КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАН ЧЕГАРА АЙМАКТАРЫНДА КУРАЛ КОЛДОНБОСТУККА КЕЛИШИП АЛЫШТЫ

261
0

Кыргызстандын Баткен областы жана Тажикстандын Согди областынын укук коргоо органдары чегара аймактарында жүз бере турган өзгөчө кырдаалдарда курал колдонбостукка келишип алышты.

 Согди областтык бийлигинин кабар беришинче, эки мамлекеттин күч түзүмдөрүнүн 14-июль күнү Исфара шаарында болуп өткөн жолугушуусунда жогорудагы келишимге жетишилди.

 О.э. жолугушууда чегарага жакын аймактарда туруктуулукту сактоо максатында тараптар ортосунда кызматташуу маселелери да талкууланды.

 Туркистон:

 Кыргызстан жана Тажикстан расмийлери эки мамлекет ортосундагы чегара проблемаларын чечүүгө канчалык аракет кылышпасын бул проблемаларды чечүү буларга байланыштуу маселе эмес, тескерисинче, жогорудагы мамлекеттердин үстүндө таасир талашып жаткан жетекчи мамлекеттерге байланыштуу болуп, бул жетекчи мамлекеттер каалаган убакта бул проблемалардан өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып келишет. 

 Президент Атамбаев 2013-жылы 16-декабрда күнү болуп өткөн маалымат жыйынында: “Кантип эле силер мени ушул күнгө чейин билбейсиӊер? Мамлекеттин зыянына бирер ишке барууга мажбурлоо максатында мага басым өткөрүүнүн пайдасы жок. Биз Бажы биримдигине биздин талаптар аткарылса гана кошулабыз. Атамбаевди шантаж кылуунун мүмкүнчүлүгү жок, мен абдан тапталып болгонмун. Бизде тандоо мүмкүнчүлүгү аз, а бирок биз кыргыздардыканааттандыра турган жана биздинкызыкчылыктарыбызды коргой турган жол менен жүрөбүз”, – деген эле.

Президенттин бул билдирүүсүнөн эч канча убакыт өтпөстөн, 2014-жылы 11-январь күнү Баткен областы аркылуу өткөн кыргыз-тажик чегарасында эки мамлекет чегарачылары ортосунда ок атуучу куралдардан жана гранатомёттордон пайдаланган абалда атышуу жүз берди. Ошондон кийин эки мамлекет ортосундагы чегаралар көпкө чейин жаап коюлду. Бул болсо? негизинен Кытайдан товар алып келип кошуна мамлекеттерге сатууга адистешкен Кыргызстандын экономикасына олуттуу таасирин тийгизди.

 Кийинчерээк Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 7-май күнү берген билдирүүсүндө, экономика министринин орун басары Даниил Ибраев башчылыгындагы делегация Москва шаарында Кыргызстандын Бажы биримдигине мүчө болуу мөөнөтүн бир жылга кечиктирүү үчүн орус өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Бул билдирүүнүн артынан 7-май күнү болжол менен саат 19: 20да Баткен областынын Баткен районунда жайгашкан Жака Өрүк кыштагында Кыргызстан жана Тажикстан жарандары ортосунда кагышуу болду.  7 саатка уланган башаламандыктарда эки тараптан 1500 адам катышкан жана өз ара бири-бирин ташбараӊ кылышкан. Тополоӊдун натыйжасында Кыргызстандын жарандарынан 14 адам жараат алганы, алардан 9 адам Баткен областтык ооруканасына жаткырылганы кабарланды. Мындан тышкары, кыргыз расмийлери 12 милиция кызматкери ташбараӊда калып жараат алганын, Баткен райондук милициясынын башчысынын орунбасары Дүйшөн Ниязкулов башынан жараат алып ооруканага жаткырылганын билдиришти. Ошондон кийин Кыргызстан өкмөтү, мейли бул уюмга мүчө болуунун пайдасына караганда зыяны көп болсо да, ага мүчө болуу үчүн аракет кылууну кайрадан жандантып жиберди.

 Эми болсо, 2014-жыл, 10-июлда чегарада кезектеги атышуу болуп өттү. Бул иш да эки мамлекеттин бирин өз жолуна салуу үчүн жетекчи мамлекеттердин биринин кезектеги айла-амалы болушу мүмкүн. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here