ЭГЕРДЕ УЯЛБАСАӉ, КААЛАГАНЫӉДЫ КЫЛ

236
0

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети 27-ноябрь күнү таркаткан басма сөз билдирүүсүндө: “Хизбут-Тахрир эл аралык тармагы өз ишмердүүлүгүн Сирия жана Ирактагы жихадий аракеттин негизи болгон Халифалык фикратын ээрчүүгө о.э. “Ирак жана Шам Ислам мамлекети” деген аталыштагы эл аралык-террористтик уюму тарабында туруп согуштук аракеттерге катышууга чакырык болгон идеологиялык кубаттоо тарапка карай өзгөрттү”, – деп Хизбге ачыктан-ачык эле жалаа жапты.

Мындан тышкары, жалаа жабууну уланткан УКМК билдирүүсүндө: “Хизбут-Тахрирдин стратегиялык пландарынын маанилүүлөрүнүн бири Кыргызстанда билимдүү жаштар арасына кирип барууну жана окуу жайларда экстремисттик тармак түзүүнү көздөгөн террористтик тапшырмаларды ишке ашыруу болуп калууда”, – деп айтылат.

УКМК өз даабасын кубаттоо үчүн, өкмөттүк мекемелердин кадыр-баркын кетирүү жана калктын динчил өкүлдөрүн өкмөткө каршы коюу  максатында  диний укуктар жана адам укуктары чүмбөтү менен хижаб маселеси боюнча Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана мусулмандар ортосунда карама-каршылыкты пайда кылуу үчүн максаттуу иштерди жүргүзүп жатканын мисал келтирип өттү.

Биз алгач УКМКнын бул билдирүүсүнө мамиле билдирбей эле коёлу дегенбиз, анткени, Кыргызстан калкы жана бүт дүйнө жүзү Хизбут-Тахрир өз максаты жолунда т.а. исламий Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө жолунда мадий (материалдык) иштер менен алектенбестигин, тескерисинче, Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва салламдын тарыйкатына таяныштыгын өтө жакшы билет. А бирок, ошондой болсо да Хизбге маддий иштерди жабыштырууга болгон аракеттер бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Бул жолдо Кыргызстан бийлиги эле эмес, Өзбекстан, Тажикстан, Россия… сыяктуу диктатор түзүмдөр да аракет кылып көрүшкөн. Мындан тышкары, Хизбут-Тахрирден бирер “айып” табуу үмүтүндөгү Батыш мамлекеттери да Хизбдин ишмердүүлүгүн олуттуу күзөтүп турат.

Бирок ошондой болсо да, Кыргызстандын күч органдарына Хизбут-Тахрир өз максатына жетүү жолунда эч кандай маддий иштер, террористтик иш-аракеттер менен алектенбестигин эскертип өтүүнү туура көрдүк. УКМКнын Хизбут-Тахрир “ИШИМ” уюмун колдоп-кубаттап жатат деген  даабасы курулай дооматтан башка нерсе эмес. Анткени, бул уюм “Халифалык” мамлекетин жарыя кылган алгачкы күндөрдө эле Хизб ага карата мамилесин билдирген жана бул уюм тарабынан жарыя кылынган “Халифалык” шаръий негизде эместигин билдирген эле.

Хизбут-Тахрирдин амири аалым, шайх Ато ибн Халил Абу Рошта Фейсбук баракчасындагы зыяратчылардын “ИШИМ” уюмунун Халифалык тикелегени туурасында берилген суроолорго 4-рамазан 1435-х (2-июль, 2014-м) жооп берген жана Туркистон сайты 7-июль күнү бул жоопту басып чыккан эле. Хизб амири берген жоопто жалпысынан мындай деп келген:

Урматтуу боордоштор!

  • Кайсы бир жамаат Халифалыкты тикелөөнү кааласа, ал Пайгамбарыбыз Aдын жолуна ээрчүүсү важиб. Алардын бири, ички жана сырткы коопсуздукту камсыздай ала турган ачык бийликтин болушу шарт жана ошол Халифалык жарыяланган аймакта мамлекеттүүлүк көрүнүшү көрүнүп туруусу керек. Пайгамбарыбыз Aдын Мадинаи Мунаварада Ислам мамлекетин тикелөөдөгү туткан жолу мына ушундай болгон. Ошол кезде Пайгамбарыбыз Aдын колунда ички жана сырткы коопсуздукту камсыздай турган толук Исламий бийлик болгон жана ошол аймакта мамлекеттүүлүк көрүнүшү толук көрүнүп турган.
  • Халифалыкты жарыялаган ИШИМ жамааты Иракта да, Сирияда да ачык түрдө бийликке ээ эмес жана ал ички-сырткы коопсуздукту камсыздай албайт. Жада калса, Халиф катары байъат берилген адам да өзүн ачыкка чыгара алган жок. Халифалык жарыяланганга чейин кандай жашырынып жүрсө, ошол бойдон калды. Бул болсо Пайгамбарыбыз Aдын Мадинадагы Ислам мамлекетин тикелеген жолуна тескери келет. Себеби, Пайгамбарыбыз Aга мамлекет тикеленгенге чейин өзүн жашырып жүрүү жайиз болгон болсо, мамлекет тикеленгенден кийин ал зат жашырынбастан, мамлекеттик иштер менен алек болгон. Элчилер жөнөтүп, элчилерди кабыл алган, кошуунду жетектеген жана келишпөөчүлүктөргө казылык кылган. Мына ушундайча мамлекет тикеленишинен мурунку жана кийинки абал айырмаланып турган. Ал эми Халифалыкты жарыялаган жамааттын бул жарыясы эч кандай мааниге ээ эмес. Себеби, бул жерде мурункудай эле вакиъси жок жарыяланган жасалма халифалыктар сыяктуу сценарий жүрүүдө. Эч кандай мамлекеттик көрүнүшкө, бийликке ээ болбой туруп о.э. мамлекеттин ички жана сырткы коопсуздугун камсыздабай туруп, өзүн «Халифа», «Махдий» деп жарыялоосу – өзүнүн жана ээрчүүчүлөрдүн туйгуларын кандыруудан башка нерсе эмес.…!

Бирок бул жерде көңүл бурчу жагдай, бир аймакта туруп алып, жакшы иш кылып жатам деген ойдо, куру аталыштагы халифалык мамлекетин жарыялоо – мусулмандардын эңсеп келген Халифалык мамлекетинин баркын, маани-маңызын кетирүүдө. Айрыкча, чыныгы Халифалык мамлекети тикеленүүгө жакын калган учурда, мусулмандар ал Халифалык мамлекетин акыркы сабыры менен күтүп жаткан учурда, ушундай болуп жатат. Мусулмандар «Хизб-ут-Тахрир  Халифалыкты тикелөөдө Пайгамбарыбыз Aдын Мадинаи Мунавварада мамлекетти тикелеген жолдон жүрөт» деп билишет. Үммөт Хизб-ут-Тахрирди өз кучагына алып, мусулмандар өз ара ислам боордоштугун түшүнүп, мусулмандар Хизбдин Пайгамбарыбыз A минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелеген ийгилиги менен шаттанышкан чакта, мына ошондо Халифалыкты жарыялоо мезгили келет.

Биздин УКМКга айтаарыбыз, Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва саллам: “Эгерде уялбасаӊ, каалаганыӊды кыл!” – деген (Имам Бухарий риваяты).

Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here