Кыргызстанда кимдин кызыкчылыгы үчүн мусулмандар менен бийликтин мамилеси кескиндешти?

254
0

Кыргызстан режими соңку кездерде мусулмандарга каршы бир катар кооптуу аракеттерге барды. Оболу, сакал жана хижабды кемсинтүү сыяктуу ыкмалар менен мусулмандарга каршы согуш баштады, бирок, Кыргызстанда исламий аң-сезим чөйрөсү кеңири жайылгандыктан бул планын ишке ашыра албады. Натыйжада, адамдар ортосундагы ушул аң-сезимге каршы күрөшүү механизмин иштеп чыгуу зарыл деген жыйынтыкка келди. Учурда бийлик бул ишти түрдүү багыттарда алып барууда. Мисалы, улутчулдукка негизделген «Теңирчилик» сыяктуу куфр кыймылдарынын жайылышына ыңгайлуу чөйрө жаратып берди. Телевидениеде атайын программаларды иштеп чыгып, «Таблиг» жамаатынын жана Расулуллах Aдын Сүннөтүн тирилтүүгө аракет кылган бир канча даъватчылардын Исламга даъват кылуу ыкмаларын, кийимдерин сынга алышты. Кийин даъватты жеткирип жаткан аялдарыбызды жана кыздарыбызды камакка алууну баштады. Мектепке бутпарастар тамгасы жабыштырылган «формаларды» тыгыштырып, бардык окуучуларга мажбурдуу түрдө кийдирүүгө урунушту. Чамасы, бул, атайын уюштурулган көрүнөт. Алар мусулмандардын мындай кийим кийүүгө таптакыр макул болбошун жакшы билишет. Режим мындай иш-аракеттерден «муътадилдер» жана «экстремисттер» деп, мусулмандар ортосунда жаңжал жана чыр-чатактар келип чыгышына чөйрө жаратууну көздөйт. Бирок, ал Исламдын чыныгы баалуулуктарын алган кишилердин акылдарына таасир өткөрө албады, алигече турмушубузга өзүнүн багытын зордоп киргизе алган жок.

Кыргыз бийлиги бул жана башка аракеттери пайда алып келбешин көргөн соң, айрым чет элдик таасирдүү күчтөрдүн басымы астында өзбек жана орус режимдеринин ыкмасына таянып Ислам жана мусулмандарга каршы согушка киришти, Диляр Жумабаевди камакка алууну иштеп чыгышты.

Диляр Хизб-ут-Тахрир мүчөсү катары Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Орто Азияда таанылган. Ал Хизб тарыхында биринчи болуп расмий түрдө «Аң-сезим» телерадиокомпаниясын ачкан. Анын бийликтин калкка каршы фитналарын ачыкка чыгарган көрсөтүүлөрүн кыргыздар менен өзбектер бир нече ай көрүшкөн. Бийлик бул станциянын даңкы көтөрүлүп бара жатканын көрүп, станцияга түрдүү басымдар өткөрө баштады, боордошубуз Дилярдын радиодогу уктурууларына аста-секин тыюу сала баштады. Ошого карабастан, Диляр жаңы-жаңы ыкмалар менен Үммөт кызыкчылыктарын коргоо жолунда күрөшүн улантты.

Мисалы, төрөт үйлөрүндө эркек дарыгерлер иштей баштаганда, буга биринчи болуп Диляр каршы чыкты. Ошондо орган кызматкерлери аны чакырышып: «Эми, биз бир да аял жолдошу уруксат бермейин эркек акушердин алдына барбай турган кылабыз», деген сөздөрдү айтышты. Диляр болсо: «Бул нерсе Аллахтын шариятында арам экендиги жана биз ушуга моюн сунуубуз шарттыгы үчүн гана мен буга каршымын, ошондуктан эркектер төрөт үйлөрүндө иштебеши керек», деген. Акыбетте, ошондой болду.

Биз Дилярдын алып барган изилдөөсү натыйжасында ушуну түшүнүп жеткенбиз, Кыргызстанда үлкөн электр энергиясы иштелип чыгышына карабастан, адамдар оор кыйынчылыкта жашап жатат. Диляр электр өткөргүч жабдыктарын сатып алуу жана аларды оңдоп-түзөө иштери үчүн – негизи, бул нерселер мамлекеттин вазыйпасына кирет – адамдардан каражат өндүрүү сыяктуу бийликтегилер адаттанып калган иштерге каршы олуттуу күрөш алып барды. Ага ушул күрөшүн токтотуусу үчүн бир миллион кыргыз сомун сунушташты, ал болсо, алардын мындай пара сунуштоо кылмыштарын телевидениеде ачыккка чыгарды. Акыйкатта болсо, ал жана үй-бүлөсү финансылык жактан оор абалда экендиги баарына маалым эле. Ошондо ага каршы мамлекеттик деңгээлде күрөш башталды. Анткени, ал адамдардын проблемаларына жана кыйынчылыктарына өлкөдө кеңири жайылган коррупция себепчи экенин ачыктаган. Аны жасалма айыптоолор менен кысымга ала башташты. Ага карабастан, Диляр күрөшүн токтотпой, бийликтен эски электр бөлүштүргүчтөрүн жаңылап берүүнү, бул үчүн адамдардан акча албоону бекем талап кылды. Бийликтегилер болсо Дилярдын үй-бүлөсүн түрдүү шылтоолор менен эки жыл электр эенергиясыз калтырышты. Кошуналары анын үй-бүлөсүн өздөрүнүн эсебинен электр энергиясы менен камсыздап турушту, мунун акыбетинде коңшулары да эскертүүлөрдү алышты. Ошого карабастан, Дилярды кезектешип электр менен камсыздоону токтотушкан жок, анткени Диляр эл уулуна айланган эле.

