Кыргызстан шейиттеринин катары кеӊейип барууда

277
0

 Ар бир кыла турган ишин жана баса турган кадамын Россиянын каш-кабагына карап ишке ашыра турган Кыргызстан өкмөтү да орус өкмөтүнүн артынан жүрүп эч кандай далил-фактысыз эле 2003-жылы мамлекеттин аймагында Хизб ут-Тахрир жамаатынын ишмердүүлүгүнө тыюу салып койгон. Кыргызстанда өкмөттөр, президенттер тынымсыз алмашып жаткан болсо да, алардын Ислам жана мусулмандарга каршы, айрыкча, Ислам динин өзүнүн түзүмүнө ээ болгон мабда катары көтөрүп чыгып жаткан Хизб ут-Тахрирдин жигит-кыздарына каршы жүргүзүп жаткан жийиркеничтүү күрөшүн күндөн-күнгө  күчөтүп барууда. Себеби, Хизб жигиттери көтөрүп чыгып жаткан пикир жана максат өкмөттүн тынчтыгын бузуп койду, ошол себептен улам расмий өкмөт Хизб жигит-кыздарын ар түрдүү жалаа жана дооматтар менен камакка таштаганы жетишпегендей, залим зындандарында боордошторубузду максат жана пикирлеринен кайтаруу үчүн ар түрдүү кыйноолорду колдонуп келе жатат.

 Ушундай кыйноолор себептүү 1969-жылы 15-ноябрда Жалал-Абад областына караштуу Шамалды-Сай айылында төрөлгөн боордошубуз Кулмырзаев Кадыралы өткөн жылы – Аллахтын уруксаты менен –шейиттик дараджасына жетишкен эле. Арадан бир жыл өтүп, расмий бийлик кан күсөп калганын дагы бир жолу көрсөтүшүнүн натыйжасында т.а. 18-сентябрь күнү Бишкек камактарынын биринде 1974-жылы 8-январда Шамалды-Сайда төрөлгөн боордошубуз Жусупбеков Муратбек Тойчубаевич да шейиттер кербенине кошулду.

Боордошубуз Жусупбеков Муратбек Хизб ут-Тахрир жамаатынын активдүү мүчөлөрүнөн болчу. Бул ыйманы бекем боордошубуздун Аллахтын өкүмдөрүн бийик кылуу үчүн Хизб сабында тынымсыз аракет кылышы өкмөттүн назарынан четте калбады. Кыргызстан өкмөтү анын ишмердүүлүгүнө чек коюу максатында, аны  кайра-кайра камакка таштай баштады. Боордошубуз алгач 2003-жылы Акаев өкмөтү тарабынан камакка алынып, 4 жылга эркинен ажыратылган болчу. Боордошубуздун биринчи камакка алынышында ыраазылыкты Аллахтын алдынан эмес, тескерисинче Анын махлукунун алдынан издеген Бачебаев Кенеш катуу аракет кылган эле.

Камактан чыккандан кийин да убадасына бекем туруп ишмердүүлүгүн тынымсыз улантканы үчүн 2009-жылы Бакиев бийлиги тарабынан кайрадан камакка ташталды. 2014-жылы болсо Атамбаев бийлиги да аны дагы кайрадан камакка алды. Бул жолу расмий өкмөт анын даъват ишмердүүлүгүнө биротоло чек коюуга токтом кылды жана боордошубуз алардын зулумдары артынан – Аллахтын уруксаты менен – шейиттик даражасына жетишти. Мейли, биз анын өлүмүнөн кайгыда болсок да, Аллахты ыраазы кылуучу сөздөн  башка сөздү айтпайбыз:

 “Албетте, бардыгыбыз Аллахтыкыбыз жана албетте, баарыбыз Ага кайтуучуларбыз  [2:156]

 Өз кезегинде боордошубуздун жакындарына, айрыкча, Мураттын 5 баласы жана алардын тарбиясы мойнунда калып жаткан карындашыбыз Наргиза Молдалиевага тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.

 Расмий өкмөткө эскерте кетүүчү нерсе, алардын зулум жана адилетсиздиктери Хизб ут-Тахрир жигит-кыздарын өз ишеним жана максаттарынан таптакыр кайтара албайт, инша Аллах. Расмий өкмөт эгерде Хизб мүчөлөрүнө каршы күрөшүп жатабыз деп ойлоп жаткан болсо катуу жаӊылышат, алар Ислам жана мусулмандарга каршы, айрыкча Аллах жана Расулуна каршы күрөшүп жатышат. Себеби, дин Аллахтыкы болуп, Аллах болсо Өз ишинде ар дайым үстөм.

“Албетте, Аллах жана Расулу сызган сызыктан чыккан кимселер – мына ошолор эӊ кор кимселердин катарында. Аллах (Лавхул-Махфузга):“Шек-күмөнсүз Мен Өз расулдарым менен бирге жеӊүүчү боломун”, – деп жазып койгон. Албетте, Аллах Күчтүү, Кудуреттүү”. [58:20-21]

 Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here