«Московский Комсомолец в Нижнем Новгороде» гезитинде басылып чыккан маалыматтардын жалганын ачыктоо

266
0

2014-жылы 16-октябрь күнү «Московский Комсомолец в Нижнем Новгороде» гезитинде Нижегородск облусунун соту төрт тажикстандык жаранга каршы сот ишин баштаганы туурасында кабар басылып чыкты. Орус тилинде басылып чыккан бул гезитте тергөө иши негизинде «бул жигиттер исламий Хизб-ут-Тахрир экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнөн болуп, Нижний Новгороддогу ири соода борборлорунда террорчулук жасоого даярдык күрөшкөн», деп кабарланган.

Эске сала кетмекчибиз, «ИТАР-ТАСС» маалымат агенттиги 2013-жылы 28-майда Россия ички иштер министрлиги Приволжск региону башкармасына шилтеме жасап Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү деген күмөн менен бир нече киши камакка алынганы жана алар террористтик иш-аракет жасоого даярдык көрүшкөнү туурасында кабарлаган. Биз бул жагдайга карата 2013-жылы 5-июнда басылып чыккан басма сөз баянатыбызда мындай түшүндүрмө бергенбиз: «Атайын күчтөр Хизбге эч кандай тиешеси болбогон бир нече катардагы мигрант жумушчуларга ок-дары салып коюп, кийин аларды хизб мүчөлөрү деп маалымдаган».

Дагы бир жолу расмий түрдө баса белгилейбиз, Нижний Новгороддо терроризмге байланышы бар деген айып менен камакка алынган ошол жигиттер Хизбут-Тахрир мүчөлөрү эмес. Андан тышкары, Россия атайын күчтөрү катардагы мигранттарга ок-дары сактоо жана Хизб-ут-Тахрирге мүчө сыяктуу жалган айыптарды тиркеп ачыктан-ачык доомат жана жалган жалаа жаап жатышат. О.э. алар жалган кабар берип, тажикстандык жумушчулардын тагдырын, урматын тебелеп-тепсеп Хизб-ут-Тахрирди жаманатты кылууга жана өздөрүнүн кылмыштарын актоого урунушууда.

Хизб бүткүл дүйнөгө саясий хизб катары гана таанылганы үчүн, террорчулук же зомбулук иштерине эч бир мүчөсүнүн тиешеси жок болгону үчүн атайын күчтөр мына ушундай ыплас кылмыштарга барышууда. Муну ушул аптада Татарстанда Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн үйлөрүндө өткөрүлгөн тинтүү иш-аракеттери да жаркын көрсөтүп турат. Атайын күчтөр жана маалымат каражаттары тарабынан көрсөтүлгөн видеолордо куралданган атайын күчтөр куралсыз катардагы мусулмандардан Хизб-ут-Тахрирге алакадар болгон жана алакадар болбогон исламий адабияттарды тартып алып жатышканы көрсөтүлгөн. Жада калса, бул видеолордо катар терип коюлган диний китептердин арасында жаш балдардын татарча «Алиппе» китеби да көзгө урунат.

Мындай провокацияларга карабастан, биз саясий хизб боюнча калабыз, тынч жол менен жана зомбулукка барбастан даъват алып барууну талап кылган Набий Aдын жолун бекем улантабыз. Хизбдин максат жана каражаттары жөнүндө кенен маалымат алууну каалагандар Хиздин www.hizb-russia.infoсайтына кайрылуусу мүмкүн.

Шек-күмөнсүз, бизди терроризм, экстремизм жана диний жаңжалды козгоо сыяктуу кылмыштарда айыптап жаткан Россия атайын күчтөрү өздөрү ушул кылмыштарды жасап жатышат. Хизб-ут-Тахрир дүйнө бойлоп пикирий аракети менен таанылып жаткан болсо, Россия атайын күчтөрү дүйнө бойлоп өзүнүн ыплас кылмыштары менен таанылууда.

Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

إِنَّ اللَّهَ مَعَ الَّذِينَ اتَّقَوا وَّالَّذِينَ هُم مُّحْسِنُونَ

«Албетте, Аллах таква болгон жана чырайлуу амалдарды кылган заттар менен бирге»        [16:128]

 Хизб-ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы басма сөз бөлүмү: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here