Режим Дилярды камакка алуу үчүн себеп тапты. Бирок, Диляр өзүнүн саясий аракетин камакта да улантты. Ал камактагы абалды мыйзам алкагына кайтарууну, гигиена шарттарын оңдоону, туткундарга берилип жаткан жеп болгус жаман азык-оокаттарды жакшылоону талап кылды. Негизи, Дилярга ансыз деле камак тышынан азык-оокат жеткирилип турган жана камак тамагына муктаждыгы жок эле.

Диляр менен бирге олтурган туткундардын айтымында, ал бир нече жолу кыйноолорго салынган, бирок өз пикиринде бекем турган. Бир күнү камак башчысы анын алдына кирип: «Мындай иш-аракеттериңди токтотсоң, берешен азык-оокат менен камсыздап беремин», дейт. Диляр болсо: «Эгер, сен айткан шартты мага гана эмес, бардык туткундарга камсыздап берсең, ошондо бул аракеттеримди токтотушум мүмкүн», деп жооп берет. Ошондо аны «өзгөчө камерага» которушуп, ийне сайышып, кандайдыр бир дары менен уулашат. Ал төрт күн кыймылдай албай жатат, ага эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөйт, жалгыз Аллах Рохманур Рохимдин уруксаты менен гана тирүү калат.

Бийликтин Дилярга өткөргөн басымдары анын аракетин таптакыр токтото албады. Диляр бийликтин бирер мусулманды камакка алуу үчүн өткөргөн ар бир аракетин тергеп-тескөөсүз өткөрүп жиберген эмес. Ал кол куушуруп турбаган, камерасын көтөрүп алып ар кандай тоскоолдукту жарып өтүп, камакка алуу үчүн келгендердин тинтүү же башка аракеттерин ар бирин кылдат күзөтүп, аларга адаттанып калышкан жасалма «буюмдата далил» таштап коюуларына мүмкүнчүлүк бербеген.

Ооба, Диляр көптөгөн мусулманды камактан куткарып калган жана адамдарга проблемаларын чечүүгө абдан көп жардам берген, адамдар да бийлик тарабынан мыйзамсыз салыктар жүктөө, жалган үлкөн айып пул салуулар сыяктуу кыйынчылыктары о.э. газ жана электр менен байланыштуу проблемалары менен ага кайрыла турган болуп калышкан.

Мына, режим 2014-жылы 13-сентябрда Дилярды камакка алууну чечти.

Диляр камакка алынышынан бир нече күн мурун үйү күзөтүүгө алынганын сезип калат, жада калса, орус улутундагы шектүү кимселерди кармап алып, милиция башкармасына тапшырат. Башкарма жетекчиси болсо аларды коё берип, Дилярга ачык эле: «Мени туура түшүн», дейт. Алар Дилярды камакка алуу ишинин канчалык олуттуулугун билишкен.

13-сентябрь саат алтылар чамасында Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Кызматынын адамдары анын үйүн курчоого алышат. Башына чүмбөт кийген, автоматтар менен куралданган атайын коопсуздук күчтөрү дарбаза үстүнөн ашып өтүшөт, Диляр алардан үй-бүлө мүчөлөрүнүн кийинип алышы үчүн убакыт беришин талап кылышына карабастан үйгө бастырып киришет. Диляр бул мыйзам бузуудан шашып аялын коргоого киришет, бирок, алардын жырткыч таяктоолоруна, тепкилөөлөрүнө дуушар болот…

Ызы-чууну угуп, Дилярды коргоо үчүн жергиликтүү аксакалдар менен мечиттеги кишилер келет, бирок атайын күчтөр автоматтары менен аларды түртүп короодон чыгарышып, эч кимди киргизбей дарбазаны ичкериден жаап алышат. Адамдар чогула баштайт, ошондо коопсуздук күчтөрү абал кооптуу түс алып бара жатканын түшүнүп, короонун курчоосун бекемдөө үчүн башкармадан кошумча күчтөрдү чакырышат…

Дилярдын үйүндө өткөрүлгөн тинтүү жана сурактар алты саатка созулду. Адамдар Дилярды сөз менен болсо да коргоо максатында анын үйүнүн сыртында чогулуп, алардын саны барган сайын көбөйдү…

Эй Кыргызстан мусулмандары!!!

Силерди уурдап кетишүүдө! Алар силерди беймарал талап-тоноо жана элиңердин байлыктарын сатып жиберүү үчүн о.э. балдарыңарды арзан жумушчу күчүнө айлантуу максатында силердин кызыкчылыгыңарды коргоп жаткан Диляр сыяктуу жолтоо болуп турган адамдарды жок кылышмакчы. Муну ишке ашыруу үчүн Өзбекстандын жолун карманып, түрдүү аталыштарда мусулмандардын биримдигин бөлүү үчүн саткын имам-хатибдерди жана дин кызматкерлерин ишке салышууда.

Өзбекстанда Каримов 16-февраль окуяларын иштеп чыгып, бул иште мусулмандарды айыптады. Ал эми, Кыргызстанда – силер, мусулмандар билип алгыла – мусулмандар тарабынан элге эч кандай коркунуч жок. Эгер, катардагы адамдар үчүн бирер коркунуч пайда болсо, мунун артында албетте кафирлер турган болот.

Ошондуктан, баарыбыздын коопсуздугубуз жана биримдигибиз үчүн биз силерди өлкөдө болуп жаткан окуяларга таасир өткөрүүгө чакырабыз. Бул болсо силерден алданбоону, калыстыкты, адал жана арам негизиндеги ыйманий чөйрөнү карманууну талап кылат.

Хизб-ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

 

Расмий сайт: https://hizb-turkiston.net

Электрондук почта: webmaster@hizb-turkiston.net

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here