Ирандын ядролук программасы боюнча келишим түзүлдү

268
0

Австриянын борбору Вена шаарында көпкө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Иран жана “алтылык” мамлекеттер (АКШ, Франция, Британия, Германия, Кытай жана Россия) Тегерандын ядролук программасы боюнча келишим түзүштү. Ага ылайык, Иран ага карата колдонулган санкциялар жокко чыгарылышынын акысына ядролук программасын токтотот.

 Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Европа Союзунун Иранга карата киргизген санкциялары, АКШнын жарандык авиация о.э. башка бир катар тармактарда киргизген санкциялары да бекер кылынат. Тегеранга карата киргизилген курал-жарак эмбаргосу болсо алдыдагы беш жылдын ичинде күчүн жоготот.

 Өз кезегинде, Иран алдыдагы 15 жылдын ичинде уранды байытууну 3,67 пайыздан ашырбоосу керек. Келишимдин шарттарына ылайык, атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин өкүлдөрүнүн ядролук объектилерин текшерүүсүнө Иран уруксат берди. А бирок, текшерүүчүлөр каалаган кезде каалаган жерде пайда болуп калуу укугуна ээ эмес.

 Келишим менен бир эле мезгилде БУУнун Коопсуздук Кеӊешинин резолюциясынын долбоору да тастыкталган.

 Иран байытылган уран запасын 10 тоннадан 300 килограммга чейин азайтат. Байытылган уранды Россия өз аймагына алып чыгып кетет. Ирандагы бир катар ядролук объектилер ишмердүүлүк багытын өзгөртөт же токтотот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here