РОССИЯ АТАЙЫН КЫЗМАТЫ ДАГЫ ХИЗБ-УТ-ТАХРИР МҮЧӨЛӨРҮН КАМАККА АЛУУДА

266
0

Россия атайын кызматы дагы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алууда

Мубарек Рамазан айынын алдында Россия күчтөрү Санкт-Петербург шаарында атайын операция өткөрүп дагы Хизб мүчөлөрүн камакка алышты. Маалымат каражаттарында айтылышынча, 150 чакты ФСБ жана МВД кызматкерлери катышкан бул операцияда 50 мусулман колго алынган, алардын арасында Россия жана Санкт-Петербургдун түпкү калкына кошумча, Орто Азиядан келгендер да болгон. Кармалгандардын алтоосу камакка алынган.

Россия күчтөрүнүн басма сөз борборуна ылайык, бул иш-чара Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 205.5 «Террористтик уюмдун аракетин уюштуруу» жана 282.1 «Экстремисттик уюмдун аракетин уюштуруу» беренелери негизинде өткөрүлгөн.

Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө каршы экинчи жолу 205.5 берене колдонулуп жатат. Мындан мурун да үстүбүздөгү жылдын февраль айында Башкириянын Дюртюли шаарында атайын күчтөр ушул беренеге таянып Хизбдин бир нече мүчөлөрүн камакка алган. Алар камакка алынган учурда бул берене боюнча 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган, ал эми, ушул жылдын май айына келип бул берене боюнча өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жаза каралып жатат. Эмнеге атайын күчтөр Хизб мүчөлөрү болгон калыс мусулмандардын үйлөрүнө бастырып кирет деген суроого мындай жооп беребиз: Мындай жырткыч кылмыш бир гана нерсени көрсөтүп турат, ал да болсо, орус бийлиги мусулмандарды жек көрөт жана Исламдын кеңири жайылышын токтотууга аракет кылат. Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

«Алардын силерди жаман көрүүлөрү ооздорунан ашкере болду, дилдериндеги душмандыктары болсо андан да чоңураак, эгер акыл жүргүзүп көрсөңөр силер үчүн аят-белгилерлерди ачык-айкын кылып бердик»                                                                    [3:118]

Дагы баса белгилеп айтабыз, Россия Хизб-ут-Тахрирди террористтик уюмдардын тизмесине киргизген бирден-бир мамлекет. Хизбдин башка мамлекеттердеги иш-аракети террор айыптоолорунан алыс. Ошондой болсо да, бул мамлекеттер Хизбге тыюу салышса, анда, алар да Россия сыяктуу Ислам жана мусулмандарды жек көрүшүнө анык далил болот.

Хизб-ут-Тахрир исламий жашоону кайрадан баштоо жана Халифалыкты кайра тикелөө максаты менен түзүлдү. Арийне, Ислам мамлекети гана Аллах Субханаху ва Тааланын шариятын колдонууга кудуреттүү. Ушул себептен улам, Хизб Аллах Тааланын ушул аятында айтылган буйругуна моюн сунуп түзүлгөн:

«Араңардан жакшылыкка (Исламга) даъват кыла турган, маъруфка буюра турган жана мункардан кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор нажат табуучулар»     [3:104]

Ушул аят карима маъруфка буйруп, мункардан кайтарууга жана Халифалыкты тикелөө үчүн бардык күчтөрүбүздү бириктирүүгө бизге укук берип эле калбастан, буйруп да жатат. Халифалыкта гана маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу иши толук кандуу жүзөгө чыгат. Хизбдин аракети шариятка жана Набий Aдын тарыйкатын бекем кармоого чектелген. Бул аракет максатка жетүү жолунда ар кандай күчтү колдонууну бекер кылат. Ошондуктан, Хизб мүчөлөрүн 205.5 беренеси негизинде камакка алуу туура эмес, Хизбге террористтик айыбы коюлушу курулай дооматтан башка нерсе эмес.

