Жоолукчан кызды мектепке киргизбей жатышат

203
0

Кыргызстан калкынын 85 пайыздан көбүрөөгү мусулмандар экендигине карабастан, акыркы жылдарда мектептерде хижаб маселеси курч бойдон калууда. Расмий өкмөт да Кыргызстанда башка проблема калбагандай, бирдиктүү мектеп формасын киргизүүгө көӊүл буруу аркылуу мусулман окуучу кыздардын укуктары тебеленишине жол ачып берүүдө.

 Оштогу “Олимп” мектебинин 9-клаасынын окуучусу Камила Якубова жоолук оронуп келгени үчүн мектепке киргизилбей жатат. Бул тууралуу Камиланын жактоочусу Замир Адигинеев “Азаттык” радиосуна билдирген.

 Жактоочунун айтымында, мектеп жетекчилиги жоолук оронуп келгени үчүн Камилага эскертүү берип, окуу жылы башталгандан бери мектепке киргизбей жатат. Камила ошол мектептин жанында жашаганына карабастан, үйүнөн алыс жайгашкан мектепке каттап окууга мажбур болууда.

 Жактоочу Адигинеев директордун бул аракети мыйзамсыз экенин айтып, Ош шаардык прокуратурасына кайрылган. Ал эми прокуратура мектеп администрациясынын чечимин колдоп билдирүү берген.

 “Олимп” мектеп-гимназиясынын директору Александр Язов болсо бирдиктүү форма туурасындагы мектептин токтомуна ылайык, Камиладан жоолукту чечүүнү талап кылгандыгын айтууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here