ыргызстан түрмөсүнөн мусулмандар качкандан кийин…

266
0

Кыргызстан түрмөсүнөн мусулмандар качкандан кийин Бишкекте өтө кеӊири масштабда текшерүү иштери жүрүп жатат. Ушул кылмыш ишке ашырылгандан кийин бүтүндөй мамлекеттик аппарат, маалымат каражаттары жана эксперттер тобу, Ислам жана мусулмандарга каршы кеӊири көлөмдөгү маалыматтык чабуул кампаниясын активдештирип жиберишти.

Кыргыз өкмөтү Россиянын олуттуу басымы астында дагы кайрадан Ислам жана мусулмандарга каршы олуттуу аракеттерди ишке ашырууга даярдана баштады. Бул абал 2006-жылы Бакиевдер бийликке орношуп алышкандан кийин, Рафик кары Камаловду атып өлтүрүүнүн артынан баштаган репрессивдик аракеттерди эске түшүрөт. Ошондо вице-премьер болуп турган Мадумаров тарабынан Ноокат окуясы ишке ашырылган эле. Ал күндөрдө азыркы президент жана өкмөт башчыларыбыз оппозицияда эле. Алар бул репрессивдик иш-аракеттерди каралап, “адамдарды Аллаху акбар дегени үчүн да камашабы” деп айтышкан эле.

 2015-жылдын башында шейит Рафик Камоловдун уулу, “Ас Сарахсий” мечитинин имамы Рашод кары Камолов камакка алынып, бүгүнкү күнгө чейин камакта жатат. Соттук жараяндар да кудум мурунку Бакиевдер доорундагыдан айырмаланбайт. Мындан тышкары, кыргыз бийлиги мамлекеттин түндүк аймагында бир нече жолу мусулмандардын атынан террордук иштерди уюштурууга аракет кылып көрдү. Ал тургай, Исламий террорчулар деген шылтоо бир нече адамды атып өлтүрүп, бир нечесин камакка алышты. Жакында болсо, үч милиция кызматкеринин өлүмү менен аяктаган, 9 адамдын түрмөдөн качып кетүү операциясы ишке ашырылды.

Көӊүл бурган болсоӊуз, ар бир операциянын артынан ондогон, кээде жүздөгөн мусулмандар камакка алынышат же башка ыкмалар менен зулум көрүшөт. Бир мусулманга доомат кылынышынын артынан артынан, ушул сыяктуу жийиркеничтүү иштер миңдеген мусулмандар үстүнөн ишке ашырылат.

Бирок, бүгүнкү күндө Данияр Нарымбаев камакка алынды. Ал киши президенттик аппараттын башчысы болуп турган кезинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жүз миңдеген доллар пара алгандыкта айыпталууда. Нарымбаевдер кылган кылмыштар албетте жабылат. Бирок, ал кишинин ыпылас кылмышы үчүн президент же аппарат мүчөлөрү эч кандай, жок эле дегенде моралдык жоопкерчилик да алышпайт! Же ондогон депутаттар соттолушат. Ал тургай, спикерлер кылмышкер болуп түрмөдө отуруп чыгышты. Миңдеген орган кызматкерлери же прокуратура жана сот кызматкерлери кылмыш үстүндө кармалып жатышат. Кармалбагандары калган бөлүгүн түзүшөт. Т.а. бардыгы кылмышкер, бирок, азырынча кармала элек. Муну баарыбыз жакшы билебиз! Эмне үчүн алардын кылмыштары үчүн демократия өкүлдөрүнө же бийликке тиешелүү бардык адамдарга каршы маалыматтык чабуул ишке ашырылбайт.

Биз ушул жийиркеничтүү корупционерлердин Ислам жана мусулмандарга карата ишке ашырып жаткан доомат жана жалааларына эмне үчүн ишенишибиз керек? Ал тургай, бир нече мусулмандар алар айткан кылмыштарды кылган күндө да, Ислам жана мусулмандардын атына кандай так түшүүшү мүмкүн. Ар бир адам өз кылмышы үчүн өзү жооп бериши керек. Эмне үчүн биз “өкмөт мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы залим жана кылмышкер болуп кетишти” деп бүтүндөй өкмөттүк органдарга ишенбестик же итаатсыздык жарыя кылбай жатабыз. Алар болсо бир нече мусулман кийимин кийген адамдарды мисал кылып келтиришип, “Исламды жашоосу үчүн негиз кылган бүт мусулмандарды жок кылып жиберүү керек” деп жар салышат.

Бул кудум, улутчулдук негизиндеги аракеттердин принципиалдуу көз карашын эске түшүрөт. Алар да “бир улут өкүлү тарабынан ишке ашырылган кылмыш үчүн ошол улут өкүлдөрүнүн бардыгы жоопкер” деп билишет. Россия баш болуп жүргүзүлүп жаткан Ислам жана Мусулмандарга каршы аракет, жогорудагы улутчул аракеттердин принциптери негизинде жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстан мамлекети да Россиянын изи менен жүрүп, жогорудагы мусулмандардын атынан бир нече кылмыштуу деп билген иш-чараларды уюштурууга аракет кылды. Булардын бардыгы, алардын тили менен айтканда, исламий терроризм жана экстремизмге каршы катуураак иш-чараларды белгилеген мыйзамдар кабыл алынышына даярдык көрүү болду.

Кыргызстан өкмөтү Россиянын басымы астында иш жүргүзүп жатат. Бирок, биз бул сыяктуу бийликтерге бир аз сабыр кылып турууну нассат кылабыз. Россия жакында кыйроого учурайт, инша Аллах. Түпкүлүгүндө, ал кыйроого учурап болду. Болгону, ал т.а. Путин өз кризисин согуштар менен убактылуу болсо да жашырууга аракеттенип жатат. Шашылып кетип Ислам жана мусулмандарга каршы Россия менен бирге аракеттенүү – кийин бул каталардын ачуу натыйжаларын аны менен бирге тартууга мажбур кылып коёт.

Биз Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин атынан кыргыз өкмөтүнө Ислам жана мусулмандарга зулумду күчөтүү ниетинен кайтууну насаат кылабыз. Бул аракетиӊер т.а. исламий адамдардын кылмыштарын мисал кылып, бардык мусулмандарга баа берүү ыкмаӊар, ИШИМ уюмунун – бир нече аскердин кылмышы себептүү – бүтүндөй күч түзүмүнө карата “такфир” (бардыгы кафир) деп берип жаткан фатвасынан айырмаланбайт. Россия өзү менен өзү убара. Ал силерди жарандардын карма-каршылыгы баткагына тыгып коюп чыгып кетет. Негизгиси, Россия менен бирге мусулмандарга каршы парралел аракет кылышыӊар, Афганистандагы мужахид кыймылдар Россиянын бир бөлүгү катары силерге каршы багыт алышы үчүн шаръий жолдорду ачып бериши мүмкүн.

Тыянак кылып айтканда, Россияны коргоп тынч абалыбызды сактап калабыз деген ой негизиндеги аракетиӊер, тескери натыйжа бериши мүмкүн.

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмү

20.10.2015.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here