Орус бийлиги Хизб-ут-Тахрир Россияда Халифалыкты тикелөө максатын көздөбөшүн жакшы билет. Бирок, ал Исламдын кеңири жайылышын токтотуп калмакчы. Мусулмандардын тарыхы курайш сыяктуу кафирлердин душмандыгына жана Набий Aдын жетекчилиги астындагы даъватчылардын кайратына күбө. Аллахтын буйругуна ээрчүү Ислам нуру бүткүл дүйнөгө жайылышына себеп болду жана Хизб да 1953-жылы түзүлгөндөн бери ушул тарыйкатты бекем карманып келет.

Эй улуу Үммөт!

Бул кафирлер бүгүн бардык кыйынчылыктарга карабастан акыйкатка даъват кылып жаткан перзенттериңерди камакка алууда. Бул перзенттериңер Аллахтын Китебин коргошууда, тигил кафирлер болсо, ал тургай, Куръандын котормосуна да тыюу салууну каалашууда. Силердин бул перзенттериңер өз өмүрүн даъватка багыштаган, алардын көпчүлүгү ушул жолдо камакка алынган, бул күрөш аларды Мухаммад Aдын сахабаларынын даражасына көтөрдү. Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

«(Эй инсандар), силердин үммөтүңөр чындыгында бир үммөт. Мен болсо (бардыгыңардын) Роббиңермин. Демек, Мага гана ибадат кылгыла»                                                        [21:92]

Нуъман ибн Башир Расулуллах Aдын мындай дегенин риваят кылат:

«مَثَلُ الْمُؤمِنِينَ فِي تَوَادِّهِمْ وَتَراحُمِهِمْ وَتعاطُفِهِمْ: مَثَلُ الْجَسَدِ، إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ: تَدَاعَى لَهُ سائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ والحُمِّى»

«Момундар бири-бирине ырайымдуулук кылууда, жан тартууда жана сүйүүдө кудум бир денеге окшойт, качан бул дененин бир мүчөсү ооруп калса, калган мүчөлөрү да ысытмалап, уйкусуздук менен ага жардамга келишет».

Ошондой болгон соң, Ислам Үммөтүн чар тараптан курчап келе жаткан карасанатайлык Ислам Үммөтүнүн бекемделишине, биригишине себеп болсун. Мусулмандаракыйкат Исламга даъват кылууда – инша Аллах – бир дене болушат. Үммөт душмандарынын кылмыштарына каршы бирден бир абзел каршылыгыбыз да мына ушул.

Расулуллах A мындай кабар берди:

«فَإِنَّ مِنْ وَرَائِكُمْ أيَّامُ الصَّبْرِ، الصَّبْرُ فِيهِنَّ مِثْلُ الْقَبْضِ عَلَى الْجَمْرِ، لِلْعامِلِ فِيهِنَّ مِثْلُ أجْرِ خَمْسِينَ رَجُلاً يَعْمَلُونَ مِثْلَ عَمَلِهِ»

«Силерден кийин сабыр күндөрү келет, ал күндөрдө сабыр кылуу чокту кармоо менен бирдей болот, ал күндөрдө амал кылуучу үчүн ушундай амал кылган элүү кишинин ажыр-сообу берилет».

Исламга чакырган даъватка тоскоолдук кылып жаткан кимселерге Набий Aдын ушул сөздөрү менен жооп беребиз:

«لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ وَلاَ يَتْرُكُ اللهُ بَيْتَ ‏ ‏مَدَرٍ ‏ ‏وَلاَ ‏وَبَرٍ ‏إِلاَّ أَدْخَلَهُ اللهُ هَذَا الدِّينَ بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ عِزًّا يُعِزُّ اللهُ بِهِ الإِسْلاَمَ وَذُلاًّ يُذِلُّ اللهُ بِهِ الْكُفْرَ»

«Бул иш түн жана күндүз жеткен жайга чейин жетип барат. Аллах бир да отурукташкандын, көчмөнчүнүн үйүн калтырбай бул динди азиздин азиздиги же кордун кордугу менен киргизет. Ушундай бир азиздик, Аллах аны менен Исламды азиз кылат, ушундай бир кордук, Аллах аны менен куфрду кор кылат».

Хизб-ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы басма сөз бөлүмү: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here