Хизб-ут-Тахрирдин мубарек курман айт куттуктоосу

294
0

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек курман айт куттуктоосу

Аллоху акбар, Аллоху акбар, Аллоху акбар, ла илаха иллаллох,

Аллоху акбар, Аллоху акбар, ва лиллахил хамд…

Аллахка мактоолор болсун, Расулуллахка, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына, аны дос туткандарга… аны ээрчигендерге, Исламий акыйданы өз фикратынын негизи, шаръий өкүмдөрдү амалдардын өлчөөсү жана өкүмдөрүнүн булагы кылып алгандарга салату-салам болсун, амма баъд…

Эй бүткүл дүйнө мусулмандары…

Биз, Хизб-ут-Тахрир Борбордук басма сөз бөлүмүндөгүлөр, бүткүл Исламий Үммөткө, күндү түнгө улап зомбулук доорунун режимдери менен алышып, Аллахтын пендеси жана Расулу A башарат берген Халифалык мамлекетин тикелеп Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн күрөшүп жаткан Хизб-ут-Тахрир жигиттерине жана кыздарына Хизб-ут-Тахрир амири, аалым Ато ибн Халил Абу Роштанын – Аллах Таала Өз коргоосунда сактасын – мубарек Курман Айт куттуктоосун кубаныч менен жеткиребиз.

Бул Айт Үммөт колонизатор кресттүү коалициянын чабуулдарына кабылып жаткан учурда кирип келди. Бул коалиция Расулуллах A башарат кылган Халифалык мамлекетинин тикеленишине жол бербөөнү көздөп, куфр мамлекеттерин ээрчип бара жатат. Ал эми, Франция, Британия жана Россия сыяктуу куфр мамлекеттери ИШИМге каршы согушууну шылтоолоп, Сирия жана Ирактагы мусулмандардын канын төгүү үчүн катуу аракет кылышууда. Ошол эле учурда, Иран жана Булуң мамлекеттеринин акимдери буга чейин тынч болгон Яманда согуш чыгарып күчөтүү үстүндө мелдешүүдө. Расулуллах A Яман калкын хикмат жана ыйман ээлери деп сыпаттаган. Бирок, бүгүн айрым ямандыктар айла-амалдуу пландарды ишке ашырып жаткан жетекчилер артынан ээрчишүүдө. Мусулмандар Расулуллах Aдын:

«إذَا الْتَقَى الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهٍمَا فَالْقَاتِلُ وَالْمَقْتُولُ في النَّارِ»

«Эки мусулман бир-бирине каршы кылыч көтөрүшсө, өлтүрүүчү да, өлтүрүлгөн да тозокто», деген сөзүн унутушуп жана:

«سِبَابُ الْمُسْلِمِ فُسُوقٌ وَقِتَالُهُ كُفْرٌ»

«Мусулманды сөгүү – фасыктык, өлтүрүү – куфр», деген сөзүнөн жүз үйрүп, ошол айла-амалдуу планга ылайык бири-бири менен согушууда. Муну менен Расулуллах Aдын коштошуу хутбасындагы осуятына каршы иш кылышууда. Расулуллах A бул хутбада мусулмандын каны кол тийгис экенин катуу баса белгилеген. Ровий айтат: Набий A курмандык күнү мындай деди: Билесиңерби, бүгүн кайсы күн? Аллах жана Расулу билүүчүрөөк, дедик. Ал зат унчукпай туруп калды. Биз бул күндүн атын башкача атаса керек деп ойлоп калдык. Пайгамбарыбыз: Курмандык күнү эмеспи? – деди. Биз: Ооба, ошондой дедик. Пайгамбар \ Бул кайсы ай? – деди. Биз: Аллах жана Расулу билүүчүрөөк дедик. Ал зат унчукпай туруп калды. Биз бул айдын атын башка ат менен атаса керек деп ойлоп калдык. Пайгамбарыбыз: Зул-хижжа эмеспи? – деди. Биз: Ооба, ошондой деп жооп бердик. Пайгамбарыбыз: Бул кайсы шаар? – деди. Биз: Аллах жана Расулу билүүчүрөөк дедик. Андан соң Пайгамбарыбыз дагы сүкүт кылды. Жада калса, биз бул шаардын атын башкача атаса керек деп ойлоп калдык. Пайгамбарыбыз: Согуш арам кылынган шаар эмеспи? – деди. Биз: Ооба, ошондой дедик. Андан кийин Пайгамбар A айтты:

«فَإِنَّ دِمَاءَكُمْ وَأَمْوَالَكُمْ عَلَيْكُمْ حَرَامٌ كَحُرْمَةِ يَوْمِكُمْ هَذَا، فِي شَهْرِكُمْ هَذَا، فِي بَلَدِكُمْ هَذَا إِلَى يَوْمٍ تَلَقَّوْنَ رَبَّكُمْ. أَلاَ هَلْ بَلَّغْتُ؟ قَالُوا: نَعَمْ، قَالَ: اَللَّهُمَّ اشْهَدْ. فَلْيُبَلِّغِ الشَّاهِدُ الْغَائِبَ فَرُبَّ مُبَلَّغٍ أَوْعَى مِنْ سَامِعٍ، فَلاَ تَرْجِعُوا بَعْدِي ضُلاَّلاً يَضْرِبُ بَعْضُكُمْ رِقَابَ بَعْضٍ»

