Умар Бабажановду ички иштер органынын кызматкерлери сакалы себептүү кармашты

233
0

28-август күнү Тажикстандын Вахдат областында 23 жаштагы Умар  Бабажановду ички иштер органынын кызматкерлери сакалы себептүү кармашып, ички иштер бөлүмүнө алып барышкан.  Узак мөөнөттүү сурактардан кийин аны катуу таякташкан.  Натыйжада ал денесинен жараат алып оор абалда ооукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылганУмар Бабажановдун досторунун бири Захиржан Сахибовдун айтымында аларды кокустан эле ИИБге алып кетишкен. Ал: “ Биз Вахдат шаарындагы  “ Модар” айкелинин жанында басып жүргөн элек. Капыстан эле үч машина менен 6-7 адам келип Умар экөөбүздү ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Аны уруп-согушту. Андан кийин Умарды оор абалда ооруканага алып бардык”, – деп айтып берди.

Жүздөгөн адамдар Вахдат шаарынын борбордук ооруканасына чогулуп, нааразылык билдиришти.  Умар Бабажанов өзүнө келе албастан жатып 3-сентябрь күнү кечинде көз жумду.

Атын ачыктоону каалабаган адамдын айтымында, Умар таякталган убакта эле жан берген, а бирок, ички иштер кызматкерлеринин талабы боюнча башкы врач бул нерсе тууралуу эч кимге айтпаган, ал тургай, маркумдун жакындары да реанимацияга киргизилбеген.

4-сентябрь күнү саат 3тө Умар Бабажановдун жакындарынан турган бир топ куралданган адамдар жашыруун абалда аэропортто жайгашкан аскерий бөлүктөрдүн бирине киришип милиция кызматкерлерине ок атышты. Натыйжада  10дон ашуун милиӊия кызматкери өлдү. Коргоо министринин орунбасары Абдухалим Назарзода бул топко башчылык кылгандыкта шектелүүдө.

Учурда Ромит капчыгайында кандуу кагышуулар уланууда жана курман болгондордун саны өсүп жатат.

булак: Озодагон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here