ИОРДАНИЯДА АСКЕРИЙ МАШЫГУУ БАШТАЛДЫ

265
0

Иорданияда өткөрүлүшү пландаштырылган аскерий машыгууга бир нече мамлекеттерден миңдеген аскерлер катышат. АКШ 6 миң аскер жиберүү ниетинде. Түркия да бул машыгууга өз аскерлерин жиберүүнүн астында турат.

25-майдан 8-июнга чейин уланышы айтылган жана бир нече мамлекеттерден 12500гө жакын  аскерлер катыша турган “Арстан чабуулу” аттуу бул аскерий машыгууга катышуу үчүн АКШ аскерлери Иорданияга карай жолго чыккандыгы айтылууда. Машыгууга Түркия да катышат.

Башкы штаб башкармалыгынын интернет сайтында жарыя кылынышынча, Иорданияда уюштурулган аскерий машыгууга Түркия менен бир катарда Австралия, Бахрейн, Бельгия, Бруней, Бириккен Араб Амирликтери, Чехия республикасы, Франция, Ирак, Англия, Италия, Канада, Катар, Казакстан, Кувейт, Ливан, Мисир, Норвегия, Пакистан, Польша, Сауд Арабиясы өз аскерлери менен катышат.

Аскерий машыгуу жөнүндө чыгарылган билдирүүдө: “Регион тынчтыгына өз салымын кошуу максатында аба, жер жана деӊиз каражаттарын ортоктош аракет абалына келтирип, операцияларды аткара ала турган көрүнүштө машыгуудан өткөрүү көздөлгөн. О.э. бул аскерий машыгуудан көп улуттуу куралдуу күчтөр структурасы аралык кызматташтыкты жана биргеликте аракет кылууну тартипке салуу болжолдонууда”, – деп айтылат.

А бирок, билдирүүдө бул аскерий машыгуу аркылуу жогорудагы мамлекеттер кимге күчүн көрсөтүп коюуну максат кылгандыгы ачыкталбады.

Туркистон:

Бул машыгуулар түпкүлүгүндө аскерий кызыкчылыктарды эмес, тескерисинче хазарий жана саясий кызыкчылыктарды жүзөгө чыгарууну максат кылган. Куфр дүйнөсү Иорданияда эле эмес, бүт дүйнө мусулмандарын рухий жактан алсыратууну максат кылган. Анткени, куфр дүйнөсү идеологиялык жактан Ислам жана мусулмандардан жеӊилди. Эми мусулмандар Ислам идеологиясы айланасында биригүү дооруна келди. Бул болсо, бүт дүйнө бойлоп куфр системасы биринин артынан бири ыргытып жиберилишин түшүндүрөт.

Куфр системасы Сирияда дуушар болгон мабдаий ийгиликсиздигин жашырууга канчалык аракеттенбесин, азырынча саясий ойгоо катмар муну даана түшүнгөн болсо, тездик менен башка катмарларга да жетип барууда. Бул болсо, мусулмандардын Исламды система (мабдаъ) катары кабыл алышын тездетип жиберди. “Араб жазы” деген аталыш менен башталган козголоңдордун эң жетишкен ийгилиги мына ушул чекитте, Инша Аллах.

Аскерий кубат, аны көрсөтүү жана аны менен коркутуу, же бастырып кирүү – булардын бардыгы алсыздыктын белгилери болуп эсептелет. Анткени, эч качан дүйнөнү аскерийлер башкарган эмес. Дүйнөнү албетте бирер система (мабдаъ) башкарып келген. Мына ошол мабдаъий майданда ким жеӊилген болсо, ал кудум мууздалган өгүз сыяктуу, бир топ убакыт тополоӊ кылып, андан кийин тынчып калат.

Бул албетте Аллахтын нусраты, бирок, Халифалык менен Исламдын толук турмушка кайтышынын кечиктирилип жатканы, биз мусулмандардын ага татыктуу болушубузга байланыштуу. Аллах Таала ошол нусратын т.а. бирер өлкөдө Исламий мамлекетти калыптандырууну, мусулмандар Аллахтын арканына Пайгамбар С.А.В.дын сүннөтүнө (тарыйкатына) ылайык байланганга чейин кечиктирет.

Куфр дүйнөсү идеологиялык жактан жеӊилгени менен мусулмандардан болгон малайларынан үмүтүн үзгөн жок. Жогорудагы аскерий аракеттери да ошол Жарба жана аны ээрчип жаткандарга окшогон чыккынчыларын колдоп-кубаттоо максатында болуп жатат. Бирок, алар куфрду ачык колдоп келе жаткандыгы себептүү, Ислам жана мусулмандар алдында кадыр-баркка ээ боло алышпайт. Ошондуктан, куфр дүйнөсү аларга аскерий күчтөрү менен караан болуп турушмакчы. Ушул жерде бир нерсеге көӊүл бурушубуз керек, алар кудум ушул күчтөрү менен Асадга жардам берүүгө батына алышпады. Демек буларга да жардам беришпейт. Болгону, мусулмандарды бири-бири менен убара кылып, чыккынчыларды курал-жарак менен камсыздап турушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here