Махмуд Кар Суруч шаарында жүз берген жардырууга комментарий берди

260
0

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар Түркиянын Суруч шаарында жүз берген жардыруу окуясына жана анын артынан ишке ашырылган кылмыштарга комментарий берди. Анын коментарийинде мындай деп келет:

20-июлда Суруч шаарында жүз берген кандуу окуядан төмөнкүлөр белгилүү болду.

  • 12 жылдан бери мамлекетти башкарып келе жаткандар канчалык ийгиликсиздикке жүздөнгөнү дагы бир жолу белгилүү болду. Себеби, бул окуянын артынан дароо расмий билдирүүлөр жана саясий көз караштар аркылуу анын артында турган колонизаторлордун планы ашкере кылынбады. Мунун ордуна полиция менен элдин ортосунда күрөш пайда кылуу үчүн мүмкүнчүлүк жаратып берилди.
  • Түркияда бул тууралуу кабар таркаткан медианын канчалык кооптуу экендиги ашкере болду. Алардын бардыгы мусулмандар арасында согуш чыгаруу үчүн көз боёмочулук кыла башташты. Кечээ күнү Стамбул жана Аданада “Курдистан жумушчулар партиясы” тарабынан өлтүрүлгөн бейкүнөө мусулмандар жөнүндө улуттук маалымат каражаттарында бир да кабар таркатылбады.
  • Мындан тышкары өкмөт, оппозициялык партиялар, “Курдистан жумушчулар партиясы”, солчул уюмдар жана маалымат каражаттарынын ИШИМ туурасындагы үгүттөрүнөн таасирленген кээ бир исламий уюмдар бул окуя үстүндө иштелип чыккан парда артындагы планды көрө алышпады. Натыйжада булар да жаңы күрөш үчүн ыӊгайлуу учур издей башташты.
  • АКШ менен түзүлгөн акыркы келишимдер алкагында Суруч окуясы жана анын артынан коомдо пайда болгон туруксуздуктан пайдаланган өкмөт АКШ менен киндиги бир экендигин дагы бир жолу далилдеди.
  • Биз “Курдистан жумушчулар партиясынын” мусулман күрттөргө карата ишке ашырган кылмыштарын жана ИШИМдин да мусулмандарга, айрыкча Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткан мусулмандарга карата ишке ашырып жаткан жамандыктарын билебиз. Алардын өз калкын жана боордошторун өлтүрүп жатканынан о.э. колонизаторлор менен кызматташып жатканынан кабардарбыз. Ал эми мындан да жакшы билгенибиз, эки уюм теӊ бул тузактын бир бөлүгү катары пайдаланылууда.
  • Бул кыргынды ишке ашыргандар жана чыныгы канкорлор батыштыктар. Бул окуя Түркия жана анын үстүндөгү Америка-Англия күрөшүнүн натыйжасы. Колонизаторлор жана алардын жергиликтүү малайлары бул тузак аркылуу күрт жана түрк мусулмандарын жасалма пайда кылынган “Курдистан жумушчулар партиясы” жана ИШИМ күрөшү аркылуу бири-бири менен согуштурмакчы.

Акыркы кездерде мусулмандарга карата ишке ашырылып жаткан жийиркеничтүү кылмыштар, чабуулдар жана канкордуктар көрсөтүп тургандай, Түркия өкмөтү жана оппозициялык партиялар же бул тузакты көрбөй жатышат, же иш жүзүндө бул тузакты коюучулар менен шерик.

Суруч кылмышын батыштыктар ишке ашырды. Кылмышкерди башка жерден издеп, өз ара жаӊжалдарга жол ачып берүү өтө чоӊ кылмыш. Бул жаатта алгач саясатчыларды, андан кийин маалымат каражаттарын жана бардык чөйрөлөрдү акыл жүргүзүү менен иш кылууга чакырамын.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here