Мистура Дамаскка жөнөдү

301
0

БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистура Сирия өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Дамаскка жөнөп кетти. Кабарда айтылышынча, де Мистура Италиядан Бейрутка жетип барары менен түз эле Дамаскка жолго чыккан.

Мистура Дамаскка жетип барары менен Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллим менен жолугушту. Муаллим Сирия кризисин саясий жолдор менен чечүүдө Мистуранын демилгесин колдоп, аны Сирияга чакырган эле. Сирия тышкы иштер министринин баса белгилешинче, Москва жолугушуусунда жетишилген келишимдер маанилүү жана Женева-3 конференциясынын ийгилиги үчүн аны ишке ашыруу зарыл.

Сириянын “Сана” маалымат агенттиги кабар беришинче, де Мистура жолугушуу учурунда Сирия кризисин саясий жолдор менен чечүү жаатында Женевада болуп өткөн акыркы келишимдерди сунуштаган.

Өкмөткө жакын болгон “ал-Ватан” гезитинин жазышынча, Мистуранын сапары үч күнгө созулат. Анын иш планында Сирия өкмөтүнүн башчысы Башар Асад менен жолугушуу да бар.

БУУнун атайын өкүлүнүн маалымат катчысы Жесси Шахин Мистуранын сапары тууралуу расмий билдирүү берди. Анын билдиришинче, Мистура Сирия расмийлери менен жолугушуп, аларды 2015-жыл, 5-майда башталган жана июль айында дагы кайрадан улана турган Женева келишимдерине ыраазы кылууга аракет кылат.

“Де Мистура проблеманы күч менен чечүү мүмкүн эместигине Сирия жооптууларын канааттандырууга катуу киришкен”, “Сирия өкмөтүнүн расмийлери менен карапайым жарандарды коргоо маселеси да талкууланат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мистура өзүнүн мурдагы демилгеси ийгиликсиздикке дуушар болгондон кийин “Женева келишимдерин аткаруу” демилгесин көтөрүп чыгууда. Белгилүү болгондой, Мистура мындан мурда “Согуштарды муздатуу жана карапайым калкка гуманитардык жардамдарды жеткирип берүү” демилгесин көтөрүп чыккан эле. Ал Асадга каршы күрөшүп жаткан жана Исламдан башкасын кабыл албай жаткан жихадий кыймылдарга сокку берип, учурдагы жараянды Америка пайдасына буруу үчүн ушул планды иштеп чыккан эле. Бирок, анын кооз сөздөр менен оролгон бул демилгеси сөз бойдон калып кете берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here