АКШ: Сирия маселесинде Россия менен кызматташуу жолун табышыбыз мүмкүн

303
0

АКШ коргоо министри Эштон Картер Вашингтон менен Москва Сирия маселесинде кызматташтык тармактарын табышы мүмкүн экендигин билдирди.  Картердин айтымында, ал үчүн Сириядагы кризиске саясий чечим табуу о.э. ИШИМди жеӊүү чекитинде АКШ менен Россия параллел аракет кылышы керек.

Эштон Картер Украина коргоо министри Степан Полтора менен жолугушуусунан кийин уюштурулган маалымат жыйынында журналисттердин Сирия кризиси тууралуу суроолоруна жооп берди. Өткөн апта Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн эскертип өткөн Картер кесиптеши менен ИШИМди жеӊүү о.э. Сирияда саясий чечим табуу керектиги тууралуу сүйлөшүп алгандыгын билдирди. Картердин айтымында, жогорудагы эки максатка каратылган аракеттерди бир мезгилде ишке ашыруу логикага да туура келет.

“ИШИМди жеӊүү үчүн аракет кылынып жаткан соӊ, башка бир тараптан саясий чечим табууга аракет кылбастык ИШИМдин негизин түзгөн экстремизмди азыктандыруу мааанисин түшүндүрөт. Эгерде Россиянын пикири ушундай болсо, мында бир аз карама-каршылык бар. Бул карама-каршылыктан чыгуунун жолу болсо жогорудагы эки максат үстүндө параллел көрүнүштө аракет кылуу. Ушундай максатта биз Россия менен жолугушуу өткөрүүгө даярбыз”, – деди Картер.

АКШ коргоо министри башка бир суроого жооп берип, Россия жана АКШнын Сириядагы кызыкчылыктары бири-бирине үндөш болсо да, АКШнын Украинага тиешелүү саясатында бирер бир өзгөрүш болбостугун баса белгиледи. Картердин айтымында, АКШнын Украинага берип жаткан жардамдары жана Россиянын ал жердеги аскерий аралашуусун каралоосу улана берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here