Рубль төмөндөп кетишинин Орто Азияга таасири

470
0

Россиянын акча бирдиги болгон рублдин акыркы кездерде өтө эле төмөндөп кетиши мурдагы СССРдин курамында болгон тогуз мамлекеттин экономикасына, айрыкча, Орто Азия мамлекеттери арасында Өзбекстан экономикасына чоӊ коркунуч туудуруп жатканы айтылууда. Дүйнөлүк банктын адистеринин айтымында, 2015-жылы рублдин төмөндөшү себептүү КМШ мамлекеттери 10 миллиард доллардан ашык кирешеден куру калышат.

Рублдин төмөндөшүнүн натыйжасында мурдагыдай киреше таба албай калган өтө көптөгөн мигранттар Россиядан кете башташты. Бул болсо, бир тараптан Россиянын экономикасына зыянын тийгизсе, экинчи тараптан мигранттар кайтып кетип жаткан мамлекеттерде жумушсуздук ого бетер күчөшүнө себеп болот.

Дүйнөлүк банктын билдиришинче, Россияда иштеп жүргөн өзбек мигранттары тарабынан өз өлкөсүнө жиберилип жаткан каражаттар Өзбекстан экономикасынын 12 пайызын түзөт. Ошол себептен улам, жумушчулардын Россиядан кайтып келиши натыйжасында Өзбекстанда олуттуу проблема жүз бериши күтүлүүдө.

Бир АКШ доллары бүгүнкү күндө 65 рубльга бааланууда. Акыркы төрт айдын ичинде Россия рублинин куну  эки эсеге түшүп кетти. Түркмөнстандын акча бирдиги болгон манат болсо, бир айда эле 19 пайызга төмөндөп кетти. Кыргызстан менен Тажикстан да өтө жогору даражадагы инфляция коркунучу астында калууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here