Мунзир Халумдун макаласына раддия

273
0

«Арабийюл Жадид» сайты Мунзир Халумдун «Россияда тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир… издөөдө»  деген макаласын басып чыкты. Макала профессионалдык журналистика өлчөөлөрүнөн бүтүндөй алыс жазылган. Макаланын автору жалгандарды жан үрөп таратуу жолун карманган. Акыйкатта болсо, бул жалгандар бир да кишинин ишенимине татыбайт. Айрыкча, маалыматтар жана интернет кылымында жашап жактаныбыз үчүн бул жалгандарды адамдарга ишендирүү мүмкүн эмес. Азыркы учурда кызыккан адам ар кандай сөздү жана жалган жалааны тактап, курулай доомат экенин аныктап чыгышы мүмкүн!

Ушунусу анык, автор «kaspiyanja.org» электрондук сайтынан алган «Казакстандагы коопсуздук иштери боюнча эксперт Виктор Михайловдун» сөздөрүнүн акыйкат же жалган экенин издебеген. Акыйкатта болсо, бул эксперт Хизб-ут-Тахрир жана анын мүчөлөрү жөнүндө доомат жана жалган жалааларды маалымдаган. Автор Виктор Михайловдун «Хизб Сирияга жиберүү үчүн террорчу топторго согушкерлерди жалдоо менен алектенген террорчу уюм» деген жалганын жөн гана кабыл алган… Акыйкатта болсо, Хизб Расулуллах Aдын тарыйкатын бекем карманганы үчүн өзүнүн тарыхында эч кандай материалдык иш-аракет менен алектенбеген, жалаң гана пикирий жана саясий күрөш жолун карманган.

Бул болсо бизди ушундай суроо салууга үндөйт: эмнеге «Арабийюл Жадид» сайты маалымдап жаткан кабарынын чындыгын аныктабастан Хизб-ут-Тахрирге каршы жалган жалааларды жан үрөп таратууга салым кошууга ыраазы болууда?!

Эгер, бул автор жөнөкөй изилдөө өткөргөндө орус федералдык соту 2003-жылы 14-февралда Хизб-ут-Тахрирге тыюу салуу жөнүндө чыгарган токтому эч кандай мыйзамдуу негизге таянбаганын албетте билип алмак. Муну бир нече укук коргоо борборлору, алардын катарында, алардын эң маанилүүлөрүнүн бири Москвадагы «Мемориал» адам укуктарын коргоо борбору да ачыктаган. Биз 2013-жылы 9-октябрда Киевде басма сөз конференциясын өткөрүп, орус сталиндик режиминин жалган-жалааларын о.э. бул режимдин Хизб-ут-Тахрир жана анын мүчөлөрүнө гана эмес, Ислам менен мусулмандарга каршы алып барып жаткан репрессиячыл аракеттерин ачыктап, толук далилдеп бергенбиз. Ошондуктан, ким акыйкатты билмекчи болсо, эч бир кыйынчылык жок, ал болуп жаткан нерселердин акыйкатын билүү үчүн биз менен байланышса жетиштүү… Путиндин сталиндик адилетсиз сотторунун зулуму абдан күчөдү, акыбетте, бул соттор «Сахих Бухарий», «Хиснул муслим» жана «Арбаъина Нававийя» китептерин тыюу салынган экстремисттик материалдар деп токтом чыгарды. Жада калса, Куръани Каримге тыюу салууга чейин барышты!

Крым басып алгандан кийин Путин режими үч жүздөн ашуун китептерге, китепчелерге жана Исламий аудио-видео материалдарга тыюк салды, коопсуздук кызматы Крымдагы көптөгөн Исламий сакафий жана таълим борборлорунда жана мечиттерде тыюу салынган материалдарды – «экстремизм жана терроризмге үндөгөн материалдар» деген шылтоо менен конфискация кылуу максатында – тинтип издөө операцияларын өткөрдү…

Бул раддияда Путин режиминин кылмыштарынын тизмесин көрсөтүп өтүү мүмкүн эмес. Бул режим чуулгандуу репрессия доорундагы Сталин режиминен да өтүп кетти… Ошондуктан, биз бул орунда маалымат каражаттарынан жалгандарды жан үрөп таратууда бул режимге шерик болбоону талап кылабыз. Биздин басма сөз бөлүмдөрүбүз дүйнө бойлоп жайылган, алардын даректери маалым, ошондуктан, акыйкатты билмекчи болгон жана маалымат таратууда калыс профессионалдык өлчөөлөргө моюн сунмакчы болгон киши бул маалымат кеңселери менен байланышуусу мүмкүн. Антпесе, алар Путин режиминин кылмыштарына шерик болуп калат.

Хизб-ут-Тахрирге келсек, ал аскадай бекем, аны жардамсыз таштап койгондор да, ага жалган жалаа жаап жаткандар да ага зыян жеткире алышпайт. Бул кек-душмандыкка толо ыкмалар Хизб мүчөлөрүнүн Аллах Субханаху ва Таала ыраазы боло турган нерсени бекем кармануу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык тикеленип жарыя кылынмайынча – бул  болсо, Аллахка таптакыр кыйын эмес – аракетти уланта берүү туурасындагы эркин дагы да бекемдейт…

Биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, бул жолдо үстөм болуу же бул жолдо курман болуу жөнүндө Аллахка убада бергенбиз.

«Албетте мумин жана муминаларды фитнага салып, (бул кылмыштарынан) тообо кылбаган кимселер үчүн жаханнам азабы бар жана алар үчүн от азабы бар!»            [85:10]

 Усман Баххаш

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

Дарек: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабатПочта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрон почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here