Каабанын бузулушу бир мусулмандын өлтүрүлүшүнөн жеӊилирээк

286
0

Саудия башчылыгында Хусилерге каршы башталган аскерий операция маалында коалицияга тиешелүү аскерий самолёттор Хажжа шаарындагы лагерди бутага алганы айтылууда. Кабарларда айтылышынча, чабуулдун натыйжасында карапайым жарандардан 45 адам өлгөн жана ондогон адамдар оор жараат алышкан.

Өкмөттүк күчтөр жана Хусилер ортосунда жүз берген кагышуу себептүү Саба шаарынан качып чыккан карапайым мусулман үй-бүлөлөр Хажжа шаарындагы качкындар лагеринде жашап жатышкан эле. Чабуул тууралуу коалициялык күчтөр тарабынан бир да билдирүү бериле элек.

Сауд Арабиясы башчылыгында уюштурулган чабуулдарда Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Марокко, Судан, Иордания жана Мисир мамлекеттери катышууда. Мисирге караштуу төрт аскерий кеме Аден булуӊуна жайгаштырылган. “Daily Star” маалымат агенттигинин кабар беришинче, Пакистан да Хусилерге каршы аскерий операция үчүн Саудияга аскер жиберет.

Судан куралдуу күчтөрүнүн маалымат катчысы, Исламий милдеттен келип чыгып бул чабуулда катышып жатканын билдирди. Анын дааба кылышынча, мусулмандардын кыбыласы коркунуч астында калган.

“Судандын бул аскерий операцияга аралашуусу Исламий жоопкерчиликтин талабы. Албетте, Судан буга жөн гана карап тура албайт. Себеби коркунуч мусулмандардын кыбыласы, вахий жана рисолаттын борборуна каратылган”, – деди Судан куралдуу күчтөрүнүн маалымат катчысы.

Исламий өлкөлөргө караштуу аскерий самолёттор жана кемелер Палестинаны кыйрандыга айландырып келе жаткан яхудийлерге чабуул кылуунун ордуна Йеменди жер менен жексен кылуу үчүн аракетке келишти. Түпкүлүгүндө, яхудийлер аларга Саба шаарына караганда бир топ жакыныраак эле. Мындан тышкары, эч кандай баскынга учурабаган мусулмандардын кыбыласын коргоону шылтоо кылуу жана бүгүнкү күндө яхудийлер баскынына учурап, жардам сурап ыйлап жаткан мусулмандардын алгачкы кыбыласын этибарсыз таштап коюу канчалык акыйкатка туура келет? Бүгүн Йеменде тынч калкка чабуул кылган мусулман мамлекеттеринин аскерий самолёттору өткөн жылы Газадагы мусулмандар яхудийлер тарабынан кыргын кылынып жаткан кезде ордунан козголуп коюуга да жарабаган. Акыйкатта болсо, Аллах Тааланын алдында Каабанын бузулуп кетиши бир мусулмандын өлтүрүлүшүнө караганда жеӊилирээк болот. Расулуллах с.а.в.:

«لَهَدْمُ الْكَعْبَةِ حَجَراً حَجَراً أَهْوَنُ مِنْ قَتْلِ الْمُسْلِمِ»

«Каабанын бузулушу бир мусулмандын өлтүрүлүшүнө караганда жеӊилирээк»,  – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here