Кыргызстан бийлиги Исламий баалуулуктарга каршы “улуттук идеология” ны көтөрүп чыга баштады

252
0

Туркистон:

 Акыркы кездерде Кыргызстандык маалымат каражаттары кыргыздын улуттук баалуулуктарына көӊүл бурууну күчөтүп жиберди. Бул иш 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коопсуздук түзүмүндө президент Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүнө негизделип жүрүп жатканы айтылууда.

 Кыргызстан өкмөтү үчүнчү күчтөр таасири астында, мурда өзбек өкмөтү басып өткөн багыт боюнча жүрмөкчү болууда. Улуттук идеологияны көтөрүп чыгып динден алыс, улутчулдук туйгулары күчтүү болгон жарандарды колдоп-кубаттоо аркылуу,  аларды Ислам динине, анын акыйда жана баалуулуктарына каршы багыттамакчы. Демек, 1999-жылы Өзбекстанда уюштурулган 16-февраль окуясы сыяктуу, атайын уюштурулган террористтик операция да ишке ашырылышы мүмкүн. Себеби, ошол кезде Өзбекстанга кеӊешчи болгон күчтөр (үчүнчү күчтөр) эми Кыргызстанды да ушул багыт тарапка тартууда. Максаттары гана башка болушу мүмкүн т.а. Өзбекстанда диктатура орнотуу болгон болсо, Кыргызстанда тескерисинче, башаламандык пайда кылууну көздөп жатышкандай.

 Телевидение аркылуу кыргыз жигиттер, “чыныгы жигит өз улутунун баалуулуктарын бардык нерседен бийик коюшу керек”, “араб жана башка улуттардан келип жаткан кийинүү маданияттарын четке кагабыз”, “бир гана кыргыздын улуттук баалуулуктарын таанышыбыз керек”  деген сыяктуу маселелерди көтөрүп, кеӊири талкуулар уюштурулууда.

 Ушул жерде табигый бир суроо пайда болот, Кыргызстандын дээрлик жарымын түзүүчү башка улуттун өкүлдөрү да өздөрүн чыныгы эр деп эсептешсе, анда алар да өздөрүнүн улуттук баалуулуктары үчүн күрөшүүсү керек эмеспи? Кыргызстандын жараны болгон, мамлекеттин өнүгүүсү жолунда кыргыздар катары эле өз салымын кошкон башка улуттун өкүлдөрү кайсы идеология негизинде жашашы керек? Алар өз улутунан баш тартып, улутун кыргыз кылып алышсынбы? Анда алардын жогоруда айтылган чыныгы эркектиги кайда калат?

 Башка улуттар да өз улутунун кадыр-баркын көтөрүүнү көздөй аракет кылышса, анда 2010-жылы болгону сыяктуу улуттук кагышуулар болушу анык. Бул суроолорго кыргыз улуттук идеологиясын көтөрүп чыгып жаткан улуттук элита өкүлдөрү же ушул улуттук багыттарга жол ачып берип, өзү да ошол улутчулдардан таасирленген Кыргызстан бийлиги жооп бериши керек.

 Кыргыз өкмөтү бул суроолорго жооп бере албайт. Себеби, улутчулдук идеологиясы бир улут үчүн гана кызмат кылат. Ал белгилүү бир улутту башка улуттардан үстөм коюу, калгандарды ага көз каранды кылуу жана кемсинтүү негизинде гана иштей алат. Ошондуктан, Хизбут-Тахрирдин “Ислам түзүмү” китебинде улутчулдук робитасы (адамдарды өз ара байлап туруучу байламта) жөнүндө, “ улутчулдук башка улут же уруулар үстүнөн өкүмдарлык кылууга багыттоочу бузук жана ар дайым чыр-чатактарды келтирип чыгаруучу робита” деп айтылган.

Демократиялык акыйдага негизделген Кыргызстан мамлекетине улуттук робита эмне үчүн керек болуп калды?

Кыргызстандын саясий элитасы 2010-жылдагы Ош окуяларын келтирип чыгарууда ушул улуттук туйгулардан пайдаланган эле. Өкмөт алгач Бакиевди кууп чыгаруу максатында өзбек улуттук элитасынан пайдаланды. Бул кызматтары үчүн аларга өкмөттүк креслолордун 30% ын убада кылышкан эле. Өзбек элитасы өз күчүнө ишенип кетип Кыргызстандын түштүк аймагынан өзбек улуту үчүн автономиялуу област ажыратып беришин талап кыла баштаганда өкмөт кыргыз улуттук элитасынан пайдаланып улуттар аралык согуш пайда кылды. Натыйжада өзбек улуттук элитасын мамлекеттен кууп жиберди.

 Азыр Кыргызстан өкмөтү дагы кайрадан ошол кыргыз улуттук элитасын ишке салмакчы. Бирок, мунусунда Ислам жана мусулмандарга каршы. Эгерде кыргыз саясий элитасы өз маалында эсине келип албаса, бул улуттук идеология дагы кайрадан согушка алып барышы анык.

 Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын: “улутчулдук сассык нерсе, андан алыстагыла”, “улутчулдук кылгандар менден эмес”,  – деген хадистерине негизделип, кыргыз улутун бул ыпылас фитналардан этият болууга чакырабыз. Сиздерден Кыргызстанда кандай пайдаланып жатышкан болсо, Өзбекстанда өзбек улутунан, Тажикстанда тажик улутунан, Казакстанда казак улутунан кудум ушундай пайдаланышмакчы. Улутчулдук идеологиясы Орто Азия мамлекеттери жана улуттары ортосунда жарака пайда кылуу жана жүз берген жараканы ого бетер кеӊейтүү үчүн колдонулууда. Максаттары өз кызыкчылыктарына жетишүү үчүн улуттар аралык согуштарды пайда кылууга ыӊгайлуу шарттарды жаратып алуу.

 Өкмөт болсо үчүнчү күчтөр менен биригип, бийликтеги өз орундарын сактап калмакчы. Алар Кыргызстан калкынын тагдырын өз креслолорун ойлогондой ойлогондо эле, анда бул күчтөр алып келип жаткан долбоорлордун бирине да ыраазы болушпайт эле.

Ислам жана мусулмандар үчүнчү күчтөр үчүн кандай тоскоолдук жана проблемаларды пайда кыла алышат

 Орто Азияда өтө чоӊ кадыр-баркка ээ болгон Шайх ул-Ислам Рашод кары Камаловдун камакка алынышынан жана Хизбут-Тахрир жигиттеринин куугунтукталышынан, учурда көтөрүлүп жаткан улуттук идеология үчүн жол ачуу максаты көздөлгөнү анык. Ислам жана чыныгы мусулмандар улутчулдук сыяктуу ыпылас идеологияны кабыл алып, дүйнө жана акырет пайдаларынан баш тартууга караганда, ар кандай кысымдар астында болсо да ыйманын саламат сактап калууну абзел көрүшөт.

 Жогорудагы жигиттер, иншааллах, ошолор түркүмүнөн. 1998-жылдан бери Өзбекстан канкору Каримов режими өтө катуу кысымдар астында да  аларды диндеринен кайтарып, өзбек улутчулдарына айландыра албаганына күбө болгонбуз. Каримов өз улуттук идеологиясын Ислам идеологиясына каршы койгон согушта толук жеӊилди. Анын артында да, бүгүнкү күндө кыргыз режиминин артында турган, куфр системасы турган эле. Кыргызстан да Каримовдон ашыра албайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here