Дарыгер Исмаилдин жубайы Ислам аты менен түзүлгөн Пакистан режиминин коопсуздук кызматынын кылмыштарын кескин каралайт

297
0

Бүгүн дарыгер шейх Исмаилдин жубайы Мунира Пакистан Жогорку сотунун адвокаты Умар Хаят Синду менен биргеликте Карачи-Синддеги клубда басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйында адвокат Умар Хаят маалымат каражаттарына дарыгер шейх Исмаилдин кантип уурдалганын кеңири ачыктап, шейх Исмаилдин сот ишин кабардар кылды.

Дарыгер шейх Исмаил ушул жылдын 18-апрель күнү эртең менен саат 9:30да үйүнөн чыгып бара жатканда Рахил-Наваз режиминин карамүртөз кызматкерлери тарабынан уурдалган. Ошол күнү бешимден кийин болжол менен саат 14:00дө полиция машиналарында 12-13 чакты жарандык кийимдеги куралданган кишилер шейхтин үйүнө зордук менен бастырып киришип, шейхтин, анын жубайынын жана кызынын документтерин, шейх жана анын жубайына тиешелүү компьютерди, уюлдук телефондорун, эки автомобилди документтери менен, үй документтерин, акчаларды жана баалуу буюмдарды тартып алышат.

Адвокат мындай дейт: «Мен 2014-жылы 21-апрель күнү №2094 арызды Синд жогорку сотуна тапшырдым жана эртеси сот комитети төрагалыгында соттун биринчи жыйыны болуп өттү. Бирок, режимдин карамүртөз кызматкерлери шейхти кайда кармап турушканын дагы эле айтпады. Алардын бул иштери Пакистан сотун маскаралап жатышканын түшүндүрөт. Бул кызматкерлер шейх Исмаилдин үй-бүлө мүчөлөрүн бир нече ирет коркутуп, басым өткөрүштү. Муну менен алар бул үй-бүлөнү шейхти азат кылуу үчүн алып барып жаткан аракеттеринен баш тартууга мажбурлашмакчы болушту. Алардын бул кылмышы Пакистан коомунун негизги болгон исламий баалулуктарды акаараттоо болуп эсептелет. Мунун үстүнө, Рахил-Наваз режиминин карамүртөздөрү Халифалык коргоочусу шейх Исмаилдин үнүн өчүрүүдөгү бул кылмыштары менен Ислам негизинде түзүлгөн Пакистан үстүнөн күлүшүүдө».

Жыйында шейхтин жубайы жана адвокаты ушуларды баса белгилешти: Шейх Исмаил белгилүү, тажрыйбалуу тиш дарыгери болуп, миңдеген студенттерге жана кардарларга пайдасы тийген. Ал бүткүл өмүрүн Ислам жана Үммөт үчүн арнаган, пикирий жана саясий күрөш жолуна ыйман келтирип, кылмыш эсептелген бир да уюмга аралашпаган. Кийин Мунира айым менен адвокат маалымат каражаттарын, адам укуктары уюмдарын, адвокаттар профсоюзун шейх Исмаилдин кыйынчылыктарын ачыктоого о.э. аны азат кылуу үчүн кесиптик ролдорун аткарууга чакырышып: «Эгер, андай кылбасак, ачык-айкын зулум алдында сүкүт кылган болобуз, акимдер кылмыштарын улантышына жол ачып беребиз», дешти.

«Алардан кудурет жана мактоо ээси болгон Аллахка ыйман келтиришкени үчүн гана өч алышты! Аллах бардык нерсеге күбө!»                                                                          [85:8]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы басма сөз бөлүмү

 

Twitter:https://twitter.com/htmediapak

Facebook: https://www.facebook.com/pages/Naveed-

Butt-Media-Office-HT/116266191744214

e-mail:htmediapak@gmail.com

Webpage: www.hizb-pakistan.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here