Эрдоган: Сөздөн ишке өтүүнүн убагы келди

263
0

Кечээ Түркиянын Шанлыурфа провинциясына караштуу Суруч шаарында жүз берген жардыруудан кийин Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган террорго каршы күрөштү иш жүзүндө баштоого чакырды.

“Шанлыурфа провинциясынын Суруч шаарында террорду баштан өткөрдүк. Бул террордо 28 жараныбыз көз жумду. Жүзгө жакын адам жараат алды. Бул ишти кылгандарды өзүмдүн жана элимдин атынан наалаттаймын. Террорго каршы эл аралык кызматташтык ичинде болгондон кийин ага каршы күрөштү баштоо керек. Биз муну бир нече жылдардан бери айтып келебиз. А бирок, айтып эле кала бербестен ишке өтүүнүн убагы келгенин өзгөчө баса белгилеймин”, – деди президент Эрдоган.

Түркиянын Сирияга чектеш жайгашкан Шанлыурфа провинциясына караштуу Суруч шаарында жүз берген күчтүү жардыруунун натыйжасында өлгөндөрдүн саны 32 ге жеткендиги айтылууда. Окуя болгон жерде оор жараат алгандар ооруканада өлүп жаткандыгы себептүү өлгөндөрдүн саны дагы да көбөйүшү мүмкүн. Күбөлөрдүн билдиришинче, Суруч шаарынын Амара маданият борборунда жаштар коому федерациясынын үч жүзгө жакын мүчөсү чогулуп, Кобанини кайрадан тикелөө үчүн басма сөз билдирүүсү окулуп жаткан убакта күчтүү жарылуу жүз берген. Жарылууга себеп болгон жандуу бомбанын 18-19 жаштагы аял экендиги божомол кылынууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here