Мистура: Асад Сирия чечиминин бир бөлүгү

255
0

БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистура Сирия проблемасынын ар кандай чечиминде мамлекеттин президенти Башар Асаддын орду болушу керектигин баса белгиледи. Мистура бул тууралуу Австралиянын тышкы иштер министри Себастьян Курц менен Венада уюштурулган ортоктош маалымат жыйынында билдирди.

“Хуррият” газетасы таркаткан кабарга ылайык, маалымат жыйынында журналисттер берген Сирия маселесин чечүүдө Асаддын орду туурасындагы суроого БУУнун өкүлү: “Асад азыр да Сириянын президенти болуп эсептелет. Бул жерде бир мамлекет бар. Ушуга ылайык, президент Асад чечимдин бир бөлүгү болуп эсептелет. Биз аны менен маанилүү маселелерди талкуулашууну улантабыз”, – деб жооп берди.

Мистуранын айтымында, эгерде Сирияда бир чечимге жетишилбесе, анда жеӊип чыккан бирден-бир тарап ИШИМ болот. Австралиянын тышкы иштер министри Себастьян Курц да маалымат жыйынында Асаддын дос да, шерик да боло албастыгын билдирди. А бирок Курцтун айтымында, ИШИМге каршы күрөшүү үчүн Асадга муктаждык бар.

Мистура Сириядагы кризис чечилиши үчүн саясий чечим табуу зарыл экендигин баса белгиледи. Сириядагы согуштар кайгылуу чекитке жеткендигине көӊүл бурган БУУнун өкүлү бул согуштардан эӊ көп зыян тарткандар карапайым калк экендигин айтып өттү.

Мистура: “Бардык кыйынчылыктар мына ошолордун башына түшүп жатат. Сирия калкын коргоону унутпашыбыз керек. 220 миӊ адам өлтүрүлдү, 1 миллион адам жарадар болду. 4 миллион адамдын өмүрү коркунучта. Бул адамдар согуш токтотулушун каалашат. Менин милдетим эл аралык коомчулуктун жана региондун коопсуздугун көздөгөн абалда бир жол табуу. Бул адамдарда үмүт ойгото турган бир формула табууга мажбурбуз”, – деди.

Де Мистура бул сөздөрдү айтышынан эки күн мурда Сирияда президент Башар Асад, тышкы иштер министри Валид Муалим жана башка бир нече мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрдү. 17-февралдан баштап БУУнун Коопсуздук кеӊешине Сирия маселеси боюнча отчёт сунуштоосу күтүлүүдө. БУУ өкүлүнүн негизги сунушу Халабда согуштарды тоӊдуруп гуманитардык жардам жеткирүүнү баштоо.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here