МЕДВЕДЕВ: АКШ АСАДДЫН КЕТИШИН КААЛАБАЙТ

245
0

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев шаршемби күнү берген билдирүүсүндө Америка Кошмо Штаттары Сирия президенти Башар Асаддын президенттиктен кетишин катуу талап кылбагандыгын жана Дамаск менен башка-башка алака орнотууга аракет кылып келгендигин ачыктады.

“Туурасын айтыш керек болсо, Кошмо Штаттар Асаддын президенттиктен кетишин каалабайт. Кааламак тургай, Сирия режими менен башка-башка алака орнотууга аракет кылып келүүдө”, – деди Медведев CNBC телеканалына берген интервьюсунда.

Россия премьер-министри ИШИМге каршы күрөш деген аталышта Сириядагы террорчу (Исламий) топторго каршы күрөш жаатында боло турган талкуулар Сирия өкмөтүнүн катышуусунда ишке ашырылышы керектигине басым жасады.

Дмитрий Медведев: “Эгерде мындай аракеттерди ишке ашыруу керек болсо, анда кызматташтыкта бир позицияда болушубуз керек. Сирия өкмөтү мына ушундай жол аркылуу мыйзамдуулугун сактап калышы мүмкүн”, “Бул пикирди кээ бирөөлөр тастыктабашы же Башар Асадды жактырбашы, ал тургай анын кулашын көрүүнү каалашы мүмкүн. А бирок, Сирия өкмөтү Сирия калкынын эгемендүүлүгүн жүзөгө чыгаруучу бирден-бир фактор. Асаддын кетиши же кетпеши талкуу кылынып жатканда, бул фактор эстен чыкпашы керек”, – деди.

Сирияда козголоң башталгандан бери Россия Асадды ачык эле колдоп келе жаткан болсо, АКШ аны парда артынан туруп колдоп кубаттап келе жатканы жашыруун эмес. А бирок, оозу менен Асад режимин каралап, анын отставкасын талап кылып келүүдө. Бул болсо, АКШнын эки жүздүү саясатынан кабар берет.

Туркистон:

Ооба, Россия эми Асад жана Сириядан үмүтүн үзгөн окшойт. Ал Шам өлкөлөрүндө жүрүп жаткан саясий драммалык спектаклдардын чыныгы режисёру АКШ экендигин, Россия бул оюнда катардагы бир аткаруучу болгонун моюнга алууда. Асаддын таасир кубаты дээрлик нөлгө барабар болуп калды. Демек, Россия да Сирия окуяларынан куржалак чыкты. АКШ Россияны Асаддын алдына коюп алып, анын бардык ыпылас иштерине шерик кылды. Медведевдин билдирүүсүнөн, Сирия проблемасында Россия өтө чоӊ тарыхий ката кетиргендигин моюнга алуу мааниси көрүнүп турат.

Хизбут-Тахрир Россияны бул проблемалар башталган алгачкы күндөн баштап эле эскерткен болчу. “АКШ Асад менен шерик, ал Россия жана Иранды өз кызыкчылыктары жолунда иштетип келүүдө, Россия мусулмандарды кыргын кылууда Асадга шерик болуп, өтө чоӊ ката кетирүүдө” деген маанидеги билдирүүлөр көп айтылды. Бирок, Россия кулак салбады.

Эми Россия ички саясатында да мусулмандарга каршы күрөштөрүн өтө копол ыкмалар аркылуу жүргүзүү менен, аны бөлүп таштоо операциясын ийгиликтүү ишке ашыруусу үчүн АКШга дагы ыӊгайлуу шартарды түзүп берүүдө. Буларды ал атайылап кылып жатабы, же Путиндин режиминин саясий сокурдугу мененби, айырмасыз, натыйжа муну менен өзгөрбөйт. Себеби, Ислам жана мусулмандар Россиянын негизги кубаты, же өтө чоӊ проблемасы. Путиндин планы ушул кубатты өзү үчүн өтө чоӊ проблемага айландырып алууда. Бул сөздөрүбүзгө Кавказ жана Татарстандагы бүгүнкү абал далил боло алат. Мындан тышкары, Россия өзүнө көз каранды болгон бардык тышкы аймактарды да Ислам жана мусулмандарды куугунтуктоого үндөп, маселени ого бетер курчутуп келүүдө. Буга Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер мисал боло алышат.

Эгерде Россия мусулмандарга каршы саясатын өзгөртпөсө, жакында Медведевге дагы жогорудагы сыяктуу жаӊы каталарын моюнга алган билдирүүлөрдү берүү милдети жүктөлө берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here