Тажикстанда жүздөн ашуун мечит жабылды

456
0

“Би-би-си” радиосунун кабар беришинче, Тажикстанда ишмердүүлүгү токтотулган мечиттер маданий борборлор, бала бакча, кварталдык комитет же чайкана кылып пайдалануу үчүн берилүүдө.

 Түндүк Тажикстанда белгилүү бир мөөнөткө эшиктери жабылган 100дөн ашуун мечиттин кайрадан ачылышына уруксат берилген эмес. Дин, каада-салт жана ырасымдарды ылайыкташтыруу комитетинин Согди областык бөлүмүнүн билдиришинче, бул мечиттер үчүн өз убагында зарыл болгон документтер даярдалбаган. Бул имараттардан мечит катары пайдалануу үчүн Жер комитетинен уруксат алынбаган о.э. диний мекеме катары каттоодон өтпөгөн.

 Учурда ишмердүүлүгү токтотулган мечиттер маданий борборлор, бала-бакча, кварталдык комитеттин мекемелери, чайканалар үчүн пайдаланууга тапшырылууда. Эӊ эле бери дегенде жүз жылдык тарыхы бар мечиттер маданий эс алуу борбору катары сакталат.

Бир эле Гафуров районундагы Исфисар жамаатында төрт мечит жабылган. Бул мечиттердин чайкана жана кварталдык комитеттердин мекемеси үчүн берилиши областтык телевидение аркылуу көрсөтүлгөн. Бул көрсөтүүдө жергиликтүү калктын атынан чыккан адамдар мечиттин ордунда чайханалардын болушу алар үчүн ыӊгайлуу болгонун, эми чайканада чай ичип, көӊүл ачып отурушканын айтышкан.

 Туркистон:

Борбор Азияда жайгашкан республикалардын президенттери Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө мөрөй талашкандай аракеттенип келишет. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон да бул байгеде артта калбастык о.э. кожоюну астында жер карап калбастык үчүн Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күндөн-күнгө күчөтүп барууда.

 Кудум Өзбекстанда болгону сыяктуу, Эмомали Рахмон да алгач жогорку окуу жайлар жана мектептердеги окуучу кыздардын жоолуктарына асылган болсо, кийинчерээк ак топу жана сакалга каршы күрөштү баштады. Бул максатына да жетишкенден кийин 18 жашка чыга элек жарандардын намаз окуу үчүн мечитке барышына о.э.ишканаларда жана коомдук жайларда намаз окууга тыюу салды, буга моюн сунбагандарга штраф салына баштады. Ошондон кийин, көчөдө жана коомдук жайларда хижаб жана жоолук менен жүргөн муслима энелерибиз жана эже карындаштарыбыздын жоолугу менен хижабын мажбурлап чечтире башташты, хижаб сатуучу дүкөндөр да текшерилип,  ар түрдүү шылтоолор менен жаап коюлду. Акырында  Эмомали Рахмон аялдарды хижаб кийбестикке ачык эле чакырып, ал тургай балага исламий ат коюуга каршы кампанияны баштап жиберди.

 Азиздикти Аллахтан эмес, тескерисинче махлуктун алыднан издеп жаткан Эмомали Рахмон да кудум Фиравн жана тарыхта өткөн залим башчылар сыяктуу жакынкы келечекте кандай акыбетке көздөй бара жатканын билип алат.

 وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنقَلَبٍ يَنقَلِبُونَ

“Залим кимселер болсо жакында кандай акыбетке карай бара жатканын билип алышат [2:227]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here