«Шек-күмөнсүз, каныңар жана малыңар Раббиңерге жолуга турган күнгө чейин силерге – ушул күнүңөр, ушул айыңар жана ушул шаарыңар(да согуш) арам кылынгандай – арам. Жеткирдимби? Адамдар: Ооба жеткирдиңиз дешти. Ошондо Пайгамбарыбыз айтты: Аллахым, Өзүң күбө болгун. Бул жердегилер келбегендерге жеткирсин, себеби кээде жеткирилген адам уккан адамдан көрө аңдоочураак болушу мүмкүн. Анан, менден кийин бири-бириңерди өлтүрүп, куфр же адашууга кайтып кетпегиле».

Бирок, Үммөт кандай гана окуяларды башынан өткөрбөсүн, биз Аллах Тааланын убадасына анык ишенебиз. Ал Зат Өз динин үстөм кылууну о.э. Расулу Aдын жабыр көрсөтүүчү залим падышалыктан кийин Халифалыктын тикелениши туурасында айткан башаратын жүзөгө чыгарууну убада кылган. Аллахтан мындай падышалыктын кулашын жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык тикеленгенин өз көзүбүз менен көрүүбүздү сурап дуба кылабыз.

Биз Үммөттү ушул мубарек Курман Айт менен куттуктап, убакыттан пайдаланып, бардык мусулмандарды, оболу, өзгөрүү жасоого кудуреттүү болгон армиядагы офицерлерге жана кубат ээлерине Аллахтын калимасын бийик кылууга, шариятын колдонууга милдеттүү болгон шаръий вазыйпаларын эске салабыз. Бирок, анын ишке ашуусу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолду тутуучу Халифалык мамлекетисиз жүзөгө чыкпайт. Эгер, жетекчилер жана офицерлер бул иште кайдыгерлик кылышса, бүткүл Үммөт аларга басым өткөрүшү, исламий жашоону кайрадан баштоо жана кафирлердин кордук, кулдук кылуусунан азат болуу аркылуу шарият жана калк таламын кабыл алууга мажбурлашы шарт. Хак Субханаху ва Таала исламий акыйдага байланган момундарга Аллах үчүн достошууну жана Аллах үчүн душмандык кылууну фарз кылган.

إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَهَاجَرُوا وَجَاهَدُوا بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنفُسِهِمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالَّذِينَ آوَوا وَّنَصَرُوا أُولَٰئِكَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ

«Албетте, ыйман келтирген, хижрат кылган жана мал-жандары менен Аллах жолунда жихад кылган жана үй-жай берип, нусрат-жардам берген заттар – далошолор, бири-бирине дос»     [8:72]

وَالَّذِينَ كَفَرُوا بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ إِلَّا تَفْعَلُوهُ تَكُنْ فِتْنَةٌ فِي الْأَرْضِ وَفَسَادٌ كَبِيرٌ

«Кафир болгон кишилер бири-бирине дос, камкор-шериктеш (болушат). (Демек, эй момундар, силер аларды өзүңөргө душман туткула). Эгер, андай кылбасаңар(т.а. момунга дос, кафирге душман болбосоңор), жерде фитна жана чоң бузулуу болот»    [8:73]

Мен, Хизб-ут-Тахрир борбордук басма сөз бөлүмүнүн төрагасынын, жана басма сөз бөлүмүнүн кызматкерлеринин куттуктоосун силерге жана бүткүл Исламий Үммөткө жеткирип, Мавла Азза ва Жаллага жалбарып келерки айтты Исламий Үммөт Укоб байрагы астында жашап жаткан абалда, Аллахтын уруксаты менен биригип үстөм болгон, дагы кайрадан жетекчи макамды ээлеген абалда келтиришин сураймын, албетте, Ал ар нерсеге кудуреттүү Зат.

Эй Хайй, Койюм, Ханнан, Маннан Аллахым, эй асманды устунсуз көтөрүп койгон Роббим, бизди күттүрбөстөн тезирээк Халифалык мамлекети менен азиз кылгын! Эй Аллахым, адамдарды инсанга кулдук кылуу ыпластыгынан азат кыла турган, пенделерди пенделерге ибадат кылуудан чыгарып, ааламдар Роббиси Аллахка ибадат кылууга алып чыга турган рошид халифага байъат берүүнү насип эткин. Бул халифа инсандарды бул дүйнө тардыгынан дүйнө жана Акырет кеңдигине, ыплас капитализм хазаратынын караңгылыгынан Исламдын адилет жана рахмат нуруна чыгарсын.

Аллах таат-ибадаттарыңарды кабыл алсын

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух

Аллахым, Сени бардык кемчиликтен аруулап, Өзүңө хамд айтабыз. Сенден өзгө эч бир илах жок деп күбөлүк беребиз, Сенден гана магфират сурайбыз жана Сага гана тообо келтиребиз

 

Хижрий 1436-жыл, мубарек Курман Айтынын кечеси

Усман Баххаш

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

Уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here