Татарстандагы кеңири көлөмдүү тинтүүлөр жана камакка алуулар

252
0

2014-жылы 15-октябрда Казандагы Вахитов райондук соту сегиз мусулманды Хизб-ут-Тахрир мүчөсү деген күмөн менен камакка алды. Андан бир күн мурун Татарстандагы Россия Федералдык коопсуздук кызматы Ички иштер министрлиги менен биргеликте Татарстандагы мусулмандардын үй-жайларында бир катар тинтүүлөрдү өткөргөнү кабарланган. Ушул кеңири көлөмдүү иш-чараларда он жылдан ашуун убакыттан бери тынымсыз репрессияга учурап келе жаткан эл аралык саясий Хизб-ут-Тахрир партиясынын мүчөлөрү бутага алды.

Хизбдин камакка алынган сегиз мүчөсү:

1  Азат Адиев 1978-жылы туулган;

2  Асгат Хафизов 1985-жылы туулган;

3  Альберт Валиуллин 1974-жылы туулган;

4  Рузиль Давлетшин 1988-жылы туулган;

5  Ленар Саитов 1987-жылы туулган;

6  Тимур Узбеков 1990-жылы туулган;

7  Радик Зарипов 1986-жылы туулган;

8  Павел Хевронин 1986-жылы туулган.

Ушул камакка алынган жигиттердин карамагында жаш балдары бар жана алар адамдар арасында адептүү мусулмандар катары таанылган. Мисалы, Азат Адиев нашида ырчысы катары белгилүү, мурун атактуу «Казань жигиттери» аттуу татар ансамблинин музыканты болгон, ал Казань гана эмес, бүткүл Татарстан  республикасына таанылган.

Ошондуктан, коопсуздук кызматы Хизб жигиттери террористтер деп айткан куру дооматтарынын эч бири адамдарды Хизб жигиттеринин террорчу экенине ишендире албайт.

Камакка алынган сегиз жигитке Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 205.5-беренесинин экинчи бөлүмү боюнча (террористтик уюмдун аракетине кошулуу) айыбы коюлду.

Бул иштеги «террористтик уюмдан» исламий саясий хизб болгон Хизб-ут-Тахрир көздөлгөн. Баса белгилөө зарыл, 2014-жылдан бери орус бийлиги Хизб-ут-Тахрирге мүчө болууну терроризм деп карап, жогорудагы мыйзамды колдонуп келүүдө.

Шек-күмөнсүз, бул камакка алынган мусулмандардын бирден бир «кылмышы» – Ислам гана коомду башкарууга жана өлкө иштерин жөнгө салууга акылуу, татыктуу деп ишенишкени.

Алар ушундай ишенимде болушкандыктан исламий саясий Хизбге мүчө. 2003-жылы Россия Жогорку соту бул Хизбди террористтик партия деп токтом чыгарды. Ушул кылмыштуу токтом өзүнүн дини негизинде жашоону каалаган адамдарга каршы жалган-жалаа жабууга шылтоо болууда.

Өкүнүчтүүсү, бул сапар да маалымат каражаттары орус коопсуздук кызматы тараткан билдирүүлөрдү чындыкка карама-каршы экендигин, жалгандыгын аныктабастан кабарлашууда. Биз тынымсыз бул жалгандардын бетин ачыкка чыгарып келдик, дагы ачыктап олтурбайбыз, бул жалгандардын баарын аны тараткандардын абийирине калтырабыз жана аларды объективдүүлүктү унутпоого чакырабыз. Бул журналисттер диний жана саясий ишеними үчүн гана камалган бейкүнөө мусулмандардын энелеринин, аялдары жана балдарынын азап тартышына салым кошушууда.

Баса белгилейбиз, Ислам менен жашоону каалаган мусулмандарга душмандык кылуу жана аларды жаманатты кылуу пландары – инша Аллах – эч качан ишке ашпайт о.э. момундарды камакка алуу, хижабдарына жана исламий адабияттарына тыюу салуу Россиядагы миллиондогон мусулмандардын биримдигин бекемдөөдөн башка нерсеге кызмат кылбайт, Исламга каршы согуш алып барып жаткан бийлик эртең бул акыйкаттын күбөсү болот.

 Хизб-ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы басма сөз бөлүмү: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here