“ГАЗПРОМ”ДУН ЖЕТЕКЧИСИ ДАГЫ КАЙРАДАН КЫРГЫЗСТАНДА

284
0

8-сентябрь күнү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы резиденциясында Россиянын “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллерди кабыл алды.

Жолугушууда “Газпром”дун Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо туурасындагы ишмердүүлүгү талкууланды. Миллер президент Атамбаевге Кыргызстандын энергетика секторун өнүктүрүү боюнча пландары жөнүндө кеӊири маалымат берди.

Туркистон:

Эскертип өтөбүз, акыркы изилдөөлөрдүн натыйжасы боюнча Кыргызстан аймагында жаратылыш газынын запасы 6 миллиард кубга барабар экендиги белгилүү болгон. Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан жана инфраструктурасы жакшы өнүкпөгөндүктөн жыл бою болгону 22 млн куб жаратылыш газын өндүрө алат. Керектөөгө болсо ар жылы 300 куб газ талап кылынат.

2003-жылы Кыргызстан менен Россия ортосунда газ тармагында кызматташуу боюнча бир нече келишимдерге кол коюлган. 2006-жылы ушул тармакта биргелешкен кыргыз-орус ишканаларын түзүү туурасындагы меморандумга кол коюлган. Ошол жылдан баштап ОАО “Газпром нефть Азия” биргелешкен ишканасы ачылды. Учурда бул ишкана Кыргызстанды жанылгы менен камсыздоодо алдыӊкы орунда турат. Кыргызстандагы күйүүчү май куюучу станциялардын 108ден ашууну ага тиешелүү. 2008-жылга келип “Газпром” “Көгарт” жана “Чыгыш Майлысуу 4” бөлүмдөрүндө ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алды.

2013-жылы декабрь айында президент А. Атамбаев “Кыргыгазды” “Газпромго” 1 долларга сатуу туурасындагы мыйзамга кол койду. Келишимге ылайык, “Кыргыгаз” өзүнө тийиштүү болгон жер астындагы газ сактоочу кампалары, газ жеткирүүчү түтүктөрү, бардык имарат ишканалары жана газ бөлүп берүүчү тармактары менен, кыскасы 100 пайыз “Газпром”дун ыктыярына өтөт. “Кыргыгаз” бүтүндөй иш жүргүзүү апараты менен келишим күчүнө кирген күндөн баштап Кыргызстандан бөлүнүп “Газпром”дун колуна өтүп иштей баштайт.

Бул келишимге ылайык, Россия тарап Кыргызстан элине газ сатууда инфраструктурасын ремонттоо же өнүктүрүү үчүн 5 жылдын ичинде 20 миллиард рубль инвестиция жаткырат.

   Бүгүнкү күнгө келип, жогорудагы түзүлгөн келишимдер да, калгандары сыяктуу эле, эки мамлекеттин саясий мамилелерине байланып калды. Мамилелер болсо бир гана Россия тарабынан багытталат. Кыргызстан тарабы болсо, саясий күтүүлөргө таасир өткөрүүгө да, келишимдердеги шарттарды талап кылууга да кудуреттүү эмес. Демек, бул долбоордун да ишке ашып башташы Россия кызыкчылыктарынын Кыргызстан тарабынан аткарылышына байланыштуу. Россиянын талаптары болсо, кыргыз жетекчилерин бийликте сактап калышы мүмкүн, бирок Кыргызстандын эли үчүн өтө чоӊ кыйынчылыктарды алып келет. Мисалы, Кумтөр маселесинен кутула албай жатканыбыз, эл аралык банктагы өтө чоӊ карыздардын акысына кетип жаткан проценттерден кутула албай жатканыбыз….. кыскасы, ушулардын бардыгы азыркы Россиянын басымы сыяктуу басымдар аркылуу же бийликти пара берип сатып алуу аркылуу ишке ашырылган. Кыргызстандын жетекчилери бизге айласыз абалдарды аргумент кылып көрсөтүшөт. Бирок, ушул абалдар да кызыкдар мамлекеттер менен келишилген абалда өздөрү тараптан атайылап уюштурулгандыгын жашырууга аракеттенишет.

Хизбут-Тахрир сыяктуу куфр системасынан тышкарыда чечим бере ала турган исламий, саясий Мабдаъий кыймылдарга болсо эл аралык куфр коомдордун материалдык колдоосу аркылуу басым өткөрүп, чыныгы чечим булактарын жабууга катуу аракеттенишет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here