ТҮРКИЯДА ДЕМОНСТРАЦИЯ ШЫЛТООСУ МЕНЕН МУСУЛМАНДАР ӨЛТҮРҮЛДҮ

258
0

“Ислам Мамлекети” уюмунун согушкерлери Түркия чегарасына жакын жайгашкан Сириянын Кобани шаарына чабуул кылып шаарды көзөмөлгө алууга умтулуп жатканы жөнүндөгү кабарлар чагылгандай тездик менен жайылууда. Кечээ түндө “Ислам Мамлекети” уюму шаардын дагы эки районун ээлеп алышкан.

Негизинен күрттөрдөн турган Кобани шаарынын калкы Түркияга агылып келип жатканда, Курдистан жумушчулар партиясы жана демократиялык элдик партиясынын өкүлдөрү “Ислам Мамлекети” уюмунун согушкерлеринен Кобани шаарын коргоону Түркия өкмөтүнөн талап кылып башаламан акцияларды өткөрүүдө.

Курдистан жумушчулар партиясы жана демократиялык элдик партиясынын өкүлдөрү демонстрация шылтоосу менен мусулмандарга карата жырткычтык кылмыштарды ишке ашырып, бир нече калыс мусулмандарды атайылап өлтүрүштү. Өлтүрүлгөн мусулмандардын болгон айыбы элди Исламга моюн сунуп жашоого чакыруу жана өздөрү сакал коюп, аялдары хижаб менен жүрүүсү болчу.

Массалык маалымат каражаттары кабар бергендей, адам өлтүрүүлөр демонстранттар менен полиция ортосунда болгон окуяда жүз берген эмес, тескерисинче, Курдистан жумушчулар партиясы жана демократиялык элдик партиянын бузуку өкүлдөрү алдын ала тизмеге киргизип коюлган мусулмандардын үйлөрүнө бастырып киришип, аларды жырткычтык менен өлтүрүшкөн. Мусулман болгону үчүн өлтүрүлгөн бул боордошторубуз үчүн Аллахтан рахмат жана магфират тилейбиз.

Тартипсиз демонстрация уюштурган Курдистан жумушчулар партиясы жана демократиялык элдик партиянын максаты Кобани шаарындагы күрттөрдү коргоо эместиги алардын аракеттеринен көрүнүп турат. Алардын максаты АКШнын талабына ылайык, Түркияны согушка киргизүү жана элге акыйкатты жеткирүүчү калыс мусулмандарды жок кылуу. Анткени, алар Кобани шаарынан башбаанек издеп келген күрт улутундагы качкындарды үй-жай жана тамак-аш менен камсыздап, аларга жакшы мамиледе болгон мусулмандарга чабуул уюштуруп жырткычтык менен өлтүрүштү. Азыркы учурга чейин өлтүрүлгөн мусулмандардын саны 39га жеткен.

Жума намазынан кийин Түркиянын Анкара, Стамбул жана Диярбакир сыяктуу бир нече шаарларында ак жеринен өлтүрүлгөн мусулмандар үчүн гоибона жаназа намазы окулду.

Стамбул шаарында жайгашкан Фатих мечитинде чогулган мусулмандар гоибона жаназа намазынан кийин адам өлтүрүүгө себепкер болгон Курдистан жумушчулар партиясы жана демократиялык элдик партияга наалаттарды айтышты. Алар ишке ашырылган адам өлтүрүүнү, бутпарастар Аракандагы мусулмандарга карата ишке ашырган адам өлтүрүүлөргө салыштырышты жана канкорлорду кармап жазалоону Түркия өкмөтүнөн талап кылышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here