ОБАМА МУСУЛМАНДЫ МУСУЛМАНГА КАРШЫ КОЮУ СТРАТЕГИЯСЫН ИШТЕП ЧЫКТЫ

248
0

Президент Барак Обама терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү жана Сириядагы Жихадий кыймылдарды жок кылуу, ошону менен бирге “ИШИМ” уюмун жеӊүү боюнча жаңы стратегия иштеп чыгып сенатка сунуштады.

Жаңы стратегияга ылайык, АКШ аскерлерин согушка жөнөтпөйт, тескерисинче, Сириядагы муътадил (демократиялык башкарууну колдоп-кубаттай турган) топторду курал-жарак менен камсыздайт жана аларды машыгуудан өткөрөт.

АКШ конгреси Сириядагы муътадил оппозицияны аскерий даярдыктан өткөрүүгө жана аларды курал-жарак менен камсыздоого уруксат берүүчү мыйзам долбоорун тастыктады. АКШ президенти Барак Обама бул токтом терроризмге (Исламга) жана ИШИМге каршы күрөшүү үчүн маанилүү кадам болушун баса белгилеп жатат.

Президент Обаманын айтымында, Сирияда козголоӊчулар курал менен камсыздалса жана профессионалдык даярдыктан өткөрүлсө жихадий топторду жеӊүү оӊой болуп калат. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Иракка жөнөтүлгөн аскерлер жергиликтүү аскерлерди даярдашын, а бирок, өздөрү согуштарда катышпастыгын айтып өттү. Президент Барак Обама да Флорида штатында аскерийлер менен жолугушууда Иракка кошуун жөнөтүү ниети жоктугун билдирип, мужахиддерге каршы күрөштө башка жолдорду кармануу көбүрөөк натыйжа беришин баса белгиледи.

АКШнын коргоо министри Чак Хейгелдин билдиришинче, Кошмо штаттар тарабынан берилүүчү аскердик жардамдар Сириядагы ар кандай топторго бериле бербейт. Муътадил (демократиялык башкарууну колдоп-кубаттай турган) топторго гана берилет. О.э. жардам биринчи баскычта кичинекей куралдар жана техникалар менен камсыздоо, маалымат алмашуу, тактикалык машыгууларды өткөрүү сыяктуу жеӊил иштерден башталат. Муътадил оппозициячыл күчтөрдүн таасири согуш майданында күчөп барган сайын, эң ишенимдүү командачыларга таянып оор түрдөгү жардамдарды берүүгө даярдык көрүлө баштайт. Хейгелдин айтымында, мындан көздөлгөн максат Сириядагы муътадил оппозицияны жакшы даярдыктан өткөн согушкерлерге айландыруу.

Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашышы үчүн жардам берилип жаткан муътадил оппозиция жакшылап текшериле тургандыгын билдирген Хейгел бул жаатта АКШнын тышкы иштер министрлиги жана разведка бөлүмү региондогу бардык шериктештери менен жакындан кызматташа тургандыгына басым жасады.

АКШнын коргоо министри Чак Хейгел: “Жөнөтүлгөн куралдар радикалдык топтордун, ИШИМ жана башка экстремисттик топтордун колуна түшүп калышынын алдын алуу үчүн муътадил оппозициячыл топторду жакындан ээрчип барабыз”, – деди.

А бирок, серепчи Жон Оуэн Бреннандын айтымында, Сирияда дос менен душманды ажыратуу, туура топту таап, аларды даярдыктан өткөрүү жана куралдантуу – кудум Афганистанда болгону сыяктуу – өтө кыйын иш.

Эксперт Бреннан: “Сириядагы муътадил оппозиция “ИШИМ”ге эле эмес, “Жабхатун-Нусра” сыяктуу жихадий топторго каршы тура алуучу күчкө айланышы үчүн бир нече жыл кетиши мүмкүн”, – деди.

Туркистон: Обама жана жалпы куфр дүйнөсүнүн стратегиясынын негизи Ислам жана мусулмандардын тынчып калышына жол койбостук чекитине байланды. Себеби, мусулмандар тынчып, өздүгүнө кайтып, пикирлөө тарыйкаттарын оӊдоп алышканда гана Ислам өз ордун табат. Анткени, согуш куфр системасы менен Ислам системасы ортосунда жүрүп жатат. Демократия болсо, куфрдун дал өзү. Обама үчүн аны христиан кабыл алабы, же мусулман кабыл алабы, мунун айырмасы жок. Анткени, демократия бирер динге тиешелүү эмес, ал мабдаъ (система). Ислам болсо мабдаъ болушу менен бирге дин болуп дагы эсептелет т.а. дүйнөдөгү жападан жалгыз илахий система болуп эсептелет. Экөөнүн ортосундагы согушка бирер илахий же илахий эмес диндердин эч кандай алакасы жок. Демек, Обама издеп жаткан, ал чакырып жаткан демократия тарапкечтеринин, диндери, улуттары, расалары, ал тургай, пайгамбар тукуму болушунун айырмасы жок, алар дин душмандары!

Обама өтө айлакердик менен ИШИМди кара кылып, Сауддар сыяктуу кээ бир малайларынын жардам сурашы үчүн шарт түзө алды. Бирок, мусулмандардын башына түшүп жаткан бардык мусибаттар, ошону менен бирге бири-бирин кыргын кылуусу да, куфр тарабынан – биздин исламий саясатыбызды түшүнбөгөнүбүздүн же аны тан албаганыбыздын натыйжасында – өзүнүн саясатын бизге тыгыштырып алгындыгынан болууда. Көӊүл буруп жаткан болсоӊуз, АКШ биздин колубуз менен Иракты үчкө бөлүүдө, ал эми Сириядан Россия, Кытай ал тургай Иран сыяктуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын сүрүп чыгарууда пайдаланууда. Ооба, ушул куфрдун ыпылас иштерине биз мусулмандар бири-бирибизди кыруу менен, каралоо, куфрга чыгаруу…. менен жардам берип келе жатабыз. Биздин бул аракеттерибиз Ислам жана мусулмандар үчүн бирер пайда алып келбеди. Биз эл аралык системанын оюн талаасында, анын мыйзам-эрежелери менен ойноодон баш тартып, өзүбүздүн Ислам системасынын мыйзамдарын киргизип, ушул мыйзамдар негизинде иштерибизди ажырым кылбасак,  качан болсо жеӊиле беребиз.  Эми болсо, ыпылас куфрдун чоӊдору, “бул мусулмандар биз болбосок тынчый албайт” деп биздин арабыздагы чыккынчыларды ушуга кол койдуруп, куфр дүйнөсү менен коалиция түзүп, мусулмандар аралык душмандыктар өчүп калбасын үчүн аларды бирге аракет кылдырмакчы. Бул кечирилбей турган кыянат болушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here