Афганистан расмийлери Талибан менен сүйлөшүүлөрдү жандантуу үмүтүндө

299
0

 “СА-NEWS” сайтынын кабар беришинче, Афганистан өкмөтүнүн расмийлеринен турган 20 адамдык делегация Талибан менен алгачкы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Катарга жөнөп кеткен.

 Делегациянын катарында расмий өкмөттүн алдындагы Жогорку тынчтык кеӊешинин мүчөлөрү жана башка афган саясатчылары бар.

 Делегация мүчөлөрүнүн биринин айтымында, алар өкмөттү расмий түрдө чагылдырышпайт жана сүйлөшүүлөр жекече демилге катары жүргүзүлөт.

 Талибандын Катардагы расмий өкүлү да жакынкы күндөрдө сүйлөшүүлөр өткөрүлүшү пландаштырылгандыгын жана анда Пакистан өкмөтү да катыша тургандыгын билдирген эле.

 Туркистон:

Америка өкмөтү керек болгон убакта саясий манёврларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк калтыруу үчүн ар кандай уюм же ар кандай мамлекет менен мамиле кылып жатканда  эки тараптуу саясат жүргүзүшү баарыбызга белгилүү. Расмий Вашингтон Талибан кыймылына карата да кудум ушул негизден туруп мамиле билдирип келет.

АКШ президентинин расмий өкүлү Эрик Шульц 2015-жыл, 29-январь күнү журналисттер менен жолугушуусунда: “Ак үй афган Талибанын террорист эмес, тескерисинче, куралдуу козголоӊчулар”, – деп эсептей тургандыгын билдирген эле. Анын айтымында, мындай айырмалоо америкалык аскерий кызматкер Боуи Бергдалды Гуантанамо камагында кармалып турган бир нече туткундарга алмаштыруу учурунда маанилүү болгон.  

 Шульцтун айтымында, акыркы жылдарда күрөөгө алуу абалдары көбөйгөнү себептүү президенттин жардамчысы Лиза Монако башчылыгында бул мамиле кайрадан каралып жаткан болсо да, АКШ өкмөтүнүн салттуу террорчулар менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартышы өз күчүндө. Бергдалга байланыштуу абалда “Афганистанда согуш аяктагандыгы” жана АКШ президенти Барак Обаманын “ал жерде америкалык аскерий кызматкерди тагдырдын сыноосуна таштап коюуну каалабагандыгы” да эсепке алынгандыгын айтып өткөн эле.  

 АКШ финансы министрлиги Афганистан Талибан кыймылын террорчу уюмдар түркүмүнө киргизип, ага каршы санкцияларды колдонгон.

 Мындан тышкары, АКШ улуттук антитеррор борбору да Талибанды террорчу уюм деп эсептейт.

 Бирок, АКШ мамлекеттик департаментинин “чет өлкөлүк террорчу уюмдар” тизмесине Талибан кыймылы киргизилбеген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here