Казакстан президенти чегара өкүлдөрү туурасындагы келишимге кол койду

243
0

“Ак орда” маалымат кызматынын кабар беришинче, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев “Казакстан жана Кыргызстан республикаларынын өкмөттөрү ортосундагы чегара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү туурасындагы келишимди ратификациядан өткөрүү туурасындагы” мыйзамга кол койду.

 Келишим эки мамлекеттин чегарасындагы расмий өкүлдөрдүн ишмердүүлүгүн тартипке салууга каратылган. Аларга алдына жүктөлө турган негизги милдет чегара талаштарынын алдын алуу, мындай абалдарды чечүү, мамлекет чегарасы режимин сактап турууга тиешелүү маселелерди чечүү, курал-жарак жана наркотикалык заттардын соодасына тоскоолдук кылуу.

 Алар көрсөтүлгөн абалдардан тышкары, өлүктөрдү таануу жараянында, аларды өлкөсүнө кайтаруу боюнча чараларды көрүү, чегара аймактарында чарбачылык иштерин жүргүзүү сыяктуу маселелерде да расмий өкүлдөр жоопкер болушат.

 Бул келишим Астанада 2001-жылдын 15-декабрында түзүлгөн эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here