Мусулман уйгурларга: Же алкоголь жана тамеки сатасын, же жабыласын

282
0

  Баскынчы Кытай өкмөтү 1949-жылы Чыгыш Түркстанды колония кылып алгандан бери Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан жийиркеничтүү жана карамүртөз күрөшүн жылдан-жылга күчөтүп барууда.

 Диктатор өкмөт алгач мусулман уйгурлар санын кыскартуу максатында “Бир үй-бүлөгө – бир бала” саясатын мажбурий колдонгон болсо, башка жактан регионго хан кытайларды массалык көчүрүп келе баштады. Мунун натыйжасында региондо көпчүлүктү түзгөн уйгур мусулмандарынын саны кескин кыскарып кетти. Айрым маалыматтар боюнча, акыркы алтымыш жылдын ичинде 25 миллиондук уйгур мусулмандары 15 миллионго түшүп калган. Мындан тышкары, мушрик өкмөт уйгурларды улут катары жок кылуу максатында, хандар менен аралаш үй-бүлө курууну кеӊири үгүттөп, мындай үй-бүлөлөргө материалдык жардам жана акча убада кылып келе жатат.

Уйгур мусулмандарынын санын жана көбөйүшүн чектөөгө жетишкен баскынчы өкмөт АКШ тарабынан сахналаштырылган 2001-жылдагы 11-сентябрь окуясынан кийин “диний экстремизм жана терроризмди жок кылуу” деген жалгандан ачыктан-ачык пайдаланып, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн ого бетер күчөтүп жиберди. Мындан көздөлгөн максат, мусулмандарды өздөрүнүн бекем исламий ишенимдеринен баш тартууга мажбурлоо. Ушундай максатта алгач мечит жана медреселерди жаап, Куран жана Хадисти окутуучу имамдарды жана илимдүү адамдарды куугунтуктаган болсо, кийинчерээк сакал койгон эркектердин жана исламий кийим кийген аялдардын коомдук жайлар жана коомдук транспорттордо жүрүшүнө тыюу салынды. Ошону менен эле чектелип калбаган мушрик өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин же 18 жашка чыга элек ар кандай адамдын мечиттерге кирүүсүнө тыюу салды, студенттерди, мугалимдерди жана өкмөттүк кызматкерлердин рамазан айында орозо кармашына тыюу салды. Диний уламалар көчө жана аянттарда бийлөөгө мажбур кылынышты о.э. аларга балдарга диний сабак бербестикке ант ичиришти. Бул талаптарды аткарбагандарды куугунтуктап жана кысым көрсөтүп, штраф салып, ал тургай эркинен ажыратуу жазасы менен жазалай баштады.

 Кудайсыз коммунисттердин тарбиясын алган расмий өкмөт эми уйгур мусулмандардан дүкөн жана ашканаларында алкоголь жана тамеки сатууну талап кылууда.

 “Би-би-си” радиосунун кабар беришинче, уйгур мусулмандарын дүкөндөрүндө алкоголь, тамеки сатууга буюрушкан. Болбосо дүкөндөрү жабылып, өздөрү жоопкерчиликке тартыла тургандыктарын эскертишкен.

Кабарларга ылайык, мындай буйрук менен өткөн аптада Шинжан-Уйгур автономиясынын Хотан шаарындагы Акташ айылынын жооптуулары чыгышкан. Алар буйруктарын атайын бир билдирүүдө баяндашкан.

‘Radio Free Asia’ ээ болууга жетишкен жана “Твиттер”де да жарыя кылынганы айтылган билдирүүнүн тафсилаттарынан белгилүү болгондой, Лаской базарындагы жергиликтүү уйгурлардын дүкөндөрүнөн беш түрдүү алкоголь ичимдиктери жана тамеки продукцияларын сатуу суралган.

Мындан тышкары, ресторан жана дүкөн ээлерине бул продукцияларды эӊ көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу керектиги да айтылган.

Кабарларга ылайык, буйрукту аткаруусу үчүн “айылдагы бардык ресторан жана супермаркеттерге үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин мөөнөт берилген”.

 Эгерде ‘Radio Free Asia’нын кабарларына таянылса, жогорудагы буйрукка коммунисттик партиянын Акташ айылдык комитети тарабынан кол коюлган.

Анда буйрук башкаруудагы коммунисттик партиянын жогору жагынан келгени жана мындан максат калкка ыңгайлуулук жаратуу экени айтылган.

 Коммунисттик партиянын Акташ айылындагы жооптуусу Адил Сулаймандын сөздөрүнө таянылса, жаңы саясат региондо Ислам таасири күчөшүнүн алдын алуу максатын көздөйт.

‘Radio Free Asia’ өз кабарында бул жооптуунун сөздөрүнө өзүнчө токтолуп өтөт.

 Анда Сулайман мырза жергиликтүү калктын нааразылыгы себептүү 2012-жылдан бери алкоголь жана тамеки продукцияларынын соодасы токтоп калганын, азыр “региондо диндин таасирин жок кылуу жолунда кампания жүргүзүп жатышканын жана акыркы буйрук мына ошол иштердин бир бөлүгү экендигин” айтты.

 Коммунисттик партиянын жергиликтүү кызматкеринин айтымында, көпчүлүк жергиликтүү калк спирттик ичимдик жана тамеки продукцияларын пайдаланышпагандыктан, жаштардын 70-80 пайызы да аларды ээрчишкен жана аларды арам деп билишет.

 Мушрик өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан мындай зулум жана кыргындарга карабастан уйгур мусулмандарынын дин жана ишенимдеринде бекемдик менен туруусу режимдин тынчын алып жатат. Ошол себептен да расмий өкмөт дүйнөлүк коомчулуктун сүкүтү астында кылмыштарын улантып келе жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here