менен кыргын кылынышын актоо үчүн Париж чабуулдарынан пайдаланууда

256
0

Кытай уйгур мусулмандарынын аялдары жана жаш балдары ырайымсыздык менен кыргын кылынышын актоо үчүн Париж чабуулдарынан пайдаланууда

2015-жыл, 20-ноябрда Кытай өкмөтү сентябрь айында Шинжаң областындагы көмүр кенине кылынган чабуулга тиешеси бар экендикте күмөн кылып 28 адамды өлтүрүп жибергенин билдирди.

Бул өлтүрүлгөндөр уйгур мусулмандары болуп, алардын арасында 4 аял, 3 жаш бала болгон. Алар тогуз жаштагы кыз менен алты жаштагы балдар эле. Алардын өлтүрүлгөнү туурасындагы кабарлар рейд өткөрүлгөнү расмий түрдө моюнга алынгандан бир нече күн мурда жүзөгө чыга баштаган эле. А бирок, өкмөт окуянын тафсилаттарын Париж чабуулдарынан кийин жарыя кылууну абзел көрдү. Бул операция «терроризмге каршы күрөштө жетишилген үлкөн жеңишибиз болуп эсептелет» деп айтылат Кытай коопсуздук министрлигинин электрондук сайтында. Чындыгында, Кытай коммунисттик партиясы мусулман Шинжаңда жүргүзүп жаткан терроризмге каршы күрөш кампаниясын жума күнү Парижде жүз берген окуядан кийин ого бетер күчөттү. Ал Чыгыш Түркстан мусулмандарына карата терроризмге каршы күрөш деп туура эмес ураан астында жүргүзүп жаткан согушуна бүгүн Ислам жана мусулмандарга каршы бүт дүйнө бойлоп жүргүзүлүп жаткан согуштун бир бөлүгү катары карап жатат. Ошондуктан, Кытай режими айыпсыз карапайым адамдар, аялдар жана жаш балдардан турган уйгур мусулмандарга каршы ишке ашырып келе жаткан жийиркеничтүү кылмыштарын, эми, Америка жетеги астында ишке ашырылып жаткан крестүүлүк коалициясына мүчө мамлекеттер алдында эч бир уялбастан кеӊири ашкере кылууга токтом кылды.

Демек, бул ыпылас кылмышкер режим региондо Исламдын жүзөгө чыгышына тыюу салуу максатына каратылган жана жаш-кары дебестен уйгур мусулмандарына каршы ишке ашырып жаткан өзүнүн ырайымсыз террорчулук кампаниясын Париж окуясы шылтоосунда актамакчы экенине таптакыр күмөн жок. Өткөн сентябрь айында көмүр кенине кылынган чабуулдан бери бул өкмөт калкынын көпчүлүгү мусулмандар болгон Шинжаңда жүргүзүп жаткан бир катар рейддеринин бир бөлүгү катары миңге жакын мусулманды камакка алды. Мындай рейддер – коммунисттик кылмышкер өкмөттүн мусулман уйгурлардын бийликке каршы көтөрүлүшүнүн алдын алууга каратылган стратегиясы түркүмүнөн деп айтууга болот. Себеби, анын башкаруусу диктатор канкор башкаруу болуп, мусулмандар Исламга амал кылуудан баш тартышы үчүн ушул аркылуу аларды коркутууга аракет кылууда.

Акыркы жылдарда Кытай өкмөтү жана анын тарапкерлери жүздөгөн мусулманды өлтүрдү. Пакиза уйгур муслималарын жырткычтык менен мажбурлап аборт кылдырды. Мындан тышкары,мамлекеттик кызматта иштеген мусулмандарга рамазан орозосун кармоого тыюу салуу, борбор шаар Үрүмчүдө муслима аялдардын никаб кийүүсүнө тыюу салуу, исламий кийимге оронгон муслималардын коомдук транспорттордо жүрүшүнө уруксат бербөө, ал тургай, жүзүн жапкан муслималарды да камакка алуу… сыяктуу бир катар карамүртөз саясаттарды колдонду. Бүгүнкү күндө Кытай, Россия жана Батыш өкмөттөрү Ислам дүйнөсүндөгү кызыкчылыктарын коргоо максатында Ислам пикирине ээ болгон жана ага амал кылган адамдарга каршы согушуу үчүн абдан тыкан даярдалган о.э. терроризм деген нерсе менен колдоп-кубатталган жолдо биргеликте кадам таштап жатышат.

Кылмышкер Кытай режимине мындай суроо бермекчибиз: Бул үч наристе сенин мамлекетиӊе кандай террордук коркунуч туудурушу мүмкүн эле?! Мусулман аялдар жана жаш балдарды террорчу кылып көрсөтүү менен эмнеге жетишмекчи болуп жатасыӊ? Сөз мындай: Сенин мусулман уйгур ага-ини жана эже-сиӊдилерибизге каршы ишке ашырып жаткан кылмыштарыӊдын бири да жашыруун бойдон калып кетпейт, аны бүт дүйнө көрүп турат, биз ар бирин, ар кандай ыкма менен ашкере кылабыз. Сени эскертип коймокчубуз, Аллах Субханаху ва Тааланын уруксаты менен, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети кайра тикеленишинин астында турабыз. Халифалык мусулмандарга зулум кылууга, аларды бастырууга жана канын төгүүгө батынган ар бир адам менен катуу-ырайымсыз мамиледе болот.

﴿وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنْقَلَبٍ يَنْقَلِبُونَ﴾

«Залим кимселер болсо жакында кандай акыбетке карай бара жатышканын билип алышат»                                                                                                                                   [26:227]

Эй мусулмандар, эй күч-кубат жана жардам калкы, биз силерди Чыгыш Түркстан мусулмандарын мындай жырткычтык репрессиядан куткаруучу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөөгө катуу аркет кылууга чакырабыз.

 

Хизб ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Бейрут-Ливан

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here