ПОРОШЕНКО: МЕН РОССИЯДАН КОРКПОЙМУН

272
0

Украина президенти Пётр Порошенко Киев өкмөтү мамлекеттин чыгышындагы кризисти өнүктүрүү үчүн ишке ашырылып жаткан түрдүү сценарийлерди үйрөнүп чыгып жаткандыгын жарыя кылды. Анын ишара кылышынча, Украина Россияга каршы “кеӊири камтуучу согуш” сценарийине даярдык көрүүдө.

Порошенко Германиянын “Bild” гезитине берген интервьюсунда: “Мен Россия күчтөрү менен согушуудан коркпоймун. Биз кеңири камтуучу согуш сценарийине даярбыз. Армиябыздын учурдагы абалы беш ай мурунку абалына караганда бир топ жакшыраак. Учурда бизди бүт дүйнө жүзү колдоп-кубаттап турат. Аскерлерибиз мамлекетибизди коргоого кудуреттүү экендигин көрсөтүшүүдө. Биз тынчтыкты гана каалайбыз. Бирок өкүнүчтүүсү, жаман сценарийлерди үйрөнүп чыгышыбыз керек болот”, – деди.

Президент Порошенко Украина тынчтык келишимине жетишүү үчүн колунан келген бардык ишти кылгандыгын кошумчалап, Киев өкмөтү келишүүгө даяр экендигин жана кризисти аскерий жол менен чечүү мүмкүн эместигине ишене тургандыгын эскертип өттү.

“Биз согушту каалабайбыз, тынчтыкты каалайбыз. Европа баалуулуктары үчүн күрөшүп жатабыз. А бирок, Россия келишимдерге амал кылбай жатат”, – деди Украина президенти.

О.э. Пётр Порошенко Украина НАТОго кошулууга азырынча даяр эместигин айтып өттү.

“Биз өлкөбүздө бардык стандарттарга туура келе турган реформаларды ишке ашырышыбыз керек. Ошондон кийин элибизден НАТОго кошулууну каалашын же каалабашын сурай алабыз”, – деди Порошенко.

Президент Порошенко НАТОнун өзү да Украинаны кошуп алууга даяр эместигине көнӊүлдү бурду. Бирок, ал Украинанын Европа союзуна кошулуу ыктымалына басым жасады.

Кабарларда келишинче, Украина чыгышында тараптар ортосундагы согуштар токтобой жатат. Украина маалыматтык-талдоо борборунун өкүлү Андрей Лисенко мамлекеттин чыгышындагы Никишино шаарынын жанында жүз берген куралдуу кагышууда 23 россиячыл жикчил өлтүрүлгөндүгүн, 27си болсо жарадар болгондугун ачыктады. Өкмөттүк күчтөрдөн да 6 аскер өлүп, 9 аскер жарадар болгон.

Жикчилдер 24 сааттын ичинде 39 жолу ок атууну токтотуу токтомуна тескери иш кылгандыгын айткан Лисенко жикчилдердин эки жолу Донецк аба майданына чабуул уюштурганын жана бир жолу өкмөттүк күчтөргө тузақ койгонун билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here