НАТО ТҮРКИЯДА АСКЕРИЙ МАШЫГУУ ӨТКӨРӨТ

276
0

НАТОго мүчө болгон жана андан башка бир нече мамлекеттер 20-октябрдан баштап төрт күн бою аскерий машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу Түркия башкы штаб башкармалыгы жарыя кылды. Аскерий машыгуу Түркияда өтөт. Машыгуу Стамбулдагы аскерий окуу борборунда өткөрүлүшү белгиленген.

Башкы штаб башкармасынын интернет баракчасынан орун алган маалыматка ылайык, 20-24-октябрь күндөрү аралыгында өткөрүлүшү пландаштырылган аймактык машыгууга Азербайжан, Македония, Босния, Сербия, Казакстан, Черногория, Молдавия, Иордания, Украина, Мавритания, Алжир жана Пакистан катышат. Бул машыгуудан НАТОго мүчө мамлекеттерди аскерий жактан бышыктыруу жана кызматташтыкта аракет кылуу жөндөмүн күчөтүү көздөлгөн.

Түркиядан 84, башка өлкөлөрдөн 48 жана НАТО штабынан 11 жөндөмдүү жетекчилер катыша турган машыгууну НАТО штабынан Непал ортоктош күчтөрү командачылыгы, Измир командачылыгы жана 3-корпус командачылыгы колдоп турат.

Туркистон:

АКШ Түркияны Шам региондоруна аскер тартып бастырып кирүүгө үндөп жатат. Куфрдун планы боюнча Сирия проблемасына аралашуусу, түрк өкмөтүнүн НАТОго кошулуудан кийинки өтө чоӊ каталарынын бири болот. Бирок, аралашуудан бүтүндөй кутула албайт. Түркиянын алдында эки жол турат. Бири учурдагы куфр системасынын кол астында анын кызыкчылыктарын коргоп, ал сызып берген багыт боюнча жүрүү. Экинчиси, Шаръий өкүмгө ылайык Аллахтын ыраазылыгын издеп, Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгын көздөп о.э. алардын коргоосу астында, эки дүйнөнүн бактылуулугун көздөй жүрүү. Аралашпай туруунун өзү да куфрдун кызыкчылыгынан. Бул нерсе азыр түрк элинин жана алар бийликти тапшырган өкмөт өкүлдөрүнүн, өзгөчө, Эрдагандын ыйманына байланыштуу болуп турат. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here