ШРИ-ЛАНКА МУСУЛМАНДАРЫ ДА ӨЛТҮРҮЛҮҮДӨ

265
0

 Колонизаторлордун малайы, чыккынчы Мустафа Кемелдин колу менен 1924-жылдын 3-март күнү Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар  коргоочусу жана калканынан айрылышты. Мына ошол күндөн бери мусулмандар жана алардын мамлекеттери, кудум ачка адам табагына таштангандай, ач көз колонизаторлор таштана турган олжого, таасир талаш турган майданга айланып калышты.

Борбордук Африка Республикасы, Мали, Палестина, Ирак, Сирия, Чеченстан, Афганистан, Бирма жана дагы башка көптөгөн өлкөлөрдө мусулмандар кыргын кылынганы сыяктуу эле, Шри-Ланка мусулмандары да руханийлери башчылык кылган буддисттер тарабынан куугунтук жана басым астына алынып, өлтүрүлүп жатышат.

Шри-Ланканын түштүгүндө жайгашкан шаарларда буддисттер тарабынан уюштурулган кыргында үч мусулман өлтүрүлүп, 80ден ашыгы жарадар болду. Бул кыргын өткөн дем алыш күндөрү Алутхгама жана Берувала курорттук шаарларындагы мусулмандар жашаган турак-жайлар бойлоп, буддисттердин “Боду Бала Сена” экстремисттик тобу жүрүш өткөргөн убакта жүз берди.

Буддист руханийлери башчылык кылган карасанатай топ бир нече мечиттерди талкалап, ондогон мусулмандардын үйлөрүн талап-тоношкон. Ошондон кийин расмий өкмөт тарабынан жогорудагы шаарларга коменданттык саат киргизилди, бирок жергиликтүү мусулмандардын айтымында, коменданттык саат мусулмандар үчүн гана колдонулууда, буддисттер тобу болсо беймарал ызгып жүрүшөт.

“Коменданттык саат козголоӊчулар үчүн эмес, мусулмандар үчүн гана киргизилди”, –  дейт муслималардын бири Фатима Фазнийя.

Мусулмандардын жергиликтүү уюмунун жетекчилеринен болгон Ахмаддын айтымында, Алутхгама шаарында буддисттер 9 магазин, кыркка жакын үй жана үч мечитти талкалашкан.

22 миллион калкы бар болгон Шри-Ланка республикасында мусулмандар 9,71 пайызды түзөт, буддисттер болсо 70 пайыздан көбүрөөк. Бирмада буддисттер тарабынан мусулмандар жалпы көрүнүштө өлтүрүлүшү жана бул иштери үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылбаганы жана мусулмандардын таламын талаша турган бир да баатыр табылбагандыгынан илхам алган Шри-Ланка буддисттери да Ислам жана мусулмандарга карата душмандыктарын ачык көрсөтүүгө батына башташты.

Мурда мусулмандар жашоонун мазмуну Ислам деп билип, бул динди дүйнөгө жаюу үчүн тыным албай аракет кылышат эле. Мына ошол убактарда мусулмандар дүйнө жүзүнө өкүмдөрүн өткөрүшкөн о.э. бүт дүйнө жүзү Ислам менен эсептешүүгө мажбур болот эле. Мусулмандар Ислам динине кайдыгерлик кылган күндөн баштап дүйнө кербенинен артта кала башташты, Халифаларын жоготушкандан кийин болсо, акааратчыл адамдар тарабынан акаарат кылына башташты.

Мусулмандар дагы кайрадан өз Исламына кайтышпаса о.э. Аллахтын  динин бийик кылуу үчүн бул дүйнөнү арзыбаган нерсе деп билип, мурда болгону сыяктуу аракет кылышпаса, анда ар кандай төмөн кимселер мусулмандар үстүндө өз оюндарын уланта беришет.

Расулуллах саллаллоху алайхи ва салламдан риваят кылынган хадисте: Калктар силердин үстүӊөргө, кудум тамаксоо адам табагына ташталгандай, жапырылып келишет», – деди. Биз: “Я Расулуллах, ошол убакта азчылык болгонубузданбы?” – деп сурадык. Ал: Силер ал убакта көпчүлүк болосуӊар, бирок кудум селдин көбүгү сыяктуу көбүк болосуӊар, душмандарыӊардын жүрөгүнөн махобат (коркуу) алып коюлат жана силердин жүрөгүӊөргө вахн салып коюлат”, – деди. “Вахн эмне?”, деп сурадык. Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам:Дүйнөнү жакшы көрүү жана өлүмдү жаман көрүү”, – деп жооп берди” (Абу Давуд жана Ахмад риваяты).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here