ЕККУнун башкы катчысы расмий сапар менен Бишкекке келди

272
0

 Геосаясий күрөштө Борбор Азия республикалары маанилүү орунду ээлей баштагандан кийин дүйнөдө жетекчимин деген мамлекет жана уюмдардын расмий өкүлдөрү бул регионго тынымсыз каттай турган болуп калышты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Ламберто Занньер 26-август күнү расмий сапар менен Кыргызстанга келди.

 Кабар берилишинче, ушул сапар ЕККУ жана Кыргызстан ортосундагы учурдагы жана келечектеги кызматташтыкты талкуулашуу үчүн кеӊири мүмкүнчүлүктү пайда кылат.

 Ламберто Занньер Кыргызстанда конок болуп турган бир мезгилде, АКШнын Борбордук командачылыгынын командачысы генерал Ллойд Дж. Остин III 26-27-август күндөрү Душанбеде болот. Сапардын алкагында ал Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, аймактык коопсуздукту камсыздоодо эки тараптуу алакаларды жолго коюу маселесинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Туркистон:

Россия башынан өткөрүп  жаткан экономикалык кризис абалы анын эл аралык саясаттагы таасирин барган сайын төмөндөтүп бара жатат. Кыргызстан да кудум Белорусия, Армения, Казакстан сыяктуу Россия менен кызматташтыгын күчөтүп жиберүү менен ката кылды. Эми алардын ар бири, кудум чөгүп бара жаткан кемени таштап качкан келемиштердей, өз саясаттарын Батыш кызыкчылыктарын көздөй өзгөртүүгө катуу аракет кыла башташат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо күтүлүп жаткан болсо, Белорусияда президенттик шайлоо болот. Казакстан      президенти болсо, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүп алды. Бирок, “Казакстандагы жүз берип жаткан финансылык туруксуздук абал Россиянын экономикалык жана финансылык кризисинин кесепетинен”  деген сөздөр ачык эле айтыла баштады.

Бул мамлекеттердин ар бири, Батыш дүйнөкарашы таасири астындагы элита тарабынан күтүлүп жаткан революциялык аракеттер үчүн өтө ыңгайлуу бутага айланып барууда. Лукашенко өзүнө карата Европа союзу тарабынан киргизилген санкцияларды алдырып таштоо үчүн батышчыл алты саясий туткунду азаттыкка чыгарып жиберди. Алардын арасында илгери президенттикке талапкер болгон Николая Стоткевич да бар эле. Ал өзүн күтүп алгандардын алдында “бул айла-амалдар бизди өз идеяларыбызды көздөгөн аракетибизден чалгыта албайт” деди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтө ыӊгайсыз жана жаман жагымсыз чөйрө өкүм сүрө баштаган убакытка туура келип калды. Россиянын алсырашы жана Батыштын бул шайлоонун бурмалоосуз өтүшүнө өтө шектенүү менен карап турушу Атамбаевдин тынчын ала баштады. Себеби, Кыргызстан башка россиячыл мамлекеттер сыяктуу, өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарынан келип чыгып, Батыш тарапка жүздөнүү иштерин дээрлик жүргүзгөн жок. Кыргызстан күтүлүп жаткан дүйнөлүк өзгөрүштөрдү алыстан сезүү жөндөмүн жоготуп койгондой,  сенек абалга түшүп калды.

ЕККУ жана башка дүйнөлүк уюмдардын Кыргызстанга чакырылышы өлкөбүздө күтүлүп жаткан бардык кооп-коркунучтар дал ушул Батыш жана АКШга караштуу уюмдар тарабынан уюштурулушу мүмкүн экендигинен Атамбаевдин да кабары бар экендигин билдирет. Ал бул сыяктуу фитнакеч дүйнөлүк уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалды кантип сактап калышы мүмкүндүгүн т.а. аларды кантип ыраазы кылышы мүмкүн болгон абалдар туурасында келишүүгө аракет кылат.

Алар Афганистандагы кырдаал, ИШИМ коркунучу жана башка экономикалык о.э. саясий кооп-коркунучтар менен коркутушат. Булардын бардыгын дабалоо үчүн алар менен кызматташууга чакырышат. Ушул кызматташтык т.а. аларга толук моюн сунулса, кудум Каримов режими сыяктуу залимдик кылынса да эч кандай проблема жүз бербестигине ишара кылынат. Мунун акысына Россия менен бардык алакаларды үзүп жиберүү талап кылынат. Антпесе, кудум ушул идеяларды көтөрүп чыгуучу пикирий жетекчилик негизинде жүргүзүлүп жаткан революциялык аракеттер улантыла берет. Белорусия Батышка карай ушул багыт бойлоп кадам таштады. Кезек Кыргызстанга келди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here