Bilal Abu Munsharдын соода малдарына зекет берүүнүн батафсил далилдери туурасындагы суроосуна жооп

257
0

Суроо:

Биз соода малдары зекет берилүүчү нерселер түрүнө киреби же раъй жана ижтихад кылынуучу нерселер түрүнө киреби, ушуну түшүндүрүп берсеӊиз деген элек?

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух!

Соода малдары раъй жана ижтихад түрүнө кирбейт, тескерисинче, бул жаатта «Халифалык мамлекетинде малдар» китебинин 164-бетинде кеӊири далилдер баян кылынган:

Пайда табуу максатында акчадан тышкары сатып алуу жана сатуу аркылуу соода кылынуучу нерселердин бардыгы соода малдары болуп эсептелет. Аларга азык-түлүк, кийим-кече, үй эмеректери, өнөржай товарлары, жандыктар, металдар, жер жана имараттар о.э. булардан башка сатып алынуучу жана сатылуучу нерселер кирет.

Соода кылынуучу малдардан зекет берүү важиб болот. Бул туурасында сахабалар ортосунда ихтилаф жок. Сумара ибн Жундуб: «Амма баъд, Расулуллах A сатуу үчүн даярдалган нерседен садака берүүнү бизге буюрат эле», – деген. Бул хадисти Абу Давуд риваят кылган. Абу Зар Набий Aдан «Базда (кездемеде) садака бар» деп риваят кылган. Бул хадисти Дарукутний жана Байхакий риваят кылган. «Баз»дын мааниси соода кылынуучу мата жана кийимдер. Абу Абид Абу Амра ибн Хаммастан, ал болсо өзүнүн атасынан риваят кылат: Умар ибн Хаттаб алдымдан өтүп бара жатып: Эй Хаммас малыӊдын зекетин өтөгүн, – деди. Мен болсо: Менде мал жок, болгону тери жана саадак бар, – дедим. Умар: Анын баасын чыгарып, андан кийин зекетин бер, – деди. Абдуррахман ибн Абдулкарийден риваят кылынат: Мен Умар ибн Хаттаб заманында байтулмалда аамил элем. Умар байтулмалдан хадя таркатканы чыккан кезде соодагерлердин малдарын чогултат эле, андан кийин алардын ушул жердеги жана башка жердеги малдарын эсептейт эле о.э. башка жердеги малдын зекетин да ушул жердеги малдан алат эле. Бул хадисти Абу Абид риваят кылган. Ибн Умар Gдан да риваят кылынат, ал киши: Соода кылуу көздөлгөн баалуу мата жана базда (кездемеде) зекет бар, – деген.

Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта

6-мухаррам, 1436-х.

 30-октябрь, 2014-м.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here