Холид Хожа АКШдан жардам сурады

265
0

Сирия улуттук коалициясынын жетекчиси Холид Хожа АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушту. Жолугушуунун алдында маалымат каражаттарына интервью берген Керри Сириядагы кырдаал кырсыктуу экендигин жана бул абалдын уланышына жол берүүгө болбой тургандыгын билдирди. Керринин айтымында, бул абал Сирия калкы менен бир катарда Түркия, Ливан жана Иордания сыяктуу айланасындагы мамлекеттерге да таасирин тийгизет.

АКШ мамлекеттик катчысы Сирия президенти Башар Асад өз калкы алдында мыйзамдуулугун жоготкондугуна басым жасады.

“Ошол себептен улам бардык тармактарды камтыган, Сириядагы бул кыйрандыны кайрадан тикелей ала турган, мамлекетти бириктире ала турган жана мыйзамдуу келечекти камсыздай турган бир өкмөт Асад режиминин ордун ээлеши керек. Проблеманын башка бир тарабы, Сирия президенти Башар Асад өз кызыкчылыгы үчүн мамлекетти кыйрандыга айлантты жана мамлекетке террористтердин (мужахиддердин) кирип келишине себепкер болду. Ошол себептен улам Асад мыйзамдуулугун колдон чыгарды”, – деди Жон Керри.

Сирия улуттук коалициясынын жетекчиси Холид Хожа да Керри менен Сириядагы аскерий жана саясий кырдаалды талкуулаша тургандыгын билдирди. Хожанын айтымында, ушул күндөрдө мужахиддер Асад күчтөрүнөн тартып алган аймактар коопсуздугун АКШ өкмөтү коргошу керек.

“Асад күчтөрүнүн колунан азат кылынган жерлерде коопсуз аймактарды пайда кылуу үчүн АКШдан жардам сурайбыз”, – деди Холид Хожа.

Сириянын келечегинде Асадга орун жоктугун баса белгилеген Хожа “Ошол себептен улам, Асад колго түшүрүлүшү жана Сирия калкына каршы кылган кылмыштары үчүн сот жообуна тартылышы керек” деди.

О.э. Холид Хожа жолугушуу учурунда Сирияда ынкылап башталган 2011-жылдан бери 3 миллиард доллар өлчөмүндө жардам сунуштаган Вашингтон өкмөтүнө ыраазылык билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here